Акылман Торгой ата тиги дүнөгө узады. Нааразы кылбай балдарына өз энчисин бөлүп-бөлүп берди. Балдары атанын калыстыгын баалашып энчилерин бөлүп алышты. «Балдарымын үй-бүлөлүк жумушуна кулдарым жардам берсин» деп аларды да бөлүп берди. Чоң калмак Каабын кул Беккулу атанын энчисине тийди. Каабын өтө күчтүү, сом билек, узун бойлуу, колдору шадылуу, денеси тарамыштуу, бир беттешкенин бербеген кара өзгөй адам болчу. Адам менен алышканда бир адамдын алы такыр жетчү эмес, аны менен күчтүү эки-үч киши кармашканда ошондо араң алы жетчү. Анын ойлогон оюунан кайра тартпаган кара бет ак санабаган эң жаман мүнөзү бар эле. Ал ойлочу «кыргыздар мени кул кылып жумшап жатат»– деп элдешпеген жаман жактары болгон. Анын мээсинде кыргыздарга шакардай кайнаган кастыгы кетпей туруп алды. Адам өзүн чебердеп, жакшы жүрүш-туруш менен алып жүрбөсө андай жаман сапат аны өлүмгө алып келиши мүмкүн эле. Анын акыл эсинде кыргыздарга элдешпес сезим пайда болду. Беккулу ата да Каабындан чочуп «бир нерсе кылбаса экен»– деп ойлонот. Каабынды аңдыш үчүн Майназардын кичүү уулун тыңчы кылып койду. Бир күнү Каабын берки жолдоштору менен биригип «кыргыздарга бир балакет шойкомдуу иш кылып, калмактарга качалы» -деп кеңешип жатты. Бирок калмак балдар анын оюуна көнө турган эмес.
– Беккулу ата жакшы качып кайда барабыз.
– Калмактар бизди такыр карабайт.
– Тирүү болсок ушул эл менен бирге эле бололу.
– Мени менен качпасаңар силерди жок кылып коём өзүңөр билгиле-деди Каабын түнөрүп.
Алар Каабын күчтүү болгондуктан, андан коркушуп, унчугушкан жок.
Айланага күздүн кабары жакындап, мезгил өтүп булуттар ката баштады. Чөптөр саргыч тартып, баягы алтын жай артта кала өтүп кетип, күз ата келатты. Эртең менен тарапты кыроо басып, түнкүсүн бир топ эле суук боло баштап, суунун үстү кичинеден айнектей болуп тоңо баштады. Быйылкы жай жакшы эле болду, малдын жонунан жылуулук өтүп, жаанда өскөн чөптөр жетиштүү эле болду. Төрт түлүк мал нык семирип, жаз менен жай берекелүү тартып, эл журтка жугуму тийчидей болду. Байртадан бери ата-бабаларыбыз мал менен жашап, мал менен келатпайбы.
Эми биз санжыра жомок баяныбызды уланта берели. Адамдардын турмушу жай өтүп, ал эми санжыра жомок баян бат айтылып ылдам эле бүтүп, турмуш өзгөрүлө берет эмеспи.
Беккулу атанын балдары кеңешип, үч жумадан кийин суук түшө электе кой айдап, түштүккө барып соода кылып келмей болушту. Түштүккө Каабын кул да кой айдамай болду. Ал кескин каршылык көрсөтүп, калмактарга качып кетүүнүн жолун ойлоп жатты. Каабындын ойун баардыгы айттырбай шекшимел болду. Айрыкча Майназар мунун баарын байкоого алды. «Баардык аттарды айдап кетип жөө калабызбы»-деп жылкыга мыктап кароол койду. Анын кыймылын Майназардын кичүү баласы аңдууга алды.
Малчылар жөнөөрдө ата катуу эскертти
– Бул калмак дөбөткө ар дайыма сак болгула, бир балакет иш кылбасын,-деп табыштады.
Каабындын мээсине шакардай кайнап катуу кастык туруп алды. Ал дөөгүрсүп күчүнө таянды. Акылы жок күч баары бир эмне кылат. Андай кем акыл ой адамды өлүмгө алып келиши ыктымал.
Күзгү күн ысып, малчылар тердеп-кургап кетти. Бирок жылыш керек, малды сатып, суук түшө электе, Ысык-Көлгө өз жерине барыш керек. Жолдо анда-мында сапар улаган салт атчан жолочулар. Ар кандай чоңдуктагы коңулдан чыгып алып, томураңдап чуркаган кемирүүчү жаныбарлар. Малчылар малын жай айдап кетип баратат. Малды катуу сүрдүктүрүп айдаса кызыл эт болуп калаары белгилүү эле. Тээ ободо жай каалгып сызган булуттар. Алар өз жашоосун өткөрүш үчүн кайсыдыр бир жакка ашыгып жаткансыйт. Алар ошентип шашпаса турмушу өтпөй калчудай.
Торгой атанын тукумдары кулдары болуп он бештей киши баратат. Бирин-экин каракчылар жолугуп калабы деп, кылыч, жаа, а түгүл бир атма мылтыктары да бар. Аларды коштоп күчтүү сак ажаан иттери келатат. Соодагерлер малын сатып пулдап кайра үйлөрүнө кайтышмак. Мал айдоочулар Жалгыз Булак деген жерге келип конуп калышты. Жалгыз Булак атына окшош жер экен. Булак жайкалып агып жатат. Жээгинде тал, жийде ар кандай бак дарактар. Жайкалып өскөн шибер чөптөр.
***
Турмуш, жашоо өтө жай жылат, ал эми жашоо жомок бат айтылып бат жылат эмеспи.
Түн ичинде бирөө аттарды кайтарса, бирөө уктап жаткан кишилерди кайтарат. Алар бири-бирин кайтарат. Ошол он беш киши кайсыдыр бир адамдан шектенет. Алар кимден шектенет. Эмне үчүн шектенет. Ушундай улуу жолдо, баратып баардыгы бир жаманчылыкты күтүп жаткансыйт. Алар эмнени күтүп жатат. Булардын арасында кимдир бирөө баарысынын душманы болуп жаткансыйт. Ошол душмандын элеси кайсы тараптан келет? Эмне үчүн келет? Ошол табышмак болуп жатпайбы. Баарынын элесинде буларга каршы бир душман келаткансыйт. Ал душман ким?
Александр Сергеевич Королев , Андрей Владимирович Фёдоров , Иван Всеволодович Кошкин , Иван Кошкин , Коллектив авторов , Михаил Ларионович Михайлов
Фантастика / Приключения / Исторические приключения / Славянское фэнтези / Фэнтези / Былины, эпопея / Детективы / Боевики / Сказки народов мира