Ошол күндөн баштап атанын ден соолугу болбой баратты. Туруп-туруп эле демигет. Бир жөтөлсө бир далайга жөтөлүп, тынчы кетет. Балдары ага кайнак жылуу суу ууртатып турду. Көзү үргүлөп кетет да, «Куржун, Кыдык, Белек, Бооке» деген сөздөрдү элес-булас сүйлөп жатты. Анан эле көзүн бакырайта ачып, « Кайрандарым мени чакырып жатпайбы» дейт. Угуп тургандар жакасын кармап таң калышты. Анан бир кезде көзүн чоң ачты да:
– Балдарым, менин сөзүмү уккулачы, менин кетеер күнүм жакындады айтаар кебим ынтымактуу болгула! Мүйүздүү эненин арбагын сыйлап, жер үстүндө жакшы өмүр сүргүлө, бирге болбосоңор ырыскыңар кетет. Башка эл силерди бат эле каратып алат. Айланаңарда кара кытайлар, уйгурлар, өзбектер жана башка элдер турат. Карыя сүйлөп жатып, алы кетип демикти. Көзү анан илинип уктап кетти. Ошентип бейшембинин күнүндө, жуманын түнүндө белдүү карыя жалган дүнөдөн чын дүнөгө узап кете берди. Санжырачы карыялар күн санатын сүрүп келсе, бугу эненин узаган күнү менен тушма- туш келгенин баамдап чыгышты. Ошонун эле түнүндө кыламык кар жаады. Бугу эне да кетеерде ушундай кыламык кар жааган эле. Ошол түнү наристе балдар түшүндө бугу энени көрүшүп анын үнүн угушуптур. Адамдар шашып-бушуп Торгой атаны чоң боз үйүн тигишти. Карыяны майрам сууга алып, кыбыланы баштантып жаткырышып, балдар боз үйдүн тегерегинде «атакелеп» өкүрүп жатышты. Чабагандар, чар тарапка чапкылап, «белдүү адам өттү» деп кабар таратып жүрүштү. Кемеге оюулуп, чоң тулга коюулуп, келиндер боорсок бышырып, бата кылып, мал союулуп жатты. Атанын узатуу ариетин кылып алыс жакын тараптан тааныш адамдар, сөөк жакындары, кудалар баардыгы келип жатышты. Үчүлүк, жетилик, кырк ашын берип, сакалын ак баскан молдо дайыма куран окуп турду. Анан башка жылуу жактарга көчүп кетишти. Кийинки жылы күзгө жуук тартканда, мыйзамдын гүлү учуп турганда, мал семирип нык тартканда арбакты эскерип бир жылдык ариетин өткөрүштү. Баардык ариетти өткөрүүдө Торгойдун баласы Беккулу тикеси менен тик турду. Эл ага аябай ыраазы болду. Ошондон мындай деген ыр калыптыр:
Торгой чалдын ашында,
Беккулу турду башында.
Толгон күлүк чабылды,
Далай аттар байге алды.
Жарды жалчы этке тоюп,
Үйүнө кайтты топоюп,
Ашты жакшы өткөргөн,
Балдарына ырахмат.
Өкүм болуп токтобой,
Өтөөр мезгил ыраактап.
Ошондо ат үстүндө жар чакырган ырчылар жамактап ушул ырды ырдаган экен. Бул ошол узун ырдын бир үзүмү гана экен. Ырдын калган бөлүгүн карт тарых унуттуруп салыптыр.
БЕККУЛУ АТА
Беккулу деген атадан,
Үч шумкар өсүп жаралган.
Үмүт жанып алдыга,
Үчөөнөн үч жол тараган.
Беккулу деген атанын,
Үч уулу чыгарды атагын.
Үчөөнөн үч жол таралып,
Алыска кетти жол алып.
Касиеттүү Торгой ата Беккулудай уулду болоордо бир түш көрүптүр. Ал кезде Торгой ата Кичи Нарын жерин жердеп турган экен. Ата талаадагы малын көрүп, келип аялына кайрылат:
– Мал деп жүрүп, чарчадым го, балдарым болсо ошолор карабайт беле,– кейиди.
- Сен эмнеге кейийсиң, кулдарың бар эмеспи, ошолор деле карап жатпайбы.
– Балага жетеби алар малдын ээси болот да.
Ошол күнү күн бүркөлүп, чагылган уйгу-туйгу түшүп, айлана даңгыр-дүңгүр болуп, жаан тынымсыз чакалап келип куйгандай болду.
Чарчап келген ата тамакты чала-була ичип, « чарчадым» деп тынч уйкуга көшүлдү. Уктап жатып ошол түнү бир кызык түш көрдү. Бой керген өтө бийик эки тоо анын ортосунда, созулган көз жоосун алган кооз өрөөн. Өрөөндүн ичинде алмабы, алчабы, анарбы иши кылып бир сыйкырдуу дарак өсүп турат. Түшүмү жөн эле төгүлөт адамдын көз жоосун алат. Жердин баарында мөмө-жемиш жөн эле жайнайт. Дарактын айланасында ак калпакчан аталар, ак элечекчен энелер, ат минип күлүк чапкан жигиттер, келишимдүү келиндер, сулуу кыздар жүрөт. Күн жаадырай тийип, кандайдыр бир өлбөстүктүн элеси келип тургансыйт.
Ата аларды карап таң калып:
– Булар кимдер эмнеге жүрөт,-дейт.
Анан эле жеерде ат минген бир киши чыга келип салам берет. Ата андан:
– Кадырлуу мейманым бул эл ким болот?-деп сурайт.
– Бул сенин тукумдарың болот ошону билбей турасыңбы,-алиги киши кетүүгө камынат.
Ата тиги кишиге кайрылат:
– Сен ким болосуң?-дейт.
– Мен Кыдыр алейсаламмын,-деп көздөн кайым болуп жоголот.
Ата касиеттүү Кыдыр алейсаламды сыйлап конок кыла албаганына катуу өкүнөт. Бирок аны көрүп, жолукканына жана сүйлөшкөнүнө аябай сүйүнөт.
Ошол көргөн түшүн энеге айтат эне турмуш менен алышып жүрүп көргөн түшкө анча маани бербейт. Бирок ошол көргөн түшүн ата өмүр боюу унутпай эсинде эстеп жүрөт.
***
Александр Сергеевич Королев , Андрей Владимирович Фёдоров , Иван Всеволодович Кошкин , Иван Кошкин , Коллектив авторов , Михаил Ларионович Михайлов
Фантастика / Приключения / Исторические приключения / Славянское фэнтези / Фэнтези / Былины, эпопея / Детективы / Боевики / Сказки народов мира