Суук ургаачыга катуу тийген окшойт эне кыймылдай албай тунжурап ойго батат. Бул тунжуроодо катуу сана бар эле. Жаман айтпай, жакшы жок, кокус Бүбүайым жаза тайып, кетсе, балдардын тагдыры эмне болот. Баястан байбичесин «оңолуп кеткей эле» деп кудайдан жакшы тилек тилейт. Ал жылгадан ары Молосу бар кыядагы Абаат деген табып бар эле ошого айтып, көрөйүн деп жээрде атын минип эпеңдете желдирип баратты. Алыбек, Көлөй, Язбек чоңоюп, балдардын баары бой тартып келаткан. Үч кыздын экөө турмуштанып, бирөө жетилип келатат. Жээрде атчан кетип баратат. Санаасы жайында болбой көп нерсени ойлоп кетип баратат. Ал бийик тоодон түзгө түшкөн. Убакыт жайдын капортосу болуп бараткан. Бышкан түшүм талаада, сулуу кыздай ыр ырдап, анын үстүнө бытпылдык учуп турган заман болуп, өскөн эгинден токчулуктун элеси закымдап урат. Ар кайсы жерде жалбырактары майда жылгындар кездешип, алардын түбүндө ар кандай кескелдирик, арыс чычкандар уялашып, чыйк-чуйк этип үн салыша ары-бери чуркашат. Жолдон ары боюу бийик дан өсүмдүгү буудайык, жалбыз жана башкалар кездешип соккон желге секин термелет. Суурдун ийнинде чакчыгайлар чакылдап кирип-чыгып турат. Баястан ата кетип баратып, өмүрүнө күз күнүнүн жакындаганын ойлонуп кичине арманга батты. Ал көп нерсени ойлонгон адам болчу. Ал жашоого эмне бердим, эмне калтырдым, же көчүп-конуп жүрүп эле өмүрүм өтүп кеттиби? Баардык кыргыздардын турмушу ушундайбы. Ал бийик тийип турган күндү карады. Күн жалган түштөн өтүп, чак түш болуп калыптыр. Жолочу калың чөптүү жерге атты тушап коё берип, чепкенин жая салып, намаз окууга өттү. Күн ободо жылып баратат. Жээрде ат нымдуу өскөн чөптү күрт-күрт чайнаган дабышы кулакка даана угулуп турду. Тээ арыда даракка сагызган конуп шакылыктаган ырын ырдап жатат. Баястан намазын окуп бүтүп, чепкенин күбүп, үстүнө кийип, жеерде атынын ооздугун салып, басмайлын бек тартып, жолочу жолун улантты. Агын суудан өтүп, молосу бар кыядагы молдонун үйүнө карай баратты. Түзөң жерде эки боз үй тиглип турган экен. Чоң боз үй Абаат молдонуку экенин биздин адамыбыз даана баамдады. Короону кайтарган даакы жүнү түшө элек сарала дөбөт оордунан туруп үрүп чыга басылды. Боз үйдөн бир бала чыгып, биздин адамыбызга салам берип, аттан түшүрүп, үйдүн эшигин ачып, үйгө киргизди. Үйдө Абаат кемпири жана кичинекей неберлери менен чай ичип отурган экен.
– Амансыңбы, Молдоке!
– Аманчылык балам, кел төргө өт!
Биздин адамыбыз төрдөгү көлдөлөңдүн үстүнө көчүк басты.
– Уулум кандай аман-эсен жүрөсүңөрбү, эмне шашып бушуп.
– Аманчылык Молдоке өзүңүз кудай деп жакшы жүрөсүзбү?
– Баягы балдарың жерден боорун көтөрүп келатабы?
– Жакшы кудай деп чоңоюп келатышат, алдыңкылары үйлүү жайлуу болуп бала чакасы бапырап өсүп калды.
– Иним көп келчү эмес элең, жөн-жай эле келдиңби?
– Аялым ооруп жатат ошону көрүп береби,– деп келгем.
– Көрөйүн бирок бирсүгүнү, эртең баягы Алдияр молдону билесиңби ошонун ашы болот экен.
Баястан Абаат молдодон жакшы сөз угуп кайра үйүнө кайтты. Айтканындай эле Абаат молдо Баястандын үйүнө шаршемби күнү келип түштү. Молдо оорлунуунун тамырын кармап, канынын кагышын текшерди. Аялдын өңү керсары тартып, айыгаар-айыкпасын билбеди, сыртындагы оору ичине түшүп кетиптир. Айыкса да көптө барып айыгаарын боолголоду.
– Суук тийип аябай оошуп кетиптир, момуяны эзип ичирип, тамак ашты күчтүүлөп эле бергиле, ысык эмес суук экен. Суук кичине тийгенде эле жылууланып, өзүн караса эмне? Өтө күч алып кеткен тура. Эми аябай жылуулагыла.
Молдо чай ичип келген жагына кетти. Бирок Бүбүайымдын ден соолугу күн сайын төмөндөй берди. Түн кыскарып, күн узарып келаткан маал эле. Асман ачык ай жарык, жан-жаныбар макулуктун баардыгы бул кезде эс алып жатат. Көктө жымыңдаган жылдыздар түн суугуна үшүп кайыгат. Арыда ак элечек оронгон касиеттү тоолор сүрдүү тартат. Үйдө оорудан азап тарткан эне. Баястан атанын көңүлү бейтап болуп кичине боз үйгө чепкенин айкарасынан жамынып, уйкуга кирип, бирок чексиз санаадан уктай албай түйшөлүп жатат. Түн бир оокумунда көзү илинип кетип тынч уйкуга көшүлдү. Ошол дүйшөмбүнүн түнүндө түш көрдү. Колунда ак кушу экен мурун куш салчу. Тээ береги Жайылманын сазында, көп өрдөк көлдө сүзүп жүрүптүр. Ал ак кушун өрдөккө салды. Кыраан өрдөккө жеткенде ал чоң каргага айланып, ак кушту буйдамга келтирбей жалмап салыптыр. Ошентип ак куштан кабар келбеди. Ата кушун жоктоп капаланып кайгырат. Эртеси ак шам болгондо капалуу ойгонду. Аякка суу сусуп «түндөгү көргөн түшүм түн менен кетсин, жаман санааны адамга бербесин, түнкү жорткон жел менен кетсин, мага жолобо!» Аяктагы сууну ырым кылып батышка карай чачып жиберди.
Александр Сергеевич Королев , Андрей Владимирович Фёдоров , Иван Всеволодович Кошкин , Иван Кошкин , Коллектив авторов , Михаил Ларионович Михайлов
Фантастика / Приключения / Исторические приключения / Славянское фэнтези / Фэнтези / Былины, эпопея / Детективы / Боевики / Сказки народов мира