– Мен күлүктөрдүн сырын жакшы билем. Манас баатыр жаралганда ага тагдыр Аккула жаныбарды, Алманбет баатыр жаралагнада уй куймулчак Саралыны, калмактын ханы Коңурбай бул дүйнөгө келгенде канаты бар Алгараны, Жолой дөө бул дүйнөгө келгенде Ачбууданды, Төштүк баатыр бул дүйнөгө жаралганда сүйлөйүн десе тили бар, адамдан артык акылы бар Алла Таалам Чалкуйрукту берген экен. Күлүк аты жок баатыр мекен чегин коргой албайт. Балким сизге жаратканым ушул даакысы түшө элек жүдөө тайды ыйгарса керек,– деп экөө тең боору эзиле күлүп калышты. Эртеси Торгой ата өзүнүн Чүйгө аман-эсен барып келгенине жана чаар кулунга арнап ак боз бээ чалып, эл чакырып бата алды.
Он күндөн кийин саяпкер Бакал даакысы түшө элек кулунга кам көрө баштады. Анын даакысы түшө элек жүнүн жулуп таштап, котуруна дары сыйпап айыктырды. Аны эл көрбөс тоонун түбүндөгү үңкүргө алпарып таптап жатты. Эки жылдын ичинде эле береги жаныбар ат жетпес укмуш күлүккө айланды. Күлүккө «Закым» деген ат койду. Ал жөнүндө элде мындай ыр жаралды
Көп жолу түштү эң алыскы жарышка,
Адамдан эстүү акылман жаныбар.
Марыбай чуркап берген алыска,
Маңдайында күйүп турган шамы бар.
Чаар бууданга бүт калайык көз салган,
Баатыр жанга кайыбынан кабылган.
Ойноок атты «Закым» деп атады,
Ошол бойдон «Закым» болуп аталды.
Закым күлүк кайып болгон жаныбар,
Анын эки капталында канат бар.
Алыс жерге закым болуп тез бараар,
Анын даңкы бүт ааламды аралаар.
Карылар айтчу экен «Кээ бир баатырга энчини төрөлгөндө эле берилет экен. Торгойго Жаратканым энчини өтө кеч берди», деп, анткени ал «Закым» деген күлүккө өтө кеч жетпедиби. «Закым» деген күлүк мезгил менен жарышып закым болуп турду. Анын саяпкери дагы аябай талантту адам эле. Ал ат тапаганда өзүнүн ичкен ашын жерге таштап салчу. Ал адам күн-түн тынымсыз иштеп жатты. Ошонун натыйжасында көп жылдар боюу «Закым» деген күлүккө ат жетпей турду. Чоң аш тойлордо эл алыс жактан «Закым» күлүктү көрүш үчүн атайын келишчү экен. Элде «Закым деген күлүгү бар Торгой баатыр» деген анын ысымы алыска тараган тура. Даңазалуу байлар биринчи келген күлүккө көп жылкы, беш жүз койду берген күндөрү болуптур. Ал тиягы Нарын, түндүгү Казактарга чейин барып башкы мөрөйдү утуп келген күндөрү болгон экен.
***
Эми калмактар кутура баштады. Алар кыргыз жерин көлдү ээлеп алгысы келди. Ошол үчүн тынымсыз ууруга же чабуулга өтүп жатты. Торгой ата элди коргоодо Чүйлүктөрдөн көргөн ар кандай өнөр менен ыкмаларды жигиттерине үйрөтүп аларды чабуулга даярдай баштады. Эмки кезек калмактарга келди. Күчү кетсе да бирин-экин кыргыздарды чаап жүдөтүп жиберди. Ошондо Торгой баатыр ар кайсы жерден чоң кошуун курады. Аларга кылыч чаап, найза сайганды, жаа атканды эң жакшы үйрөттү. Акыры салгылашууга калмактан Кутунай дөө баштаган кошуун келди. Салгылаш Каркыра жайлоосунун жанында чоң дайранын түндүк тарабында түз жерде болмой болду. Эки жоо бир-бирине кек сактап катуу турду. Айрыкча калмактардын көңүлү жаман кыргыздарды көлдөн сүрүп салып, касиеттү жерди ээлеп алгысы келет. Эки кошуун бир-бирин карап турат. Бир кезде калмак тараптан бир жигит Торгой баатырга чаап келип:
– Торгой баатыр Кутунай жекеге чыгууну каалап жатат,– деди.
– Макул ошондой болсун баатырыңарды камдагыла!
Калмак тарап кичине буйдала түштү да, анан Кара аргымагын каргытып бирөө чыкты. Кебетеси дөө сыяктуу чоң адам, аты да ыргыштап токтоно албай турат. Кыргыз тарап кичине сестене түштү.
– Калмактын кайсы баатыры, денеси эң эле чоң экен?
– Каапыр кебетеси суук, такыр башкача тура.
– Бул ким ия?
– Ой, бул калмактарды баштап келген Кутунай алптын өзү тура.
Кыргыздар кимиси чыгаары белгисиз жымжырт болуп калышты.
Калмактар катуу кыйкырып:
– Жабуу, жабуу, жабуу,-деп үн чыгарып жатышты.
Ошондо Торгой баатырга Шыгай баатыр аты менен келип:
–Торгой аба Кутунайга каршы мен чыгайын,– деди найза кылычын кармалап.
– Кой болбойт тиги тараптын кошуунду баштап келген баатыры чыгып жатса, мен быякта турганым болбойт, мен силерди баштап келгем мен чыгам.-деди да, аттан түшүп, басмайлын, көмөлдүрүгүн бекемдеп, кылыч, найза, чокмор, калканын кармап жаныбар Закымга минип, Кутунай тарапка куюундаткан тейден кетти. Кырыгыздар:
– Кыргыз!
– Кыргыз!
– Манас!
– Манас!
– Торгой!– деп үн чыгарып жатты.
Эки баатыр кармашканга өттү. Алар бир пас сүйлөшүп калышты.
Александр Сергеевич Королев , Андрей Владимирович Фёдоров , Иван Всеволодович Кошкин , Иван Кошкин , Коллектив авторов , Михаил Ларионович Михайлов
Фантастика / Приключения / Исторические приключения / Славянское фэнтези / Фэнтези / Былины, эпопея / Детективы / Боевики / Сказки народов мира