Карыя бир азга сүйлөбөй эс алып алды. – Андан кийинки уулум Муса сен дагы бар эмесиңби, сен капкан салганга маш элең мен сага экинчи кара мылтыгымы жана «Качырбас» деген шумкарымы берем. Буларды алып улуу тоолордо аң уулап жүрө бер. Андан кийинки балам Бектемир сен мында турасың. Сага Кашка жоргому, Боз ылаачынымы жана кийик кууган эки тайганымы берем. Улгайган ата балдарынын баардыгына энчисин ойлогондой кылып бөлүп берди. Ата бир азга эс алды да анан:
– Балдарым мен улгайып калдым таарынбайсыңарбы?
– Таарынбайбыз ата ыраазыбыз.
– Сиз баарыбызды нааразы кылбай ойлодуңуз.
Майназар:
– Ата калмак кулдарды эмне кылабыз?
– Баса мен аларды унутуп баратыпмын, Менде он кулум бар эмес беле. Улуу балам Беккулу Каабын кулду жана дагы үч кулду сен ал, Майназар балам сен дагы үч кулду ал, калганың төртөөң эки экиден бөлүп алгыла,-деди.
Кулдарга өтө этият болгула, бир балакет кылып, калмактарга карай качып кетпесин. Тынымсейит туугандардын Алжанбайын билесиңерби аны өлтүрүп калмак кулу калмакка карай качып таптырбай кетпедиби. Беккулу сен Каабынга өтө сак боло көр,– деди ата катуу эскертип.
Ал демигип калды окшойт азга эс алып, алдындагы турган кымыздан кылкылдата жутту.
Анан карыя эс алып, бир топко сүйлөбөй отурду. Сырттан бир келин сорпо алып келип суна баштады. Карыя такыр сүйлөгөн жок. Ал эмнегендир өткөн өмүрүн эстеп жаткандай туюулду.
Бир азга эс алып анан асыл карыя сөз сүйлөй баштады:
– Балдарым силерге айта турган осуят сөзүм бар баягы Торгойдун балдары ынтымагы жок деген сөз айтылбасын. Жана дагы күздүн ортосунда биринчи кар түшкөндө эл калың кийинип калгада тиги дүйнөгө кетет окшойм. Мага жаратканым ошондой аян таратты. Сөөгүмдү Нарындагы Ала Мышык тоосундагы Кара Үңкүрдүн маңдайына койгула. Денем Бугу энем баскан тоонун аймагында турсун. Кары адам осуят –керезин көпкө сүйлөп койду окшойт демигип алы кетип калгансыды.
– Ата эс алчы, баары силер айткандай болот,– деп аны балдары тынчытты.
Баардыгы жай-жайына кетти. Торгой атанын башына жаздык коюп үстүнө карышкыр ичикти жапты. Карыя бат эле коңурук тартып уйкуга көшүлдү.
ТОРГОЙ АТАНЫН КАЙТЫШ БОЛУШУ
Анжиянга кеткен соодагерлер ишин жакшы бүткөрүп, кайра аман-эсен кайтып келишти. Бала бакырага мейиз, набат, кант, шайы кийимдер, маасы, көлөч деги койчу баарын алып келишти. Баарынын үстү-башы жаңырып эле жатып калды. Айрыкча аялдардын кийми жашыл, кызыл, сары түскө бөлөнүп, тулку боюу жаңырып жыргап калышты. Беккулу атанын сүйгөн жары Ак келин, Сулуу келин, Наз келин деп аттарынан айтпай эркелетип айтышчу эмес беле. Бул келиндердин үстү-башы жаңырып, ого бетер сулуу тартышты. Ишмер энелер үй-бүлөсүнө түркүн кийимдерди тигип киришти. Ак келин менен Наз келин кийимди келиштирип тиккен ишмерлер эле алар Торгой атага кымбат терилерден келиштирип тебетей жасап беришти.
– Асыл ата муну кийип алыңыз,– деди атасына сылык түрдө.
Ооруп жаткан касиеттү ата тебетейди кийип күлүп шаттана:
– Кагылайын келиним, мени он жылга жашарттың го, сени Бугу эненин арбагы колдосун,-деп эки алаканын жайып сонун батасын берди.
Бирок Торгой атанын ал-абалы күн өткөн сайын начарлай берди. Кыраакы адам алдыны даана билген пенде эмеспи, кайтаар күнү баягы өзү айткан күнгө туш келип баратты. Муну сезген Беккулу туугандарына айтты:
– Атабыздын абалы начарлоодо, өзүнүн кереези боюнча, Ала Мышык тоосунун маңдайындагы Алсейит, Тынымсейит аталар коюулган Арчалуу Булакка коёлу дешти. «Кокус карыя кайтыш болсо, сөөктү унаага жүктөп, убара болобуз». Ошондуктан атаны жоош күлүк жоргого мингизип, көчүп жүрүп отурушту. Малды балдар айдап, көчкө Майназар, Муса, Жолчоролор көз салып келатты. Алар Ала Мышык тоосуна жетип, шамалы жок ыктоо жерге көчтү кондурушту. Кыраакы Торгой ата мунун баарын билип турду. «Баягы менин айткан кереезим боюнча көчүп келди» деди.
Көчүп келген күнү бийик дөбөгө чыгып, карыя эки жакты ойго батып телмирип карап турду. Жарыктык бул жерде өткөргөн ата-бабаларынын өмүрүн, өзүнүн мурунку жаш чагын, дагы кайтып келбес убагын эстеп жаткандыр. Алсыз карыянын бети колу ызгаар суукка үшүп, денесине кан жүгүрбөй калгандай сыяктанды. Ал эки колун жеңине катып, үшүгөн кулагын колу менен мыжыга кармалады. Анан ал Ала Мышык тоосун карап кобуранып койду, анын көзүнө бир нерселер үрүл-бүрүл күүгүмдөнө көрүнгөнсүдү. Он алты айры мүйүздүү бугу эненин элеси тартылды. Бирде бугу бирде элечекчен эненин элеси көз алдына даана көрүнгөнсүдү. Касиеттүү баатыр карыянын көз алдына ошондой элес көрүнсө көрүнгөндүр. Же бугу эне өз тукумун «чарчадың эми биз менен бол» деп ээрчитип кетип жаткан элестир. Ал Алсейит, Тынымсейит аталары жаткан жерге барып куран түшүрдү. «Карганымда балдарымы кыйнабай кете берсем» деп ойлонду
«Элге журтка жыгылып калып уят болбойлу» деп Майназар атасын карап жатты. Жоош ак боз жоргону минип, ата үйүн карай келаткан экен. Баласы карыяны аттан түшүрүп, боз үйдүн эшигин ачып үйгө киргизди.
– Бабаларыбыз жаткан жерге куран түшүрүп келдим,– деди карыя.
Александр Сергеевич Королев , Андрей Владимирович Фёдоров , Иван Всеволодович Кошкин , Иван Кошкин , Коллектив авторов , Михаил Ларионович Михайлов
Фантастика / Приключения / Исторические приключения / Славянское фэнтези / Фэнтези / Былины, эпопея / Детективы / Боевики / Сказки народов мира