Торгой баатыр Закым аттын үстүндө туруп, кезекти Кутунай алмай болду. Кутунай баатыр Кара аргымагынын үстүндө Найзасын мелжите мээлеп, Торгой баатырга каршы келатты. Торгой баатыр калканын белендеп, найзасын Кутунай тарапка каратты. Кутунай күч менен урууга камынды, ошол кезде калмактын найзасын калканы менен тосуп, албарс кылыч менен найзаны чапты эле найза кылычка туруштук бере албай бөлүнүп кетти. Анын үстүнө Закым жаныбар да буйт берип секирип кетти. Кутунай багытынан адашып, найзаны жакшы ура албай калды. Эмки кезек Торгой баатырга келди. Кутунай дөө кара аргымактын үстүнөндө куралдарын белендеп турат. Торгой баатыр найзасы мелжите мээлеп катуу чаап келатты. Кутунай калканын жакшы тоскон эмес экен найза калкангы тийип, анан сүрүлүп барып, Кутунайдын оң каруусуна сайылды. Калмак аз жерден аттан кулап кете таштады. Анан барып боюн түзөдү. Бирок калмактын оң колу жакшы күч бербей калганы байкалды. Торгой баатыр ошону билип эми чабуулга катуу өттү. Калмак дагы алынын келишинче коргонуп жатты. Бир кезде Торгой калмактын оң колун кыя чапты да карууга катуу уруп калды. Калмак ат үстүндө тура албай тоодой болуп кара аргымактын үстүнөн кулап түштү. Торгой баатыр калмакты аяп тийген жок. Ошол кезде кыргыз кошуун «Манас!», «Манас» деп ураан чакырып чабуулга өттү. Кутунайдан айрылган калмактар эмне кылаарын билбей качып калды. Кыргыздар жете келип калмактарды ат үстүнөн торойто чаап жатты. Иши кылып кыргыздар далай калмакты аттан оодара сайып, аябай алын кетирип салды. Калмактар жан айласы кылып качып калышты. Ошол майданда бир топ калмак каза болуп, далайы катуу жарадар болду. Береги чабуулдан кийин калмактар такыр баш көтөрө албай калды. Анын үстүнө алардын биримдиги жок сандалган калмактар ар бир коодо өз турмушун өтөп жаткан эле. Ошол майдан ошол болду.
Эмки кезек казактарга келди окшойт. Чек арада турган казактардын жигиттери кутуруп, кыргыздарга каршы аттанып, жылкыларын айдап кетип турду. Бир канча жолу Торгой баатыр: – Бир тууган элбиз, биз силерге тууганбыз, тили- дилибиз бир,– деп далай жолу эскертти. Бирок казактардын көпкөн жигиттери көнө турган эмес ансайын күч ала баштады. Ошондо Торгой баатыр кырк жигити менен жылкыны кайтарууга алды. Ай караңгы түн. Торгой баатырдын жигиттери көрүнбөй жылкы четинде куралдарын алып даяр турушту. Бир кезде аркы жактан топ караандын келе жатканын көрүштү. Жигиттер бир-бирине кабар беришти. Казактар үн сала жылкыларды кууп киришти. Даяр турган жигиттер чокмор менен казактын жигиттерин торойто чаап аттан кулатып жиберишти. Жыйырмадай жигит келиптир анын жетидей эле түн жамыа качып житип жоголду. Торгой баатыр жылкыларды кайра адап келип, казактын колго түшкөн жигиттерин чыккыс кылып бекем жыгач үйгө камап салышты да кароолду бекемдеп койду. Эртеси эле түштө бир айгыр үйүр жылкыны айдап казак баатыры Элдос Торгой баатырга келип, башын ийип кечирим сурады. Торгой баатыр:
– Канча жолу айттым, силер эмне калмак болуп кеттиңерби, тили- дини бир эл экенбиз, бирөө укса эмне дейт,-деп Элдос баатыр тарапты уяткарды. Жыгач үйдөгү жигиттерди бошотту. Пейли кенен Торгой баатыр жылкынын этин салып Элдос баатыр тарапты жакшы коноктоп, айдап келген айгыр үйрүн албайбыз деп кайра берди казактар ырахмат айтып уят болуп кайра кетишти. Ошентип баардык эл менен достукта жашап кыргыздардын жашоосу жакшы өтүп жатты. Ошол иш ошол болду. Андан башкача болгон жок.
***
Күндөрдүн биринде Торгой ата ойго батып, санаасына бир нерсени салып жүрдү, «жЖашым да өтүп баратат, кокус көзүм жумулуп кетсе, балдарым мал талашып элге-журтка кеп болбосун»– деп балдарына анча-мынча жыйган дүйнөсүн бөлүп берүүгө шашылды. Күндөрдүн биринде ал балдарын жанына чакырып кемпиринин көзүнчө айтты :
– Төрөкочкор чоң атам өлүп, андан жалгыз Куржун төрөлдү, атам мени канаттууга кактырбай, тумшуктууга чокутпай жакшы өстүрдү анысына ырахмат. Атам мени акылдуу уулум дап эң жакшы көрчү. Бир олуттуу иш жасаарда менин менен кеңешип калчу жарыктыгым. Ал балдарын «Бөлтүрүктөрүм» деп эркелетер эле. Элде «Карынын кебин капка сал, улуунун кебин угуп ал» деген асыл макал бар эмеспи. Колумда бирин-экин байлык турат, көзүм өтүп кетсе, балдарым мал талашып элге-журтка уят болот. Жашым улам өйдөлөп баратат ошол үчүн энчи бөлүп берейин,– деп демиккенин басып токтолуп калды. Анан бир паска эс алды да:
– Мына баарыңар арай-чарай бул жерде отурасыңар, бизде Чолпон ата туягы үч короого жетет, Камбар ата саны төрт үйүр, топоз, уйдун саны жүздөн ашат. Аларды баарыңар бирдей бөлүп алгыла, колумдагы ак жоргону улуу балам Беккулу сен ал, аны менен кошо Ак шумкарды алып кең талаада жорго салдырып жүрө бер. Экинчи балам Майназар сага «Алааяк» күлүгүмү анан аң улаганга кызыгасың, сага мылтыгымы, жана бүркүтүмү берейин.
Александр Сергеевич Королев , Андрей Владимирович Фёдоров , Иван Всеволодович Кошкин , Иван Кошкин , Коллектив авторов , Михаил Ларионович Михайлов
Фантастика / Приключения / Исторические приключения / Славянское фэнтези / Фэнтези / Былины, эпопея / Детективы / Боевики / Сказки народов мира