– Урматтуу карыя менин үч балам бар эле, ошол балдарымын кичүүсү Шоңко деген болот. Ал сиздин жорго чабышка салган Акбоз деген жоргоңуз бар экен ошого менин балам ашык болуп калыптыр.
Шербото эмне деп сүйлөөрүн билбей ойлонуп калды. Үйдүн ичин бир аз тынчтык аралады. Анан бир кезде:
– Жакшы балаңыздын көзүнө менин жоргом түшүп калыптыр.
– Ал мага тынчтык бербей койду Ошентип сиздин Акбоз жоргогуңузду издеп жолго чыктым.
– Ал издеп таап кел десе мен беришим керек. Баланын да самаганы бар эмеспи, балким анын келечегине укум-тукумуна ошол жорго керек болуп жаткандыр. Ал жорго өзүнө эмес анын укум-тукумуна керек болбосун.
Ата укум-тукумуна деген сөздү угуп таң калып калды. «Касиеттү адам эмнени сүйлөп жатат», деп ойлонду. Шербото келинине бир нерсе айтты эле ал сыртка чыгып кетти. Көп өтпөй жылкылардын дүбүртү чыгып, боз үйдүн жанына келип токтошту. Беккулу ата менен касиеттүү Шербото карыя эшикке чыгышты. Сыртта он чакты буудан турган экен. Арасында келишкен куйрук жалы төгүлгөн Акбоз жорго турат. Беккулу ата жаныбарды көрүп сүйүнүп кетти.
– Болуптур касиеттү жоргону сага берейин ат арытып, жол карытып алыс жактан келипсиң,-деди.
Алар кайра үйгө киришти. Жанагы келин аталарга чарага эт тартты Шербото, Беккулу, Бакыт үчөө отуруп эт жей башташты. Досторкондун үстү ар кандай жемиштерге толгон адамдар тамакты көңүлдөнүп ичип жатты. Алар тамак ичип бүтүштү. Анан Беккулу ата төш чөнтөгүнөн ак чүпөрөккө оролгон алтынды алып чыгып Нарботого сунуп жатып:
– Касиеттүүм момуну күлгүгүңүздүн акысы аз да болсо көптөй көрүп алып коюуңуз.
Касиеттүү алтынды көрүп чочуп кетти:
– Кой аны мага көрсөтпө, мен жорго үчүн алтын алсам анда адамга келчү ырыскы, берекке жанып кетет. Бул сага балдарыңа берилген энчи эми ушул энчиңи жоготпой, булгабай таза алып жүрүшүң керек. Тукумуңун ичинен бирөө эле жаратканга шек келтирип жаман жолго барса анда Акбоз жоргонун касиети кетип сынынан тайып жорго болбой жөн эле бир чобур болуп калат. Ошол үчүн жаратканым балаңа Акбоз жорго мингизип жатканда аны касиеттеп күтүп алыш керек. Бул болсо силерге берген жаратканымын бир белеги. Алар тамак ичип бүтүштү. Нарбот акылман бата кылды. Силер касиеттүү Мүйүздүү жэненин тукумусуңар, алардын ичинен Алсейит атанын балдарысыңар, эми сенин атың да чакырылат. Ошол үчүн жаратканым жар болуп силерди колдосун деп сакалы белине жеткен Нарбото карыя өзү бата кылды. Беккулу ата карыяга ыраазы болуп:
– Касиеттүү акылманым батаңызга түбөлүк ыраазымын. Сизди жараткан өзү колдосун,– деп ата терең кубанганын билгизди.
Ошентип Ата менен анын ат кошчусу Бакыт экөө Акбоз жоргону жетелеп жолго түшкөн экен. Алар тынбай түн жүрүп, күн жүрүп отуруп өз жерине жарым ай болот дегенде жете келди. Өз жерине келип ата көп күнгө эс алды. Ат арытып, жол карытып жүрүп аябай чарчап калган окшойт. Андан кийин Акбоз жоргонун башын майлап жылкы союуп, эл чакырып бата алды. Эми Шоңконун жаны тынбай калды басса-турса Акбоз жоргосун айтып, аны минип алып талаа аралап жорголотуп көңүл ачып жүрдү. Өзү дагы эрке талтаң неме эле эми ого бетер эркелиги күчөй баштады. Муну көрүп атанын берки уулдары жини келип көрөлбастык кыла баштады. Айрыкча Бүтөбай өтө жоош эле эчтеке менен иши жок болгон. Эне үчөөнө тең бирдей эле тамак берсе, Шоңко колундагы тамагын жеп жиберип, Бүтөбайдын колундагы тамакты жулуп алып жеп кирчү. Эчтеке менен иши жок Бүтөбай колундагы тамагын жулдуруп ийип ыйлап калчу. Эне жини келип:
– Ой, сен Шоңкодон улуусуң аны чаап жибербейсиңби десе, ыйлап, -Өзү эле тийишип жатат,-дечү экен.
Эне Бүтөбай уулун боштугун көрүп:
– Байкушум кантип оокат кылаар экен эң эле бош араң эле жаны бар, буга тың аял алып бербесе, оокат кыла албайт,– деп кейип калчу.
– Ой, эмнени айтасың баарынан ушул тың болот,– деп кеп салчу экен ата.
Ошентип кой десе болбой убакыт өтүп жатты.
Бир күнү Бүтөбай энесине тырыңдай баштады:
– Мага атам комуз жасатып берсин мен комуз чертем.
Анан эле бир жактан Курумшу тыраңдай баштады:
– Мага атам, жоокер киймин жаа, кылыч, калкан, мылтык сатып берсин,-деп катуу добушу чыкты.
Ата жини келип «Балакет эми башталды ушул Шоңконун шойкоңу эмне кылаар экен чыгарбаганды чыгарып турат,– деп ичинен кеий берди. Ал эки баласына каалаганын таап бербесе болбой алды. Эртеси ата Акбозун жорголото минип Түпкө жөнөдү ал жакта Барак деген белгилүү комузчу бар эле. Ата Баракка жолугуп, өзүнүн келген максатын айта баштады:
– Оо Баке, кандай жакшы турасыңбы?
– Жакшы, жакшы комузуму кылдыратып, мал-салды багып жашоому өткөрүп жатам.
– Ошонуң жакшы, өнөрлүү өлбөйт деген кеп бар эмеспи, өнөрүңү уланта бер, ал да болсо кудай берген ырыскы.
– Менин сенде жумушум бар эле ошого жардам сурап келгем.
– Келгениң жакшы колдон келген иш болсо мен эмнеге аянмак элем.
– Балдар чоңоюп ар өнөргө талпына баштады, бирөө жорго таап бер десе, бирөө комуз жасатып бер дейт, дагы бирөө кылыч калкан таап бер,-деп кыйнайт да турат.
Барак үнүн чыгарып катуу күлдү.
– Балакет башталган тура Бекеми улгайып калганда кыйнап, деги мен эмнеңе жардам берем, жогуңу табышып берейин,– деп каткырды.
Александр Сергеевич Королев , Андрей Владимирович Фёдоров , Иван Всеволодович Кошкин , Иван Кошкин , Коллектив авторов , Михаил Ларионович Михайлов
Фантастика / Приключения / Исторические приключения / Славянское фэнтези / Фэнтези / Былины, эпопея / Детективы / Боевики / Сказки народов мира