Эне бир тынымга токтоп калды да анан сөзүн улантты;– Үчөө аман –эсен чоңойду, үйлөнүп да алышты, эми бала-чакалуу болуп жаманчылыгын көрсөтпөсө болду, журтубуздун саны арбып, тукумубуз көбөйсүн,– деп кудайга жалынып бата тилеп койду. Анан эле эне жанындагы кемпирлерге кой десе болбой дагы сүйлөп кирди,– Ортончу балам Бүтөбай болбоюуп эң эле жоош, эчтеке менен иши жок, барбы, жокпу баарына кайыл. Бирок ата-энесинин тилин аябай алып, биздин сөзүбүздөн чыкпайт. Ал атасын айрыкча жагат. Атасы менен жаны бирге. Ал бүркүт салып, куш агыткан менен ынак жакшы адими кийинип, тайган коё берип ошол иши менен алек. Анан комузга өтө жакын өрүк комуз чертип, кыз келин, элге ырдап берип, ошолордун батасын алганга умтулат. Атасы сыяктуу эч нерсе менен иши жок. Ортончу балам, Шоңко күлүк таптап, ат чыгарып, Камбар Ата тукумуна ынак болуп калды. Күлүк чаап байге алып, ошонусу менен чоң атакка жеткиси келет. Күлүк минип алып, айылдан-айыл аралап, сулуу кыз издеп үрөөнөк иттерди абалатканга маш. Эне айылдагы Кермекаш деген бир куудул келиндин ырын айтып берди:
Шоңшоңдоп унаа желдирип,
Шоңко жигит атын чаап.
Кабанак иттер арт жагынан,
Калбай келет такымдап.
Кара атына камчы уруп,
Каткыра күлүп арылай.
Кара аты желдей учуп,
Кабанак иттер жете албай.
***
Ошол Ысык -Көлдүн чыгыш жагында турганда түштүк тараптан бир белгилүү аттуу, баштуу сынчы келип калат. Беккулу атанын оюу ошол сынчыга кетет. Ал алдыңкы келечегин көп ойлоочу эле. «Үч баламы сындатып көрөйүн, касиеттүү сынчыдан жакшы сөз угаар бекем»– деп, үмүтү асманга жылдызданып учуп туруп алат. Акыры ак боз жоргосун минип чыгып, саруулардын айлында ошол сынчыга жолугат. Сынчыны коштоп жүргөн адамдары менен үйүнө ээрчитип келет. Үйүнө алып келип жакшы коноктоп, эки-үч күнү баштан өткөн окуяларды сүйлөшөт. Акыры сынчыга мындай сөздү жөнөтөт:
– Касиеттү сынчым менин бир өтүнүчүм бар эле үч балам бар ошолордун келечегин сындап бериңиз,-деп кайрылат.
Сынчы бул ойду эчак эле баамдап турган. Ата сыртка чыгып, бир жигитке үч баланы ээрчитип келгин,-дейт.
Көп өтпөй жакшы кийинген үч бала кирип келип сынчыга салам айтып, иреге жакка тизилише отурушат. Алар чай ичип, бир азга турушат да.– Мына булар менин балам,-дейт.
– Буюрса жакшы экен уучуң узарып, бактылуу карыя болот окшойсуң.
– Эмесе сынчым ушулардан кандай жышаан көрүнөт ошону айтып бере аласызбы?
Сынчы балдардыкарап анан бир азга ойлонуп калат да, оң чөнтөгүнөн таза чүпөрөккө оролгон далыны алып чыгып, жана жерге чүкөлөрдү калчап кондурат. Төлгө таштарды алып аны ак чүпөрөккө жаят. Үчөөнүн колундагы бырыштарга көз жүгүртөт. Сынчы үч баланы толук карап бүтүп, анан,– Эми сыртка бара бергиле,-дейт. Үч бала ээрчишип сыртка чыгып кетет.
Анан бир аздан кийин сынчы далыны жана теспени бир карап сырдуу сүйлөй баштайт.
– Үч балаңан көптөгөн тукум тарайт тура. Балдарың жаратканымын талы колдоп, өзүнчө жер, сайлуу өзөндү конуштап, сенин атыңы чакырат экен. Улуу уулуң чатакчыл, ортончу уулуң токтоо, ал эми кичүү уулуң шумураак шок көйрөңүрөөк жагы болот. Маңдайында жазуу бар ат таптап, дубанга белгилүү атактуу болгусу келет экен. Бий болуп эл бийлегенге аракет кылат. Ал үмүтү да акырындык менен аткарылат окшойт. Маңдайында ошондой жазуу турат. Ортончу балаңын тукумдары токтоо тартып, андан дагы көптөгөн уулдары болот. Үчөөнөн тукумдар таралып көптөгөн жерди конуштайт. Тукумдарыңын арасынан жалпы элге белгилүү адамдар чыгат. Алардын аты башка журтка таралып кетет экен. Айрыкча кичүү уулуңдун даңазасы, бийликтеги ошонусу арбын жерге айтылат окшойт. Балдарыңан адамга моюн бербеген өткүр, бийликке умтулган далай адамдар чыгат. Үч балаң өзөн бойлоп конуп, андан көптөгөн билермандар таралат,– Касиеттү сынчы ушуну менен керемет сөзүн аяктайт. Беккулу ата сынчыны жылуу жүзү менен карап:
– Касиеттүү сынчым айткан сөзүңүз келсин, жакшы сөз сүйлөп менин жанымды эриттиңиз, балалуу болбой жүрүп балалуу болдум эле, сиздин айтканыңыздай уулдарым, неберелерим айыл-айыл болуп өзөн бойлоп конуп, менин наамымы чыгарса экен,– деп дагы көптөгөн сөздөрдү сүйлөп жаратканга жалбарып бата кыла жашып, кайра кайратын жыйды.
Колунда бар Беккулу ата сынчыны эки күнү жакшы коноктоп, сынчыга суусар тебетей кийгизип, үстүнө бейкасам чепкен жаап, бир ак боз жорго мингизип сыйлап узатты.
– Беккулу балам, тим эле койсоң болмок мынча ашык сыйдын эмне кереги бар эле,– деп касиеттүү адам тартынат.
– Антпеңиз жарыктык сизди тилинде мөөрү бар берекелүү адам дейт. Сиздин айтканыңыздын баардыгы келечекте келеер, анан мен сизди жөн эле кантип узатмак элем, ардактуум биз таанышып алдык ары-бери өткөндө тартынбай келип-кетип туруңуз. Үйдү көрүп алдыңыз,-деп сынчыны сылыктык түрдө узаткан экен.
Ошондон бери көптөгөн санат жеткис жылдар өткөн экен. Ал сынчынын айтканы кандай болуп аткарылды, кайсынысы аткарылган жок аны өзүңөр жыйынтыгын чыгарып тактап көргүлө.
***
Александр Сергеевич Королев , Андрей Владимирович Фёдоров , Иван Всеволодович Кошкин , Иван Кошкин , Коллектив авторов , Михаил Ларионович Михайлов
Фантастика / Приключения / Исторические приключения / Славянское фэнтези / Фэнтези / Былины, эпопея / Детективы / Боевики / Сказки народов мира