–Жигиттерден ким барат.
Баардыгы унчукпай тунжурап калышты.
–Анда эмесе кимди тандайлы, эрте күндү кеч кылган болбойт. Убакыт өтүп жатат.
– Ар бир нерсени билген атка жеңил тайга чак, Акүчү баатыр барсын.
– Чырым этип уйку албас Акүчү баатырыбыз бар эмеспи.
– Денеси тарамыш кармаганын кайыштырган Акүчү баатырыбыз бар.
– Ошол жарайт.
– Эми анын минген жылкысын тандашыбыс керек, мингени начар болсо кайндай баатыр болсо да алдырып жиберет.
– Торкашка жаныбар таштуу жолдо чарчабас.
– Жок ал айсыз түндө алдырып жиберет.
– Ак байпак.
– Жок ал таштуу жолдо бат эле чарчап калат.
– Кара сүлүк.
– Ал шамалдан жалтанчаак көзүнөн жаш агып, чуркай албай калат. Анын үстүнө эти качып карып да калды.
– Касиеттүү Кара күлүк кандай?
– Ал катуу ысыкка чыдай албайт.
–Карбоз жаныбар бар эмеспи.
– Ал асманда уча албайт. Эки капталында канаты жок.
Отургандар күлүк таба албай тунжурап калышты. Бир карыя айтты:
– Анда эмесе Желжетпести тандайлы. Аны эч бир буудан кууп жете албайт. Анткени анын эки капталында канаты бар. Душман жакындаганда канатын жайып учуп карматпай кетет. Минип жүргөн ээсин алыстан тандайт. Ал кишисинен башкага келбейт. Жарыктык Желжетпес күлүк чөл жылкысы менен көл жылкысынын ортосунан жалгашкан. Аны караңгы түндө келип кайып чабандес ата таптап жүргөн жайы бар экен. Айлуу түндө Кайып Ата келип касиеттү жаныбардын жал куйругун сылап эркелетип кеткенин көп эле адамдар көрүптүр. Жарыктыктын эки капталында эки канаты жайып, эки үч кишини көтөрүп учуп кетет. Бугу элинин таалайына бүткөн башкача тулпар. Ал жарыктык буудан Манастын Тайторусунан кем эмес.
– Бугу эненин ырысына жаралган алты ай минсе арыбас, он ай минсе чарчабас канаты бар жаныбар.
– Алыс сапарга Желжетпес гана жарайт.
Ошондо жанагы ак сакалчан карыя:
– Балдарым туура масилет курдуңар. Кыйынчылыкта алыс сапар жолго Акүчү баатыр жарайт аны эр жигиттин пири Шаймерден колдосун эми ал минүүчү тулпар касиеттү Желжетпес күлүк аны жылкынын пири Камбар ата колдосун. Айланайын эл журт Мүйүздүү эненин тукуму акылдуу уулубуз алыс жакта Төрөкочкор каза болуптур аны баласы менен алып келишибиз абзел. Биз эми Акүчү баатырдын аман-эсен барып келишин чын дитибизден каалайбыз ата бабанын арбагы колдоп эсен-соо барып келсин баарыңар батаңарды бергиле кана эмесе Оомийин!
Баары жабыла бата беришти. Кээ бирлери атадан калган туякты алып келгенге кубанса, көпчүлүгү баатырдын каза болгонун эстеп көзүнөн жаш төгүп ыйлап жатты. Көлдүн чыгыш жагындагы Мүйүздүү эненин тукумунда ушундай окуя жүрүп жатты. Көптөрү ичинен «Мүйүздүү эненин арбагы колдоп ишибиз алга жылса экен» деп жатты.
Акүчү баатыр касиеттүү Желжетпес күлүктү минип түштүккө карай «чу» койду. Касиеттүү күлүк көптөн бери жолго чыкпай буулугуп калган экен жаныбар булуттуу көктүн алдында, муңдуу чөптүн үстүндө жаадай сызып учуп кетип баратты. Аны көргөн элдер айтты:
– Бул касиеттүү бугу уруусунун күлүгү Желдетпес.
– Алар ушул күлүгү менен сыймыктанат.
– Жаныбардын учуп баратканын карагылачы. Жоон санында касиеттүү бугу уруусунун белгиси жүрөт.
– Бул бугу уруусунун ай тамга белгиси.
– Муну минип бараткан кайсы чабандес.
– Ары чабандес, ары атка жеңил, тайга чак, кыргыз баатыры Акүчү.
– Анын денеси чылгый тарамыш көп күрөшкө түшүп жеңип чыккан.
– Ат минип найза алып чыкса эч кимге алдырбайт. Жоого каршы кыйкырганда анын сүрдүү дабышынан жанында эч ким тура албайт.
– Баатырдын жолу болсун!
– Баатырды ата бабасынын арбагы колдосун!
– Аны Бугу ънесинин арбагы колдосун!
Желжетпес жаныбар абада учуп баратат. Аны менен жарышкан куштар ободо аргымак менен катар баратат. Кээде куштар ашып кетсе, кееде жаныбар алдыга озот.
«Самаган жериме ылдам жетейин»– деп Акүчү баатыр камчыланат. Артта созулуп жылжып аккан дарыялар, мейкин талаалар, аскалуу бийик-бийик тоолор, ысып кайнаган чөлдөр, багы бар карарып дүмпүйгөн айылдар калып жатты. Чарчабас бугу элинин ай тамгасы бар жаныбар алдыга кетип жатты, кетип жатты.
Касиеттүү күлүк Желжетпес,
Катуу чуркап алганда,
Жел жетеер бирок ат жетпес,
Бул турмушта чоң атак,
Бугунун аты Желжетпес.
Тарамыштай Акүчү баатырдын канча күн, канча түн жол жүргөнү белгисиз. Ал бат эле Коконд калаасына жетип келди. Чоң калаага көп жакындабай, атты суук көздөрдөн көргөзбөс үчүн чер токойлуу суунун жээгине келип конду. Акылдуу жаныбарды эч кимге көрсөтпөй бош койду. Жаныбар ошону билип чер токойдун арасында курсагын тойгузуп, бир кишиге көрүнбөй эс алып жатты. Акүчү үн салса гана келет, же болбосо бир жанга да көрүнбөйт. Душманга көрүнбөй бат эле көздөн кайым болуп жоголот. Акүчү Кокондук сарт болуп, үсүтүнө сары ала чепкен, бутуна маасы, башына ала топу кийип колуна таяк кармап жалгыз аяк жол менен кетип баратты. Аны көргөн кишилер өз жанын эптеп багып жүргөн бир пенде дубана го деп ойлоду. Ал көчөдөн көчө аралап жүрүп хан ордосун таап жана үч бөлмөлүү Төрөкочкордун үйүнө келип Токтоайым менен ыйлап жолугушту. Акүчү болгон окуяны угуп, жалгыз аяк жолду өрдөп Төрөкочкордун мүрзөсүнө келип эчкирип үн чыгарып ыйлап отурду.
– Кагылайын курдашым, ушинтип чет жерге келип жок болмок белең.
Александр Сергеевич Королев , Андрей Владимирович Фёдоров , Иван Всеволодович Кошкин , Иван Кошкин , Коллектив авторов , Михаил Ларионович Михайлов
Фантастика / Приключения / Исторические приключения / Славянское фэнтези / Фэнтези / Былины, эпопея / Детективы / Боевики / Сказки народов мира