– Ата-бабанын арбагы колдоп, эсен-соо эле болсо болду. Баса кара карга баласын аппагым,– дейт экен. Эне кантип эле ушуларды жаманчылыкка кыйсын. Жада калса, колдун беш бармагы да ар түрдүү болот экен. Беш баланын кыялын беш башка жаратып койгон тура. Арыкмырза эл башкарып акыйкаттуу адам болуп, анын сөзүн калыстыгын башкалар эң туура жактырышчу. Мырзакулмырза баатыр чалыш ага кудайым ошондой күч ыйгарыптыр. Асманмырза менен Карамырза аңчылыкка, Токочмырза жер иштетип, мал бакканга шыктуу эле. Аларды тагдыр ошондой кылып койсо керек. Ошол кезде көлдүн ары чыгышындагы калмактар жер талашып алар анда-мында майда чапкынды пайда кылып турду. Бирин-экиндеп кыргыздардын жылкысына тийип, малын чаап, ар кандай кабалаңдарды алып келет. Текес, Сары Жаз андан аркы чыгыш тарпаптагы калмактар кыргыздарды чаап ат ойнотуп таптырбай кетип жатты. Ошол калмактар Орозбакты атанын малына тийип чаап турду. Баарынан эң тозогу калмактын беш мергени чыкты. Алар көзгө атаар өз журтуна аты чыккан мергендерден эле. Тоо кайберендерин кой бирин-экин малды атып, алып кетип турду. Кээ бир кыргыз адамдарына кол салып аларды түп оорду менен жок кылып жатышты. Тээ төмөнкү айылдан эки мерген өткөн күздө жок болду. Алардын шегин ушул калмактын беш мергенинен көрүп жүрүштү. Өткөн эле жылы Ат- Жайлоого конгон кыргыздардын эки жигити мал-жаны менен жок болду. Алардын жок болгонун ушулардан көрүп жатышты. Иши кылып алар бир четинен шек билгизбей ушундай азап-тозокторду жаратып жатты. Алар жөнүндө мындай ыр бар эле:
Калмактардын беш мерген,
Мылтыгын түз мээлеген.
Катылгандар такыр оңбогон,
Шыпшайдар сындуу сомдогон.
Орозбакты ата ошолорду кандай кылып жоготууну ойлоп жатты. Алардын капшабы жалпы калайыкка тийип жатпайбы.
Мырзакулмырза далай аң терилерин берип отуруп, казак туугандар аркылуу орус көпөстөрүнөн бат атма сонун эки мылтык сатып алган. Бир күнү Мырзакулмырза иниси Карамырзага кайрылды:
– Иним калмактын беш мергенин жок кылалыбы?
– Алар жер сырын билген эң эле кадик мергендер, колубуздан келбейт го, өзүбүз майып болуп калбайбызбы?
– Келет биз дагы сактанабыз, алар ушул Чоң Ак Кайкыда же Кичи Ак Кайкыда аңчылык кылып жүрөшөт.
– Чебердеш керек аларга тийишүү эң эле опурталдуу.
– Берегилер өздөрү тийишип жатат бизде канча адамдар белгисиз жоголду ошолордун баары ушулар колдуу. Ошондуктан балдардын кунун алышыбыз керек.
Ушул сөз ушуну менен аяктады.
Эки күндөн кийин Мырзакулмырза, азык түлүгүн жана курал жабдыгын алып, аркы Чоң Кайкыга карай аттанып кетти. Ал бул жерди коёндун жатагына чейин билчү эле. Сууларды кечип өрөөндөрдү тепчип жүрүп отурду. Жолдон душмандардан да сактанып жүрүп отурду. Ал ачык жер менен эмес бадал чий, черди аралап, жолун жашыруун буйткалар менен алып жүрүп отурду. Калмактар кайсы жерде көрүнөөр экен деп аңдууга алды. Ал ар дайма жаасын жанына ала жүрөөр эле. Мылтыкка караганда жаа атканга маш болчу. Жаа тартуу жагынан алдына эч кимди салган эмес. Душмандын аңдып баратканда мылтыктын кереги жок, мылтык үнү менен кайсы жерде экениңди билгизип коёт жаа эң жакшы курал дечү. Жолдон ал такыр ачка болгон жок. Жаасы менен кыргоол, кекилик атып алат да аны кургаган отун менен куйкалап эң жакшы шишкебек ширин тамак кылып жеп алып, булактын таза суусунан ичип коюп жата берет. Анын колунда алысты жакын көрсөтүүчү дүрбүсү бар муну ага Орозбакты атасы берген.
Александр Сергеевич Королев , Андрей Владимирович Фёдоров , Иван Всеволодович Кошкин , Иван Кошкин , Коллектив авторов , Михаил Ларионович Михайлов
Фантастика / Приключения / Исторические приключения / Славянское фэнтези / Фэнтези / Былины, эпопея / Детективы / Боевики / Сказки народов мира