Жолочулар тынымсыз жол жүрүп отурду. Торгой атанын жанында Карбоз деген жигит келаткан, анын колунда жаасы бар эле, жолдон чер камыштын арасынан бырпырап кыргоол учуп калат ал аны атып алып, токтогондо ошону шишкебек кылып бышырып жеп ырахаттанышат.
Алар өтө кеч калып бир чоң боз үйгө келишти. Үйдүн адамдары өтө боорукер жакшы адам экен: «Жол жүрүп келаткан кудай конок экенсиңер түнөп кеткиле» деп бир козу союуп коноктойт. Жолочулар ырахмат айтып, ал үйгө конуп, эртеси жолго чыгат. Ошол үйдү жети жашар эркек бир баласы бар экен. Ошол бала кечке эле кулунду карай берет. Торгой ата:
– Эмне сага кулун керекпи ушул кулунду кармап байлап ал,– дейт.
Ошентип ошол кулун ал жерде калып калат. Эс алган жолочулар эртеси жол улантып чыгышат. Алар бир күн боюу тынбай сабалата жол жүрүп келаткан болот. Баары бир демеси калгансып эмнегендир артын карап келе жатышты. Анысы аз келгенсип алардын минген аттары да артын карап кишенеген болот. Баары артынан бир нерсе келеби деп күтүшкөндөй болушат. Сапар тартып кетип баратышты, асмандагы ыйык күн да сапар тартып жол улантып келатат. Баардыгы тынымсыз жол улантып калган. Алар сапар улабаса өмүр токтоп калган жатпайбы. Өмүр уланбаса анда жер бетинде жашоо токтоп калган турат. Жолочулар эмнегендир бир нерсесинен айрылгандай болду, алар артын карап калышат. Эмнени карап, эмнени күтүп жатышат. Бүгүнкү жол анча уланган жок, жол түз болсо да аттар чарчап адамдар да чаалыгып калгансыды. Алар сапар жүрүп отуруп, бир чоң таштын түбүнө түнөп эс алып эртеси жөнөмөй болушту. Тамактанышып, чарчаган адамдар бат эле уйкуга киришти.
Түн ортосу болуп, тарапка айран төгүп салгансып ай сүттөй жарык, жердеги өскөн өсүмдүктөр адамдын көзүнө даана көрүнөт. Жолочулар дагы эс алмакка камынып кызуу уйкуга киришти. Бир кезде эле карышкыр, чөөлөрдүн улуп-уңшуган үндөрүн угушту. Жапайы жырткычтар бир нерсени жеп жаткандай болду. Адамдардын үндөрү, кыйкырыктар угулду. Анан эле баягы кулундун ичке сызылып чыккан үнү жаңырды. Ал дабыш басылып, анан күлүктөрдүн чуркап келаткан жер жарган үндөр чыкты. Бир топко адамдардын күлүктү сүрөгөн үндөрү басылбай турду. Анан кулундун кишенеген үнү угулуп, Торгой ата Карбоз жигитине санын укуп кайрылды:
– Барып карачы баягы чаар кулундун үнү угулат, эмне ал ушул түндө бизге жете келдиби,– деп кеп салды. Жигит бир топ жерге көз жүгүртсө, аттардын жанында баягы чаар кулун турган экен. Чоң жылкылар кулунду тегеректеп алып, аны эркелеткенсип жүнүнөн жалап жуктап жаткан экен. Карбоз кайра келип, чаар кулунду аттардын жанында турганын айтты. Баардыгы таң калышты. Түндөгү жырткычтардын үнү кайдан угулду, бул жерде арбактардын мүрзөсү жокпу деп шекшиништи. Үн жок алар бир нерсе жөнүндө ойлонуп жатышты.
Сопу-садык өтүп, түн жарымы башталып, жылдыздар суюлуп кирди. Анан эле бир аз туруп толук караңгылык кетип, жер ак шам болуп, чыгыш жак алоо жаркырап күн чыкканга камынды. Эртеси жолочулар эрте туруп караса чаар кулун жылкылардын арасында турган экен. Алар кулун жөнүндө эч нерсе айтышкан жок. Кулунда бир касиет бар экенин сезишти. Тамактанып, тиш какшаткан муздак булактан суу ичип сапар жолго аттанып кетип баратышты. Ошентип бир канча күн-түн тынбай жүрүп отуруп Түпкө жете келишти. Артынан баягы даакысы түшө элек чаар кулун ээрчий келди. Туугандар солтолордун сыйына аябай ыраазы болду. Алар солто эли элдин тогу деп мактап жатышты. Торгой атанын Бакал деген күлүктөрдү таптаган саяпкери бар эле ал жылкы сырын мыкты билген адам болчу. Анын атасы да саяпкер болуп, бул ыйык кесипти ошол атасынан үйрөнгөн экен. Ал жылкы таптоонун көп өнөрүн билип аны башкаларга айтчу эмес. Торгой атанын да мыкты күлүктөрү бар эле. Мисалы: «Желжетпес», «Торкашка», «Торуайгыр», жана башка күлүктөрү болгон. Ал эми «Алатуяк», «Арчатору» деген жорголору дубанга таанымал эле. Саяпкер чаар кулунду карап аябай таң калып кубанды:
– Торгой аба солтолордун белегине ырахмат сизге ченемсиз күлүк берген тура.
– Эмне берген жорголорунан күлүк чыгабы?
– Жок кеп андан эмес, мен бобу даакысы түшө элек чаар кулун жөнүндө айтып жатам.
– Ал эмне экен, ошондон кантип күлүк чыксын даакысы түшө элек бир жүдөө жаныбар тура – деп Торгой ата таң калды.
– Жок аба бул убагы келгенде буга эч бир күлүк караандабайт, бул жаныбар чөл жылкысы менен көл жылкынын ортосундагы аргын жаныбар тура, мындай күлүккө эч бир баатыр оңой менен ээ боло койбойт.
– Анысын кайдан билдим, мен бир жөн эле жүдөө кулун экен деп ойлогом, артка калтырсак да калган жок бизден калбай ээрчий келди. Жарыктыктын сызылып чыккан үнүчү. Мен муну талаада өлүп, тарпын каргы-кузгун жейт го деп ойлогом.
Александр Сергеевич Королев , Андрей Владимирович Фёдоров , Иван Всеволодович Кошкин , Иван Кошкин , Коллектив авторов , Михаил Ларионович Михайлов
Фантастика / Приключения / Исторические приключения / Славянское фэнтези / Фэнтези / Былины, эпопея / Детективы / Боевики / Сказки народов мира