Ал тынбай жол жүрүп баратты. Аз жол бастыбы, көп жол бастыбы, иши кылып жол жүрүп келатты. Жолдон учуп бараткан карга, кузгундарга жолукту. Канаттуулар андан сурап калды:
– Жол жүргөн жолочум кайсы жакка жол улап бараттың эле?
– Мен кичүү уулма жорго издеп баратам.
– Аның жакшы адамым сен балаңа камкордук кылып чыккан турбайсыңбы талыбай сапар тартып кете бер акыры издегениңи табасың.
Ал жол жүрүп отурду, жол жүрүп отуруп канча жол басканын да билбей калды. Кечүү кечти, жайык аралады, кычыктан айланып өттү, ага жараша күн дагы жакшы болгон жок бирде ысып, бирде каарданып бороон согуп турду. Ата менен анын ат кошчусу талбай жол улап келатты. Ат кошчусунун аты Бакыт эле:
– Бакыт уулум биз издеген атыбызды таба алабызбы?– дейт.
– Табабыз ата, сиздей эл- журтка керектүү белдүү адам турганда сөзсү табабыз,– деп атага ишенимдүү жооп берет.
– Туура айтасың Бакытым мени жанымда ат кошчу болуп Бакыт баратат демек мен издегениме жетем.
Атанын ат кошчусу Бакыт ат кошчу да болуп кетет, жана колдоочусу да болуп кетет. Бакыт атанын артында баратып, бирде жок болуп, бирде бар боло калат. Бирок атаны жалгыз таштабайт, атаны кабалаң ар кандай жаман окуядан колдоп жүрүп отурат. Атаны Бакыт деген колдоочусу өмүр боюу коштоп жүрүп отуруп, анын ушундай өлбөстүккө алып келген.
Алар өздөрү торгойдой аты ыргайдай болуп кетип баратты. Жолдон алар жеерде ат минген улгайып калган ак калпакчан бир адамга жолукту. Биринчи жеерде атчан атага келип салам берди. Ата алик алды.
– Жолочум эмне издеп жол улантып баратасың?
– Үч балам бар эле Кенже балам Шоңкого акбоз жорго издеп баратам.
– Аныңыз жакшы экен балаңызга таалай издеп чыккан адам экенсиз табаарыңызга жакын калыптыр. Ушул жол менен жүрүп отурсаңыз ошого жетесиз,– деп айтып жолочу жол жүрүп көздөн кайым болуп жоголот.
Ата менен ат кошчу Бакыт экөө кетип баратты. Кетип баратты. Канча жол басканын өздөрү да билбей калды.
Алар жүрүп отуруп, үч айрылыш жолго келди. Үч айрылыш жол кычыктан чыгып үч тарапка кеткен экен. Ата менен ат кошчу кайсы жолго түшөөрүн билбей башы маң болуп катып калды. Ата мелтиреп кайсы жолго түшөөрүн билбей телмирип ойго батып карап калды. Бир кезде анын кулагына үн жаңыргандай болду. «Ортоңку жолго түшө көр, ошондо сен издегениңи табасың». Ата ошол жаңырыкты эшитип ортоңку жолго түшкөн экен. Ал ошол жол менен кетип баратты. Кетип баратты. Бакыт атага жылмая карап:
– Ата биз издегенибизге жетип калдык окшойт. Мен Акбоз жоргонун элесин өңүмдө көргөнсүп турам. Ошол Акбоз жоргону сиз жетелеп бараткандай болуп турасыз.
– Айтканың келсин уулум сен Бакыт деген уулумсуң да сени менен бирге кеткен кишинин жолу сөзсүз ачылат жана таалайга жетет.
Алардын өңүндө жылмайган кубаныч бар. Экөө ар кайсы окуяны сүйлөшүп жүрүп отурду. Анан эле алар келатып, бир чоң белден ашкандан кийин укмуштуудай сыйкырдуу чоң өрөөн ачыла келди. Ата менен Бакыт ал өрөөндү карап таң калды. «Биз издеп отуруп ушундай кереметтүү чоң өрөөнгө келдик бизге келечек ачылат» деп ата кубанды. Өрөөндүн ортосунда ала-сала тоодон келген дарыя мелмилдеп агып жатат. Өрөөн малга жык толгон ар кайсы жерде кардай аппак чоң канат боз үйлөр өрөөндү көрктөндүрүп турат. Аймак бүтүндөй ар кандай мөмө берүүчү дарактарга толгон. Бул жерде жапайы жаныбарлар мал менен кошо жайлып жүрөт. Тигинде керемет бугулар оттоп жатат. Ата менен Бакыт бул жомоктогудай көрүнүштү көрүп таң калды.
– Ата биз кайда келгенбиз, бул жер жомоктогудай жер го.
– Балам жаратканым жардам берсе, бизге ушундай тагдыр ыйгарат.
– Ата биз ортодогу жолго түшкөнүбүз сонун болгон экен. Эч бир адашкан эмес экенбиз. Кудай буюрса жолубуз ачылды окшойт.
– Ооба Бакыт балам туура айтасың, бизди да жаратканым энчиден кур койгон эмес экен.
Ата Акбоз жоргосун жорголотуп кетип баратты. Атанын артынан ат кошчусу Бакыт кетип баратат. Бирин экин адамдар жолугуп колун бооруна алып атага салам берип жатты. Ата атын токтотуп, бир ак калпакчан баладан сурады:
– Нарбото байдын үйү ушул өрөөндөбү?
– Ооба ата ал киши тетиги дайранын боюундагы калың бактын арасындагы чоң боз үйдө турат.
Ата менен Бакыт ээрчише ошол жакка кетип баратты. Кереметтү калың бакча, анын ичинде эмне деген гана жер жемиш жок баардыгы бар экен. Тигил жерде алма, алча, жийде, анан иши кылып жер үстүндөгү баардык өсүмдүктөр өсүп турат. Бактын ичинде түркүн жаныбарлар жүрөт. Тигинде маймыл дарактан-даракка секирсе, бул жерде тоту куш адамды туурап отурат. Экөө атчан Нарбото байдын үйүнүн жанына келип аттарын тык токтотту. Жигиттер чуркап келип экөөнүн атын алып үйгө киргизди. Үйдө төрдө ак сакалчан бир карыя отурган экен. Анын жанында топ балдар. Чыктан жакта балпайган бир эне отурат. Беккулу ата карыяга ийлип салам берип анын жанына отурду. Үйдөгү кичинекей балдар сыртка чыгып кетти. Карыя менен ата ар кайсы окуяларды сүйлөшүп отурду. Сырттан бир келин кирип көнөктөн кымыз куюуп меймандарга узатты. Эки карыянын сүйлөшүп отурганы бир топ убакыт болду. Бир кезде Нарбото сүйлөп калды:
– Ко..ш.. Беккулу балам эмне жумуштап келдиң эле?
Александр Сергеевич Королев , Андрей Владимирович Фёдоров , Иван Всеволодович Кошкин , Иван Кошкин , Коллектив авторов , Михаил Ларионович Михайлов
Фантастика / Приключения / Исторические приключения / Славянское фэнтези / Фэнтези / Былины, эпопея / Детективы / Боевики / Сказки народов мира