Бул жайдын бир түнү болчу, асман катуу түнөрө жылдыз, айды көрсөтпөй катмар-катмар булут басып, анан катуу үн чыгып каршы-терши чагылган түшө баштады. Жерге койдун корголундай мөндүр түшүп анын артынан катуу жамгыр сабалап жаап кирди. Жылкылар тосоотко моюн бербей туяктары кара топуракты эшип, ылдый карай куюула удургуй кирип, тарап жаан үнүн коштоп апыл-тапыл болуп айлана ого бетер дүңгүрөп турду. Катуу жамгыр далайга дабырап жаады. Жылкычылар ылымта издеп чоң таштын түбүнө жашынды. Жердеги калың жашыл чөптөр жаан эпкинине багына берип башын ылдый сала жерге карай жапырылды. Анан бир кезде жаан басаңча тартып, кайрадан күч ала сабалай жаап кирди. Жылкы кайтарган жылкычылардын киймими жети катарына өтүп суу болуп, эшилгенине кайыл болуп, «жылкыларыбызга жоо колу тийбей аман эсен чыгып, эл-журтка жүзүбүз жарык болсун», -дейт. Анан бир кезде жаан басылып, жылкылар кошкурук ата күбүнө эс алып жаандан кийинки көк чөптү кайра кырт-кырт чайнап киришет. Ал эми жылкычылар ат үстүнөн түшүп, кийимдерин сыгына суусун сарыктырып кайра кийинип, анча-мынча болсо да курганып алышат. Мырзакулмырзанын темингени Алатуяк жаныбар. Муну мингени төрт-беш жылдай болду. Бир кезде эле онго чукул калмак жигиттери чабуулга кирип, жылкыны айдай баштады. Ошол кезде Мырзакулмырза катуу кыйкырып калмактарга чабуулга өттү. Калмактын эки жигитин ат үстүнөн торойто чапты. Дагы экөөн аттын үстүнөн оодара тартып жерге түшүрдү. Калмактар удургуй жылкыларды айдап кирди эле, баатыр жетип барып бир жигитин « мына сага» деп чокмор менен баштан ары тартып жиберди. Ал жигит тил оозсуз атынан кулады. Эми калмактар жапырт жабалактап баатырга асылып киришти. Алатуяк дагы чоң жаныбар эле өкүмдүк менен калмактардын аттарын жөөлөй кирип, баатыр болсо чокмор менен оңун- оңго, солун- солго шылап кирди. Баардыгы ат үстүнөн тоголонуп түшүп жатты. Же ителги каргаларга тийгендей эле болду. Калмактын жигиттери сестейип, беш алтоо калды эле ал баатрга асылганды коюп, аттарына камчы уруп кара жанын соогалап качып калышты. Жоо кетти. Жылкычылар менен жылкылар калды. Эртеси болду. Баатырдын чокмор катуу тийип, эки жылкычы каза таап, беш алтоо жарадар болуптур. Калмак жигиттери кечирим сурап, эки өлгөн жигиттерин алып кетишти. «Экинчи жолу жылкыңарга кол салбайбыз» деп катуу убадаларын беришти. Мурун эле баатырдын атак-даңкы элге тараган ошондон кийин анын эрдиги күчөп эл-журтка а түгүл калмак, казактарга кошуна элге аты тарап, атагы элге айдың боло баштаган.
Орозбак атанын баатыр чалыш уулунун бири ушул Мырзакулмырза болду. Беш баласынын жөндөмү тагдырдын жолу менен ар башка болду. Анын чымыр тарткан булчуңу, тарамыштуулугу, боюунун келбети, эч нерседен кайра тартпастыгы, курчтугу жана башка баатырга тиешелүү сапаттары анын даңкын көкөлөтө көтөрчү.
Ошол иш ошол болгон. Бул баатырдын жылкы кайтаргандагы бир окуясыы жылт-жулт этип санжыранын сүртүмүндө эске келип туруп алды. Баса ал окуя кандай болду эле анда санжырачылар айткан баянын унутпай эстей кетеличи.
Ал ушуга окшош көп окуяны эстеди Ар бир түндө жылдыз чыкчу. Баатыр ошол жылдыздарды берилүү менен кароочу эле. Ар кайсы жерден түн периштеси жылдыздар жымыңдап көрүнө баштады. Асмандан чачыла Саманчы жолу жылдызы жатты анын капталында Кичи Жетиген, Чоң Жетиген жылдызы чыга келди. Ал эми түндүктө Алтын Казык жылдызы быякта мен бармын дейт. Ааламдын ар бир жылдызы түн менен жымыңдап чыга келет. Мырзакулмырзанын көптөн бери ичи ооруп келет. Бул оору эмне оору экенин билинбейт. Кээде башы айланып, кулагына дүңгүрөгөн үн угулуп көзү тунарат. Үйдөгүлөргө айтты:
– Бүгүн мен жылкы кайтарып келейинчи.
Аялы көңүлдөнбөй:
– Жылкыны жылкычылар эле кайтарат, сен ооруп жүрөсүң эки жакка көп чыкпа жаның кыйналып турат.
– Ошондой болсо да кайтарып келейин, жылкы кайтарганды сагындым.
– Бүгүн эле кайтарып келем.
Ал ооруса да жылкычылар менен жылкы кайтарып жүрдү.
Атам замандан бери кыргыз эли душманынан сактанып, ары бир удургуп, бери бир удургуп көчүп жүрдү. Алар жөн эле көчпөй азык аш тамагы малы менен көчүп жүрдү. Жанында Камбар Ата баласы колдогон жылкы. Чолпон Ата тукуму колдогон уй болду. Аларсыз кыргыз эли бир жерден экинчи жерге көчпөйт эле. Ошолорду багып, ачка кезде ошолорду азык кыла тамактанып жеп жүрдү. Жылкы баласын жылкычылар багып, аны душман көзүнөн сактайт. Аларды жөн эле бакпайт, алардын жүрөгүндө байыртадан келаткан кыргыз эли жараткан кыргыз ырлары болгон. Алардын жан дүйнөсү ошол ырлар менен байланыша кан-жанына ширелген. Кыргыз эли байыртадан бери ошол ырлар менен жашап келген. Шок жигиттер жылкы үстүндө жүрүп алым сабак ыр айтып, же шырылдаң ырын созуп жиберип жатышты.
Султан аттуу шырылдаң,
Шырылдаң биздин шыйкыбыз.
Бүгүн канды уйкубуз.
Эсен болсо жылкыбыз,
Эртең канаар уйкубуз.
Мырзакулмырза жылкы четинде ушул ырды эстеди. Өзү да ыр ырдап ушул ырды созуп калаар эле. Жылкы четинде жүрүп, анын эсине өткөн элестер закымдап келе берди, келе берди… Ал окуялар кандай болду эле…
Александр Сергеевич Королев , Андрей Владимирович Фёдоров , Иван Всеволодович Кошкин , Иван Кошкин , Коллектив авторов , Михаил Ларионович Михайлов
Фантастика / Приключения / Исторические приключения / Славянское фэнтези / Фэнтези / Былины, эпопея / Детективы / Боевики / Сказки народов мира