Бул убак беш оона айынын орто чени эле. Айлана салкындап, бат эле күн улуу тоолордун артына жашынып кеч келди. Анан жыбыт-жылгага күүгүм түшүп, караңгылык акырындап аралай баштады. Андан кийин алоо жана балбылдап алтын табактай болуп, жер бетине текши нур тарата түн сулуусу калкылдап ай чыгып турду. Айлуу түндө жалгыз ат кишенеп кайсыдыр бир тарапка кетти окшойт. Алыстан түн жырткычы үкү шектүү үн берди, жамангабы, жакшылыкабы ким билет? Арыдан кой мекиренип козусун чакырып жатты. Козу маарай чуркап келип энесинин эмчегин какшыта эмген шекилденет. Бобереги келишкен боз үй Куржун атаныкы. Ата аялы экөө жылуу төшөктө жатат. Төрдөн ары бешик, бешикте Торгой мемиреп уктап жатат. Бир кезде кандайдыр шектүү дабыштар чыкты. Ошол үндөн экөө ойгонуп кетип, чыккан үнгө кулак төшөп калышты. Сак жаткан адамдардын уйкусу эрте эле канып калат эмеспи. Түндүк жабуу чала тартылып калыптыр, айдын үч бурч шооласы жердеги көлдөлөңгө чачыла төгүлүп турду. Ошол алакандай нур үйдүн ичин жарык таратып турат. А бешикте бала мемиреп уктап жатканда күтүлбөгөн окуялар башталып кирди. Эшик аяр ачылып, чаар ала күрсүйгөн чоң жолборс күркүрөп кирип келди. Жаныбар кирип келатканда боз үй ала салып кетчүдөй болуп, карс-курс эте үн чыгарып жөн турбай кыймылдап турду. Катуу шамал башталып жаткандай элес сезилет. Түшкөн ай жарыгынан баардыгы даана көрүнүп жатат. Жолборстун күрүлдөгөн үнүнө чыдай албай, үзүк, туурдук, уук, кереге, шамал соккондой үч көтөрүлө делпилдейт. Эне коркконунан кыйкырып ийгиси келет. Ата аны колу менен катуу басып тынчтандырып үч жолу келме келтирди: « Кул хувал-лоху ахад, бисмиллахи вассалоту вассаламу ахад. Шүк жат, бул касиеттүү жаныбар баланын коргоочусу,-деди аялына Куржун ата эскерте шыбырап.
Касиеттүү айбаттуу жаныбар бешиктин жабуусун ачып баланы тили менен сылап жаткандай туюулду. Анан коломтодогу күйүп бүтө элек отту алдыңкы буттары менен асман-айга чапчып чача баштады. Чаңдан үйдүн ичи будуң чаң алай-дүлөй тартып, эч нерсе көрүнбөй калды. От учкундары боз үй ичине жылдыз болуп учуп жатты. Жолборс баарын кыйратып сыртка чыгып кеткендей болду. Бирок кетип баратканда жолборстун күрүлдөгөн үнү кадимкидей угулуп турду. Короодогу кой кыймыл салып ары үрккөндөй сезилди. Иттер бир тарапты карай чуркап ажылдап үрүп жатты.
Эненин денесин токтобой калтырак аралап турду. Куржун ата аялына:
– Үн чыгарбаганың жакшы болду, арбак жардам берди. Добуш берип кыйкырсаң, баланын коргоочусу карматпай качып кетмек. Кудайым чоң колдоду, колдоочу келгенде, бир нече жолу келме келтирип, тынч туруу керек. Ал адам баласынын тынчтыгын сүйөт. Экөө үйдүн ичин карады. Чын эле коломтодогу күл эшиктен бери айланасына чачылып калыптыр. Коломтодогу күлдө кадимкидей жолборстун бадырайган изи калыптыр. Боз үйдүн эшиги бир ыптасына кыйшайып ачылып жатат. Жолборстун боз үйгө киргени чын эле белгилүү болду. Экөө туруп бешикти ачып баланы карады, ал эч нерседен капары жок наристе тердеп-кургап пейпил уктап жатыптыр.
– Баланын коргоочусу жолборс тура,– деди ата.
– Болсун ден соолугу сак арбак колдоп, аман-эсен чоңойсун, быйыл жолборс жылы эмеспи, айбаттуу жаныбар биздин үйгө кирип, ырыскысын чачып кетти,– деп эне жаадырай беш энеси төгүлө кубана жылмайды.
Алар бул сырдуу аянды көз тиет деп эч кимге айтпады. Эртеси эне тогуз токоч бабеедин жасап, жараткандан жардам сурады. Касиеттү Куржун ата ак боз бээ чалып, журтту чакырып бата алды.
Ошол иш ощол болду.
Андан кийин далай убакыт зымарап өтүп, келгиндер учуп келип, кайра учуп кетип далай кыш, далай жаз бири-бири менен алмашты.
***
Ошентип Торгой атанын колдоочусу эч нерседен кайра тартпас баатырлыгы ашкан жолборс болду. Чын эле ошондой болду. Бир четинен душмандарына өтө сүрдүү, элге өтө күйүмдүү болду. Ал учурда күч алып турган калмактарга Торгой кадимкидей баатыр жигиттерди курап нечен жолу чабуулдарды коюп, калмактардын эсин оодарып мизин катарып таштады. Далай жолу калмактар көч көчүрүп баратканда көчүн ашуунун белинен чечебиз деп чабуул коюуга камынды. Айласы кеткен калмактар Торгой атага тизесин бүгүп, ылдый жүгүнүп, «бизге ырайым кылып кой» деди. Калмактар кандай эл эле Жунгарлар деген чоң өлкөнү түзүп, айланасындагы кытайларга, уйгурларга, кыргыздарга, монголдорго чоң эзүүсүн жүргүзүп жаткан журт эмес беле. Алардын каардуу эзүүсүн кыргыздар, казактар эч убакта унутпайт.
Уламада «Кыргыз кайың саап» деген сөз бар эмеспи. Калмактардын эзүүсү улама, санжырада арман болуп кала берген. Алар биздин көлдү, Ала Тоону ээлеп алып, калкыбызды башка жакка сүргүсү келген. Ошондой эле болгон. Кыргыздын баатырлары калмактарды башка жакка айдаган, айласы кеткен калмактар Россияга кайрылып, азыркы Калмакстан деген жерди алып бизден такыр башка жакка сүрүлгөн. Манастагы Коңурбай менен хан Жолойдун баянын эсте эмеспи.
***
Александр Сергеевич Королев , Андрей Владимирович Фёдоров , Иван Всеволодович Кошкин , Иван Кошкин , Коллектив авторов , Михаил Ларионович Михайлов
Фантастика / Приключения / Исторические приключения / Славянское фэнтези / Фэнтези / Былины, эпопея / Детективы / Боевики / Сказки народов мира