Каарданган Каабын Жолчорону оңтоюу келсе күм-жам кылып жок кылууну самайт. Каарданган Кабын Желгарага камчы уруп, чыгышка карай чаап барып, кайра кайрылды. Ал атын камчылап, найзасын Жолчоронун жүрөгүнө мээлеп, тоголото уруп, башын кесип кетмей болду. Жолчоро душмандан калканы менен коргонууга камынды. Торгошка ат Каабындын Желгарасынын кыймылын түшүндү окшойт, токтоно албай алдыңкы эки буту менен асмандай секире айга жанып алды. Эки баатыр бир-бирине жакындады. Ошол кезде Жолчоро үн салып катуу кыйкырып жиберди да, Каабындын найзасын ай балта менен кагып калды. Темирге-темир келип тийгенде айбалтадан «чаңк» деген дабыш алыска-алыска тарады. Айлана бул дабыштан сестене түштү. Эгерде Каабындын куралын Жолчоро айбалта менен тоспогондо катуу соккуга учурап, аттан кулап түшмөк, анда Каабын эң жаман иш иштемек. Эмки туруп берүү кезеги Каабынга келди. Жолчоро Торгашканы каргытып келип Каабынды найза менен уруп калды. Желгара ошол кезде буйт берип, сактап калды. Тоодой болгон калмак ат үстүнөн эңшерилип кете таштады. Эмки сайыштын кезеги Кайра Каабынга келди. Каабын Желгараны каргытып келип Жолчорону урмак болгондо айбалта менен коргонуп калды. Жолчоро жини келип аябай өкүндү. Каабын туруп берди. Жолчоронун найзасы Каабындын жүрөгүнө тийбей оң ийнине тийди. Каабындын көзүнөн от чагылыша түшүп катуу жарадар болду. Эми эки баатыр кылычташа түштү. Каабындын оң колу жарадар болуп, такыр күч бербей жатты. Ал жеңилеерин билип, атынын башын буруп качты. Каабын кайрыла калып эки жолу жаа тартты. Бул силер менен элдешпейм, өлүгүм талаада калсын деген белги эле. Биринчи огу Жолчоронун башынан алыс кетип, экинчи огу кашка аттын жанбашына келип сайылды. Кашка ат жаанын сайылганына чыдай албай кетти окшойт, эки бутун асмандата ай чапчып кишенеп жиберди. Жолчоро оң колу менен жаанын огун сууруп салды. Каабын качып баратат. Жел кара аргымак көзгө илешпей закым болуп баратат. Жалгыз калмак кете берсин деп ойлогон. Бирок ал эртедир-кечтир келип кыргыздарга бир бүлүк салаары белгилүү эле. Ошол үчүн анын жок кылыш керек болуп калды. Каабын жол оңутун билип, тезиреек кутулуп кетишке Жаман Эчки тарапка чу койду. Ал ошол жактагы суюк токойго кирип таптырбай кетүүнү ойлоду. Калмак ар дайыма куралдарын өзү менен ала жүрчү. Ал жаа тартуу жагынан да мыкты чебер эле. Ал асмандагы кушту атканда жанына топ этип келип түшөт. Аны кутултуп жибербеш үчүн анын артынан кугунчулар катуу келатты. Тоодон ылдый кулаган шар суу нечен кылымдан бери өзүнүн ырын ырдайт. Жол таштак өр. Айлана бейкуттукка чөмүлөт. Анда санда тоо чымчыгынын үнү угулат. Ар кайсы жерде кой таштар кезигет. Жогору жакты карасаң бийиктикте аскалар ылдый салаңдап, кичине эле тийип койсоң кулап кетчүдөй болуп жүрөктүн үшүн алып турду.
Каабындын кара аты мындай жолдо жедеп такшала чуркап өткөн коёндой ылдам секирип, аттап-буттап кетип баратты. Куугунчулар артынан калбай куугундашып, Жолчоро бат атма мылтыгы менен меелеп туруп атты эле, ок качкындын башынан кайып өтүп ташка тийип «чыр» деген үн чар тарапка жаңырды. Дагы эки жолу атты эле ок жетпей барып, кара жер топуракка сиңип кетти. Качкын кара атын кара терге түшүрүп, кутулуп кетүүнүн айласын жасап баратты. Учкан кушка жеткирбес жарыктык Желкара жаадай сызып алдыга баратат. Бул Желгара кайсы жердин малы эле. Ал окуя төмөндөгүдөй болбоду беле. Эс тартып калган Каабын бир күнү Беккулу атага кайрылат:
– Ата мага ат берсеңиз мен дагы балаңыз элем,– деп атага кайрылат.
Эч нерсе жаманчылыкты сезбеген айкөл ата ага ушул канаты бар кара аргымакты кармата берген. Чын эле атага берилбес бул адамдын ниети кара экенин ал кезде кайдан билинет. Атка шыктуу Каабын аны аябай таптайт. Өзүнө курал жаракты топтоп, бир күнү качып кетүүнүн жолдорун ойлонуп келген эле. Бала чакта анын атасы ат таптаган мыкты саяпкер болчу. Аттын жөнүн ал ошондон үйрөнүп калган. Калмак талаадагы, желедеги жылкылардын баарын карап чыгып ушул жүдөө кара тайды жактырып калып:
– Беккулу ата мага бобул эле жүдөө кара тайды бер деген.
Аргымак сырын билген Беккулу ата да ушул кара тайга көзү түшүп жүргөн. Кара тай чаалыкпаган жаныбар болот,– деп ата да баамдаган. Бирок «кулум деле менин жакыным эмеспи мине берсин, кара тай сенден айлансын»– деп айкөл ата Каабындын тири карактыгын түшүнүп, күлүк жаныбарды андан аяган эмес эле. Бала кара тайды үйрөтө баштайт.
Ошондо саяпкер Нурсейит:
– Беккулу ата бул бала тегин эмес экен ат күлүгүн билет тура,– деген.
– Ой, бул бала, калмактын атактуу байынын баласы болгон кыргыздарды чаба берип такыр тынчтык бербей койгондо, биз аны кешигин кетире кыйратып, оокатын, малын талап алып урук тууганын кул кылып алганбыз.
Калмак таптаган атын «Желгара» деп коёт. Желгара далай сызып байгелерди ала баштайт. Муну көргөн Беккулу атанын жакындары:
– Ата буга эмне кара күлүктү бердиңиз,– дешет.
– Ой эми, бир тай экен ошону койчу, күлүк керек болсо момунча жылкыдан күлүк тандап ала бербесиңерби,– деген.
Атанын айтканына алар макул болушкан.
Александр Сергеевич Королев , Андрей Владимирович Фёдоров , Иван Всеволодович Кошкин , Иван Кошкин , Коллектив авторов , Михаил Ларионович Михайлов
Фантастика / Приключения / Исторические приключения / Славянское фэнтези / Фэнтези / Былины, эпопея / Детективы / Боевики / Сказки народов мира