– Ой, Мырзакул бир дабышты байкадыңбы, тээ береги Кара Бадал тараптан аттуу адамдардын дүбүртү чыккансып турат. Жылкылардын душманы келатат окшойт. Алар караңгыда ошол жакка көз жиберип жатышты. Кабар баардык жылкычыга берилди. Караңгы түн менен топ караан жылкычылар жакка берилеп келатты. Жылкычылардын жүрөгү түрсүл кагып, «эмне окуя болуп кетеер экен» деп белгисиз маанайга батып турду. Душман тарап аттарын ылдам бастырып, укуруктары менен жаныбарларды бөлө айдап, ылдам качып кеткенге аракет кылып жатты. Мырзакулмырза катуу үн чыгарып эки калмакты капталга чаап өттү алар армандуу үн чыгарып аттан бат эле кулап түштү. Баатыр башка чапкан жок, башка чапса күм-жам болоору белгилүү эле. Айлана жылкылардын дүбүртүнө жана адамдардын айбаттуу чыккан үнүнө толуп кетти. Кыргыз жылкычылары эч нерседен корккон жок себеби алардын арасында баатыр жүрбөйбү. Баатыр элге теек болоору белгилүү эле. Ал эми үчүнчү калмак Мырзакулмырзаны жекеге чакырды. Баатыр түн ичинде макул болду. Экөө элден четтеп, кармашка өттү. Калмак да баатыр экен, ал Мырзакулмырзаны капталга чаап өттү. Баатыр аз жерден аттан кулап түшө жаздады. Жанында күчтүү баатыр турганын сезип көзү ачыла түштү. Ал кайраттанып катуу кармашка өтпөсө оңбой калаарын сезди. Калмактарды ушул баатыр баштап келгенин сезип түшүнүп, муну бирдеме кылбаса болбой турганын баамдады. Калмак дагы найза, кылычын алды, Мырзакулмырза да курал жарагын алып экөө катуу кармашка өтүп жатты. Кармаш көпкө созулуп кетти, эки тарап баардык нерсе ушул жерден чечилеерин баамдап турду. Бир кезде оңтоюу келе түштүбү, кыргыз баатыры калмакты карууга катуу сайып, бутун катуу чокмор менен уруп өттү. Калмак баатыры катуу үн чыгарып учуп барып жерге кулады. Калмактар кыйкыра үн чыгарып, аттан түшүп, баатырды тегеректеп калышты. Көп өтпөй кыргыздар от жагып жиберишти, калмак баатырын оттун жанына алып келишти. Анын эки көзүнүн ортосунда меңи бар экен. Мырзакулмырза «бул баатырды кайсы жерден көрдүм эле»,– деп ойлонуп жатты. Экөө сүйлөшүп кеп башташты.
– Мен сени кайсы жерден көрдүм эле?– деди Мырзакулмырза.
– Сен биздин үйгө келип атам менен сүйлөшкөнсүң.
Баатыр баарын эсине салып жатты. Калмактар менен бир чатак чыгып, жигиттер менен Бачман деген баатыр калмак менен сүйлөшкөнүн эстеди.
– Ооба эсимде сенин атаң да баатыр киши эле, ал барбы?
– Суук тийип өлгөнүнө беш ай болду.
Мырзакулмырза жаман кейип:
– Каап жаман болгон экен андай баатыр жок эле.
Мырзакулмырза жаш баатырга кеңеш берип жатты:
– Атаңы тартып сен дагы баатыр болупсуң, бирок күчүңү жылкы уурдоого жумшаба, жаман болуп мерт болуп каласың, эгер дагы жылкыга кол салам,– деп ойлобо.
Экөө дагы сүйлөштү. Мырзакулмырза жаш баатырдын бутун кармалап көрдү.
– Сынган эмес чыгып кеткен экен,-деп бутун катуу басты эле калмактын көзүнөн от чагыла кетип, анан эс ала түштү.
– Баатыр экенсиң чыдап бердиң, башка бирөө болсо чыдабайт эле,-деп баатыр карс-карс күлдү.
Экөө көпкө аңгемелешип дос болду. Ошондон кийин көпкө жылкы уурдамай, кол самлмай токтоп, эки эл бейкут жашап калды. Мына ушуларды кыргыз баатыры жылкы кайтарып, ооруп жатып ойлоду.
Ошол иш ошол болду. Башкача болгон жок.
***
Баатырдын оорусу күч ала берип, акыры ал ушул оорудан жок болоорун билди. Ал Ысык Көлдүн жээгин эң жакшы көрчү. Ата бабалары алыскы Жалал Абад жерине Арсланбап токоюунун жанына коюулбады беле. Баатыр ал жакты каалаган жок. Дүйнөдөн кайтаарында туугандарына жана балдарына керез сөзүн калтырды:
– Менин сөөгүмү алыска алпарып убара болбогула, андан көрө касиеттүү жер көлдүн чыгышына Каркыра жайлоосуна өзүм туулган жериме койгула, ошол касиеттүү жерде ата-бабам өскөн өзүмүн балалыгым өткөн жерде жатайын.
Жана дагы оор дем алып туугандарын карады анын жанында баардыгы отурган эле. Үнүн алсыз чыгарып Арыкмарза жана Асанмырзага кайрылды:
– Асанмырза, Арыкмырза баарыңар менен мен коштошуп жатам, балдарым Алсейит менен Тынымсейитке көз сала жүргүлө, жетим болуп желкеси күйүп азапты тартпасын,-деп акыркы керез сөзүн калтырды.
Ошондон кийин баатырдын эки айдан кийин жаны учуп, көз жумду. Асанмырза менен Арыкмырза баатырдын балдарын кор кылбай эл теңдүү жакшы багып өстүрүп жатты.
ЖАМАНГУЛ АТА
Алсейит касиеттүү Мүйүздүү энегеге үйлөнгөндөн кийин, эки жыл өткөндө бир эркек балалуу болуп, «эл ичинде аман-эсен жүрсү»н деп, анын атып Жамангул койду. Наристе чоңоп басып, чуркап калганда дагы эненин боюна бүтүп, эркек төрөп анын атын Папа койду. Атанын дагы экинчи аялынан Ардам, Туумакашка деген балдары болгон дешет. Балдар аман-эсен төрөлүп, мезгил өтүп баардыгы чоңоюп жатты.
Жаз катаал кышты кууп өтүп, эски окуялар унутулуп, улам жаңы жаңылыктар жаралып жатты. Күн айга жалгашып, ай жылга кошулуп, ошентип мезгил токтобой өтө берет. Ата-эненин балага жакшы үмүтү «ушул капсалаңдуу заманда уландарым аман-эсен болсо» деген эле кеби. Эненин эки уулу тең сөөк-саактуу баатыр чалыш өстү. Көптү көргөн көсөм Алсейит балдарына кылыч чаап, найза сайып, ат үстүндө тың жүргөндү алда нечен жолу үйрөткөн. Айрыкча Жамангул боюу узун, сөөк-саактуу баатыр чалыш өстү. Алсейит ата:
Александр Сергеевич Королев , Андрей Владимирович Фёдоров , Иван Всеволодович Кошкин , Иван Кошкин , Коллектив авторов , Михаил Ларионович Михайлов
Фантастика / Приключения / Исторические приключения / Славянское фэнтези / Фэнтези / Былины, эпопея / Детективы / Боевики / Сказки народов мира