Ал кышта карышкырлар күч алып турду. Язбек бир жумуштары менен кайдадыр бир жакка жөнөп кеткен. Ошондо карыя тору атын минип, жылкы күзөтүп келүү үчүн жөнөп калат. Бул кезде жылкыларга сак болбосо болбойт. Кашабаң жылкыга ит болуп жакындап келет да анан тигинин душман экенин билбей жыттагылай берет. Анан кекиртектен алып, жаныбарды шылып кирет. Ушул кезде ата жылкычылар менен жүргөн. Ал чоң таштын түбүнө жылыныш үчүн от жагып жаткан. Улуу от алоолонуп күйүп жатат. Отко күндүз атып алган канаттуулардын этин куйкалап жеп алышат. Ошондо карыянын жанында эки эркек баланын ойноп жатканын өз көздөрү менен көрүшүптүр. Жылкы башы Сакыбай айтты: -Баястан атанын колдоочусу эки эркек бала окшойт. Экөө эгиз экен. Бир жолу жай айында ата дөңдө уктап жатканда карасам, эки эркек бала анын тегерегинде ойноп жүрөт. Буттары жылаңач, ак көйнөкчөн балдардын чочогу көрүнүп турат. Башында ак калпак. Мен балдарга жолугайын деп дөңгө чуркап бардым балдар жок ата коңурукту катуу тартып уктап жатат. Мен аны көп эле көдүм бул адам тегин адам эмес. Ар бир пенденин колдоочусу болот. Кээ бир адамды ата бабаларынын бирөө колдосо, дагы бирөөнүкү арстан, жолборс же ажыдаары болот.
Эми биз жанагы башталган окуяга кайра келели. Ошентип Тору айгырдын үйрү аркы өйүзгө кечип кетпеди беле. Ата атты минип, үйүрдү айдап келиш үчүн аракет кыла баштады. Ошондо ак калпак кийген бала атаны ээрчип алды.
– Ата мени дагы өңөрүп алчы мен дагы аркы өйүзгө барайын.
– Жок балам, суу катуу кирип турат бизди агызып кетет.
Ата атын минип агын сууга келди, бирок ат такыр сууга жолобой туруп алды. Келиндери атаны карап турду. Алардын көзүнө бир укмуш элес көрүнүптүр. Эки эркек кичинеке бала. Атаны сууга жолотпой аны алдынан тосуп туруп алды. Ат дагы кечүүнү каалбады, же такыр кечпей койду. Айласы кеткен ата атынын башын буруп үйүнө келди. Келиндери атанын колдоочусу эки эркек эгиз бала дечү, алар атанын колдоочусун өз көздөрү менен көрүштү.
Дагы бир мындай окуя эсте калыптыр. Ата үйүнөн ары бир жерге чепкенин чечип коёт. Ата атын алып келип, чепкенин кийип бир тарапка аттанмак болот. Чепкени турган жерге басып келаткан болот. Ошол кезде атанын небереси бир ташты алып, чепкенди уруп калат. Ошол таш тийген жерден чоң кара чаар жылан сойлоп качат. Эгер ата чепкенди кармап кийе баштаганда жылан аны чагып алат беле ким билет.
Биз уламада Баястан атанын аз гана окуяларын айтып өттүк. Ал токтоо, чечкиндүү, бир нерсени калыбет чечкен адам болуптур. Ал жалпы эле Беккулу атанын балдарынын баарына кеңеш берген айкөл адам болгон дешет. Ал адамдын асыл сапаттарын биз өтө аз билебиз. Ал жакшы жагы толук айтылбай калбадыбы. Ошол үчүн ыр санжырада:
Баардык ишке жол ачкан
Баястан эмес Бай арыстан,-деп ырда ырдалып жатпйбы.
КАРА КӨЙНӨК
Бул күлкүлүү бир четинен армандуу икая Баястан атанын биринчи аялы жарык дүйнө менен коштошуп кеткенден кийин болуп өттү. Анын төрт эркек эки кызы энеден жетим калып, уландары менен ата өз турмушун өткөрүп жатты. Кыргызда бир үйдүн жарыгы экинчи үйгө тийбейт деген макалдын чындыгы бар экен. Туугандар аялы өлгөн үй-бүлөгө жардам берет, бирок дайыма эле кол кабыш кыла бербейт, анткени анын өз турмушу өз жашоосу бар эмеспи.
***
Быйылкы күз жылуу тартып анан жылымыктап туруп эле куштар түштүккө эрте кетип, дарактар жалбырагын эрте күбүдү.
Көлөй ата жаратылышка байкоо жүргүзгөндү жакшы көрчү. Ал жай куунак үнү менен айтты:
– Жаратылыш өтө сырдуу күн жылуу тартып, куштар түштүккө эртелей кетип жатат. Дарактар жалбырагын күбүдү. Текечер жылдызы быйыл эртелей көрүнүп туруп алды. Бул белги кыштын суук аяздуу болоорун айтып жатат. Баласынын айтканын Баястан анча этибарга албады. Муну кыялы чапчаң Язбек да жактырган жок:
– Анын андай болоорун сен кайдан билесиң, же сага бирөө келип, кыш ызгардуу болот,-деп шыбырадыбы.
Берки балдар боору эзилип күлүп калышты.
– Менин чоң атам Бүтөбай жаратылышка байкоо жүргүзгөн адам эле ал ар бир чөптү, ар бир жаныбардын сырын жакшы билген адам болгон. Мен ошол аркылуу билгем.
Берки балдар жооп кайтарбады. Ошол окуя ошол болду.
Баястан ата жаш балдары менен Тоңго же Кочкорго кантип көчмөк. Ошентип ал ызгаар кышты Кичи Жергес, Чоң Жергес жеринде тосмой болушту. Айрым үй-бүлөөлөр камдуу болуп Тоң тарапка көчүп кеткен.
Бүтөбай айткандай чын эле кыш эрте келип, жетинин айында кар олчойто жаап салды. Анан кар бештин, үчтүн айларында кайра-кайра көз ачырбай жаап жатты. Тоонун, кырдын какыраган денени үшткөн суугу тынбай согуп, тирүү адамдын сезин алат. Катуу суукка чыдай албай арык-торук малдар четинен өлө баштады. Анын үстүнө камдап алган жем-чөп да өтө аз эле. Тоюуттун жоктугунан бодо мал анын артынан майда мал да четинен өлүп жатты. Жылкы жаныбар төш таянып кар тееп оттогон болот. Айрыкча кой, эчки, уйга убал болду. Кой жарыктык чөөп таап береби деп ээсин аянычтуу карап маарап четинен өлүп жатты. Ошондо Баястан ата айтты:
– Атаңын көрү Көлөйдүн айтканы туура чыкпадыбы, Тоң тарапка көчүп кеткенде эмне? Майда малдын баары кырылып калды. Эми чиедей балдарымы кантип багам,-деп каңырыгы түтөп кейиди. Ал кезде ата жаңы эле үйлөнгөн болчу.
Александр Сергеевич Королев , Андрей Владимирович Фёдоров , Иван Всеволодович Кошкин , Иван Кошкин , Коллектив авторов , Михаил Ларионович Михайлов
Фантастика / Приключения / Исторические приключения / Славянское фэнтези / Фэнтези / Былины, эпопея / Детективы / Боевики / Сказки народов мира