– Беккулу ата буга кандай болушуп, кандай көтөрчү эле, ар дайыма сыйлап анын алдынан өтчү эмес, эми кылып отурганын карасаңар. Ал Беккулу атанын үч баласын жок кылгысы келет.
Бешөө көрүнбөй кычыкты айланып өтүп, Каабынды астынан тосмой болушту. Качкын эч кимден шек санабай, бешөөнө жакын келди. Каабын артымда эч ким жокпу деп тарапты кылчак-кылчак карап коёт.
Абат шашма киши эле:
– Атып салалы муну эмнеге маанаке-саанаке кылабыз, биз элдешкен күндө да бир балакет кылып, бизге такыр ыркын кошпойт.
– Коё туралычы акыркы сөзүн угалычы.
– Эмне деер экен качкын калмак.
Ошол кезде Каабындын аты жылкылардын дабышын алды окшойт тык токтоп, шыңгыр кишенеп жиберди.
Жолчоро үнүн бийик чыгарып:
– Эй, Каабын эми каякка качасың эсиңе кел, биз сага душман эмеспиз, эсиңе кел. Биз сага душман кылгандай эмне кылдык эле? Дитиңи бизге бер! Каабын башын көтөрүп, таштын ортосунда турган куугунчуларды карап жиндене:
– Ал менин ишим, кыргыз канчыктары.
– Биз итбизби, же сенби?
– Силер итсиңер бир кишинин артынан көп киши куугун куубайт.
– Эсмңе кел Каабын биздин нанды жеп, тузубузду татыдың эле, сага биз жаман иш кылган жокпуз го.
Каабын өзүн токтото албай зиркилдеп үнүн жоон чыгарып ачууланды:
– Мен силерди баары бир жок кылам калмактарга жетип, кошуун курап келем.
Ошондо Жолчоронун жаны күйүп кетти:
– Эсиңе кел Каабын Беккулу атанын тузун татыдың, биз сага жаманчылык кылбайбыз. Кара ниеттик кылсаң өзүңө жаман, түбөлүк оңбойсуң.
– Жетим калган бала чагыңан бери Беккулу ата кор кылбай бакты, бизден эч бир жаманчылык көргөн жоксуң.
– Эй, кыргыздар, силерди мен жок кылам, коё тургула калмактар башынан күчтүү алар силерди чабат.
– Азыр сени жок кылыш керек итке иттей мамиле кылабыз.
– Силер бешөөсүңөр мага асылбагыла, андан көрө баатыр болсоңор, жекеме-жекеге чыккыла. Мен жеңсем силер унчукпай кете бергиле.
Жолчоро буга макул болду.
Абат үнүн катуу чыгарып айтты:
– Ой, Жолчоро аба антпей эле атып салалы, калмакка биздин алыбыз жетпейт, ал күчтүү бизди майып кылып салат. Акыры түбү душман, жерине барып күч курап келип бизди чабат.
Жолчоро айтты:
– Канча кылса да биз менен бирге өсүп калды эле эми буга жоодой мамиле кылбайлы, баатырлар кыл чайнашып күрөшөт дейит, буга биз баатырдай мамиле кылалы.
Беш баатыр түзөңгө түшүп келишти. Каабын түктүйө найзасын айбалтасын алып, кана кимиңер эр сайышка түшөсүңөр дегенсип, теңине албай күтүп турат. Кечөө эле тууган эле эми душман болуп чыга келбедиби. Тагдыр деген ушул экен. Колуна түшсө бир дагы киши аячудай эмес. Териси тарып, жедеп душмандыгы күчөп башынан ашып түшүптүр. Ат үстүндөгү Каабындын элеси өтө коркунучтуу сезилип, беш баатырдын жүрөгү сыздап кетти. Күчтүү кул биздин башыбызга кандай балеени алып келет деп санаага батты. Бирок берки баатырлар да оңой эмес эле.
Күн ачык асманда жору кузгун айланып турат. Ар кайсы жерден майда куштар үн салат.
Бешөөнүн заманасы куруп кандай тагдыр болоор экен деп турушту.
– Жолчоро аба эр сайышка мен чыгайын,-деп Абат.
– Жок сен жашсың, эр сайыштын ыкмасын жакшы биле элексиң. Эр сайыш менен ойноого болбойт, жаңылган кишинин башы өлүмгө кетет.
– Анда мен чыгайын,-деди Үсөнкул кыңырылып.
– Жок сен алдырып жибересиң Каабынга күчүң тең келе бербейт.
Үн жок тымтырс. Ошондо токтолуп туруп, Жолчоро сөз баштады.
– Мен чыгам,-деди Жолчоро баатыр.
– Абат Тору кашка атыңы мага бер.
Тору кашка жаныбар көп эр сайышты башынан өткөргөн албуут, оңтоюу келгенде эр жигитти кутултуп ойт берип кетме жери бар. Бир таканчык берсе ушул жаныбар таканчык берет. Оңтоюуна салып жоонун атын капталы менен уруп өтмөйү бар эле. Жолчоро Тору кашка жаныбарды минип, кылыч, айбалта, найзасын алып ат үстүндө дардайып турду.
– Манас баатырдын арбагы колдосун!
Төрт баатыр кыбыланы карап кудайга жалынып жиберишти.
– Атаңдын көрү бул кулду сүнөткө отургузуп алганда бир жолу биздин динге өтүп, кастык кыла албай калат эле,– деди Абаат аябай өкүнүп.
– Торгой ата өз дининде тим койгула дебедиби, муну ошентиш керек болчу. Эми карачы, ээ- жаа бербей кулдун кутуруп турганын.
Эки баатыр аттарын бастырып, түзөңгө келишти. Экөө тең бир-биринен кем калбаган баатыр эле. Чоңдугу боюнча Каабын олбурлуу болчу. Ал Жолчорону теңине албай мен-менсинип күлө карап шылдыңдагансып турду. Жолчоро ичинен ыза болуп « Коё тур кургурум, колума түшсөң, башыңды жеп тынам».
Жолчоро:
– Калмак качкыны эмесиңби ал кезметиңди, ким жаңылса, ал оңбой калат,– деди.
– Антпе, кыргыз каның төгүлөт, мен силерди өлтүрүп, каныңарды ичем.
– Каабын аны кезектеги кармаш чечет, эгер жеңилсең мен сени жөн койбойм.
Жолчоро куралдарын кармап, кармашка даярданып турат.
Александр Сергеевич Королев , Андрей Владимирович Фёдоров , Иван Всеволодович Кошкин , Иван Кошкин , Коллектив авторов , Михаил Ларионович Михайлов
Фантастика / Приключения / Исторические приключения / Славянское фэнтези / Фэнтези / Былины, эпопея / Детективы / Боевики / Сказки народов мира