– Ортончу уулум комуз чертем дейт, ошол үчүн ага комуз керек болуп жатат.
– Анча-мынча черте алабы?
– Жок жаңыдан эле кызыгып жүрөт, үйрөтсө үйрөнүп кетчүдөй.
– Канча кылса да, белдүү куда эмеспизби, мен өрүктөн үч комуз жасаган жатам, буюрса, тоодогу малымы карап келип анан толугу менен киришем. Бат эле жазап бүтөм.
– Ошентсең жакшы болот эле айланайын куда, эмгегиңи деле билем.
– Бирок комузду бирөө үйрөтүш керек комузу болуп аны чертпесе. Анын кимге кереги бар.
– Анда ырас болбодубу, аны сен үйрөт.
– Мейли шыгы болсо бат эле үйрөнүп кетет.
– Эми кандай кыласың комуз жасап бүткөндө мен келейинби?
– Силер жакта менин жумушум бар, ошондо аны ала барайын.
– Ырас болду анда мен кетейин.
Ошол иш ошол болду.
Эми улуу баласы тыраңдай баштады. –Мен эл коргойм, мага курал жарак жасап бер,– деп.
Ата Акбоз жоргосун жорголотуп Каркыра жайлоосундагы темир уста Сыдыктыкына барып баласына калкан, кылыч, найза, жаа жана башка куралдарды жасатып жатты. Курал да, комуз да жасалып бүтүп, ата буюмдарды балдарына таратып берди. Ошентип Беккулу атанын балдары бири жорго таптап чапса, бири созолонуп комуз черте баштады. Дагы бири кылыч калканын алып, өсүп жаткан дарактарды чаап, найза сайышты үйрөнүп мекенин коргоого аттанды.
Андан бери далай-далай убакыт зымырап өттү. Атанын ишинин баардыгы жакшы болду. Атанын байлыгы күндөн күнгө артып көбөйө баштады. Беккулу ата бул кезде токсонго чукулдап калган эле. Суук тийдиби иши кылып бир күнү катуу ооруп жыгылды. Ошондон баштап касиеттүү адам оңоло албай койду. Анан күздүн акыркы күнүндө ата балдарына бактырып кор болбой бир күнү таза туруп эле жалган дүнөдөн чын дүйнөгө акырын аттанып кете берди.
БАЯСТАН АТА
Ойлогонун ишке ашырган,
Бүтөбайдын уулу Баястан.
Баардык иште жол тапкан,
Баястан эмес Бай арыстан
Турмуш жай өтөт, ал эми жомок өтө бат айтылып ылдам өтөт. Ал көз ачып жумганча, ар кандай болуп өзгөрүлүп, жүрүп отурат. Эмесе биз токтоп турбай баянды андан ары улап кете берели. Касиеттү Чоң Жергес Жери, Кичи Жергес Жери биринин артынан бири уланып жайкалат. Аскасы бар бийик тоолордун башына булут түнөп, ал бат эле жогору көтөрүлүп жаанга айланат. Кыргыз калкы башынан мал менен киндиктеш болуп, бир жерден экинчи жерге көчүп жүрмөй адаты бар эмеспи. Быйылкы кар жетинин айында түшүп, анан бештин айында кайта-кайта жаап туруп алды. Жылкылар кыйналбайт. Кар тээп оттойт, баарынан койго жаман ал чөп карап ачык жерди издейт. Колдо тоют жок бирдин айында денени калтыраткан ызгаар суук согуп жут башталды. Бирин-экин малды суук жалмап кетти. Баястандын малы анча чыгымга учурабады. Ал башынан камдуу эле анын үстүнө Бүтөбай аба ырайынын өзгөрүшүн жакшы билет жана түнкү жылдыздардын өзгөрүшүн да байкай алат. Эмне үчүн куштар түштүккө эрте кетип, эмне үчүн жалбырактар эрте түшөт? Демек кыш эрте келет. Эмне үчүн булуттар топтолот? Өсүмдүктөрдүн гүлдөшүнөн, ачылышынан ал көп нерсени баамдай турган. Баястан Тоң тараптын жери кардан курган болот деп ошол тарапка ооп кеткен. Ошол аймакта солто элинен Дандаке деген орто чарбалуу адамы бар эле. Анын өтө акылдуу кеп десе кеби бар, өң десе өңү бар, Бүбүайым деген кызы болгон. Аны Баястанга үйлөндүрүп, калыңына мал берип, Бүтөбай ата мындан көп жыл мурун эле карызынан кутулган. Бүбүайым берекелүү жердин кызы эмеспи көңүлү ток, бир айткан сөзүн аткарган башы оор токтоо ургаачы эле. Баястан ушундай колуктуга туш келгенине сүйүнүп турду.
Бүбүайымдын бактысы ачылып, бир-биринен кем калбаган жети эркекти төрөп салды. Анын андан башка дагы кыздары бар эле.
Андан бери зымырап, далай кыш, далай жай өтүп, жаадыраган жай келди. Малдын кара эти толуп семире баштаган. Ошол күндөрдүн биринде Беккулу атанын уулдары жер которуп, бийик тоолуу тарапка көч көчүрүп калды. Тоолуу жердин жайы суук керек болсо жайында деле кар түшүп калат эмеспи. Кар токтобой лапылдап жаап, күн суук болуп туруп алды. Ошол сөөк какшаткан ызгаарда Бүбүайым эне суукка урунуп, Баястан ата аябай кейип, семиз койду союуп, күчтүүлөп тамак бердирди. Ата кейип аялын карап:
– Суук катуу тийиптир кыймылдабай жатып тыңып кет, балдарыңа өзүң ээлик болсоң экен,– деп сабылды. Аялы капаланып:
– Мен өлсөм эчтеке эмес бобу балдарды бага албай кыйналасың го, же бул балдар башка аялга түркүнчүк болот,– деп кейиди.
Александр Сергеевич Королев , Андрей Владимирович Фёдоров , Иван Всеволодович Кошкин , Иван Кошкин , Коллектив авторов , Михаил Ларионович Михайлов
Фантастика / Приключения / Исторические приключения / Славянское фэнтези / Фэнтези / Былины, эпопея / Детективы / Боевики / Сказки народов мира