Оорулуу үчүн түндүн атмагы тозок болду. Анын денеси салмактанып, өлүм менен өмүрдүн ортосунда жатты. Караңгы түн ага жаманчылык сыяктуу жаман элестерди алып келеери белгилүү эле ошондой сезилип жатты. Анын жанында Токтоайым чебелектеп эмне кылаарын билбей көзүнүн жашын төгө коюуп отурду. Ага сүт, айран аны менен кошо дары берди бирок эч кандай арга табылбады. Уу өтө күчтүү эле ал денеге бекем сиңип алыптыр. Токтоайым кудайга жалынып: «Жаратканым бир өзүң колдой көр, бармактайымда баш кошкон түгөйүм, аман-эсен айыгып кетсе, экен»,-деп жаратканга кайра-кайра жалынып жатты. Күн-өмүр, түн-өлүм сыяктуу болду. Ал чарчаган окшойт көзү илинип кетти. Бир аз убакыт өтүп оорулуу ойгонуп кетти. Үйдө үлпүлдөп алсыз чырак күйүүдө. Ошол чыракты жетим көпөлөк айланып учуп жатат. Оорулунун көзү күндүзгү чымынды кандай көрсө, көпөлөктү да ошондой көрүп турду. Көпөлөк кайгылуу, саналуу сезимди берип, бирде төмөн, бирде жогорулап учуп турду. Ал чыракка урунуп күйүп өлчүдөй элести берип жатты. Оолулуу байкуш «жетим көпөлөк чыракка күйүп өлбөсө экен» деп макулукту аяп турду. Эмнегендир макулук чыракка күйүп өлчүдөй болгон. Оорулу өзүн ажалдын чегинде турганын түшүндү. Сыркоо адамдын жаны өмүр менен өлүмдүн ортосунда термелип турду. Кайсынысы жеңип кетеери азыр табышмак болуп жатат. Токтоайым менен Асенек оорулуунун жанында эмне кылаарын, эмне жардам береерин билбей турду. Алар үн чыгарып сүйлөшкөндөн дагы жазганат. Анда-мында оорулуга чыны менен суу ичирип жатты.
Түн мейман кетип, анан таң агарып, күн чабарман бат эле чыга келди. Күндүн келиши менен терезеден куштардын карааны көрүнүп, абаздуу ырлар жаңырып жатты. Ал бир кезде денесин түздөп, эс учун такыр жоготту. Сырттан Токтоайым кирип келип, кайра артка атылып чыгып, эки-үч эркекти жана молдону ээрчитип кирип келди. Сыркоо адам бир жолу денесин түздөп анан жарыкчылык менен коштошуп кете берди. Молдо оорулунун абалын көрүп туруп ага дем салды. Анан оорулу дагы бир акыркы жолу денесин түздөп, көзүн ачып, жанындагы адамдар менен коштошо кете берди. Үйдө Асенектин жана аялдын бышактап ыйлаганы угулуп жатты. Молдо:
– Жакындарым, кайраттангыла, бу да болсо Улуу алланын жазмышы туугандарыңарга кабар бергиле, маркумду алып кетсин,– деп келгендер чыгып кетишти. Бир кезде ыйлаган адамдардын үнү басылды. Үйдө баягыдай кооптуу тынчтык аралады.
Улуу тынчтык айтты:
– Оорулуу адам бул дүйнөдөн кайтты. Ал улуу жымжыртыкка батты.
Тынчтык кандай болсо каза болгон адамдарда жымжыртыкка батат. Аларга тынчтыктан башканын кереги жок. Анан керек кезде куран окуп алардын сүйкүм элесин эскерип туруш керек, андан башка эч кандай айла жок.
Үй ичи жымжырттыкта бир гана аялдын анда-санда эчкирип ыйлаган армандуу үнү. Асенек менен Токтоайым каза болгон жаркын адамдын керезин аткарганга киришти. Эртеси таң супа салып агарды. Күн ачык, бирок бул үйдө толгон капа. Төрөкочкор атаны эки-үч адам майрам сууга алып аруу жууп чыгышты. Молдо келип куран окуп, он чакты адам сөөктү касылган жайга алып жөнөштү.
***
Кокон шаарынан ары бозомук дөбөлөрдүн оң жагында мүрзөлөр бар. Ошол бозомук кичинекей дөбөлөргө дагы бир дөбө кошулуп. Дагы бир арман пайда болду. Баягы жөргөмүш салган тор ажал тору болчу. Ажал тору жаныбарларга да адамга да келет экен. Ажал тору атаны алып кетти. Армандуу ата ошентип киши колдуу болду… Жарык дүйнөгө дагы бир арман жаралды. Ал арман адамдардын эсинен кетпей калды…
Үйдө Төрөкочкор атанын ак кушу бар эмес беле. Ата аны эриккенде, кубанычка баткан жакшы күндөрүндө аң уулап, коён, кекилик майда жандыктарды алдыраар эле. Касиеттүү куш ээсинин өлгөнүн билип, арманга батып, анда-мында үн берет. Анткени кастарлап баккан адамы жок болуп жатпайбы. Токтоайым ыйлап тамак берип жатып айтты:
– Сенин жакын адамың Төрөкочкор биз менен коштошуп тиги дүйнөгө узап кетти. Сени балапан кезинде ыйык жер Ысык –Көлдүн чыгышынан кармап колуна кондура келген эле. Эми анын каза болгонун бугу эненин уруусуна барып кабарла. Ал жер алыскы Ала Тоонун арасында, тоңбос Ысык Көлдүн чыгышында Хан Тоонун бери жагында экенин билесиң да. Ыйык куш касиеттүү энени айтканын жаземдебей түшүндү окшойт үн салып койду. Токтоайым эне молдого төмөндөгүдөй араб тамгасы менен кат чийдиргенге камынды.
Салам дубай кат
Александр Сергеевич Королев , Андрей Владимирович Фёдоров , Иван Всеволодович Кошкин , Иван Кошкин , Коллектив авторов , Михаил Ларионович Михайлов
Фантастика / Приключения / Исторические приключения / Славянское фэнтези / Фэнтези / Былины, эпопея / Детективы / Боевики / Сказки народов мира