– Бизге Төрөкочкордун алгыр кушу кат алып келиптир. Эми эле белдеги молдого киши чаптырдым, азыр келип окуп берет. Үйдөгүлөр тунжурап ойго батып калышты. Катта эмне кабар, жакшы кабарбы, же бүлүккө салган түйшүктүү жаңылыкпы? Баардыгы айтаар сөз жок тунжурап ойго батып турушту. Алардын көзү Белектин колунда турган кагазга түшөт. Алар чай анын артынан кымыз ичишип, молдону күтүштү. Бирок молдо келбей кечигип жатты. Баардыгынын тынчы кетип, сыртка чыгып молдо келүүчү Моло Таштын кыясы жакты карап турушту. Молдону алып келгени Белектин баласы Теңизбай кеткен эле. Бир кезекте Теңизбай жеерде атын минип, эпеңдете желдирип кырдан чыга келди. Белек аны жекире карап:
– Эмне төрөп жаткан аялчы кечке кармалдың молдо үйүндө бекен?
– Жок ал Манжынын үйүнө кетиптир кеч келет экен.
Белек жини келип:
– Катта эмне жазылды,-деп биз таң атканча кантип күтөбүз, кайра барып, ээрчитип кел, атам күтүп жатат, -деп айт, келбей көрсүн аны менен эртең сүйлөшөм, -деп катуу үнүн чыгарды.
Теңизбай жеерде атынын башын Моло Ташты карай буруп, ылдам чапкылай жөнөдү.
Отургандар Кокон хандыгы жөнүндө алардын сарбыздарынын келгени, алык-салык алганы жөнүндө сүйлөшүп жатты. Төрөкочкор баргандан кийин көп алык-салык алынбай эл арасы тынчып калганын айтышты. Айрыкча ордого берилчү кыздар берилбей калганын, быякка келген салыкчылар мурункудай ороңдобой адамча мамлие жасап калганын эскертишти. Төрөкочкордун Алайлык, Таластык даткалар менен жакшы мамиле түзгөнүн кеп кылышты. Эгер дагы аман-эсен болуп, хан сарайда иштесе көл башындагы бугу уруусунун кадыр-баркы артып, Мүйүздүү эненин тукумдарынын салмагы жогоруларын кубанычта кеп кылып жатышты. Алар Төрөкочкор атанын аман-эсендигин каалап жатышты. Өзүбек сарбаздары кордукту көрсөтчү эле эми баардыгы жакшы болуп жатканын кубанычта кеп кылышты.
Аңгыча айланага толук түн кирди. Дагы бир баланы ат мингизип молдого чаптырды. Эл жат-жатка келгенде молдо араң келди. Карыяны балдар ээрчитип үйгө киргизишти. Жаштар карыяга орун берип төргө отургузушту. А дегенде чай ичилди анын артынан карыяга эт тартылды. Молдо этти аз эле жеп:
– Тамак ичип келдим эле,– деп этти анча жеген жок.
Бир пастан кийин Белек баатыр молдого катты сунуп:
– Бобул кат агам Төрөкөчкөрдөн келиптир эмне жазылыптыр окуп берчи,– деди.
Молдо ичинен катты окуй баштап, бир кезде үн-сөзсүз шалдайып отуруп калды. Үйдөгүлөр бир кырсыктуу окуя болгонун баамдашты.
Ошондо ак чач эне айтты:
– Окумалым эмне томсоруп отуруп калдың, жакшы кабарбы же суук белгиби?
Боз үйдүн ичи тынчтыкка бөлөнөт. Окумалдын өңү өзгөрүлүп куп-куу боло түштү.
– Кырсык иш Төрөкочкор уулубуз дүйнөдөн өтүптүр.
Үйдүн ичи чуру-чуу болуп ый-өкүрүккө толуп кетти. Ыйлап, муңканган үндөр, түндү жарып айланага угулат. «Эмне болду»– деп эки жактан элдер келе баштады. Молдо оңдонуп отура, лампанын жарыгына катты бетине кармап окууга өттү.
– Кайран агабыз кайрылбай кеткен экен.
– Жаш эмес беле күлгүн чагында кете бербедиби арман күн ай!
– Басаар жолу кыскарган тура, аман болсо элди жолго сала турган жигит эле.
– Ал жок Кокондуктар колоктоп бизге кордук көрсөтөт го.
– Кайран азамат кыраан эмес беле.
Айрыкча эненин, келиндердин, кыздардын ыйы такыр бүтпөй койду.
Ак чач эне эси ооп жатып калды, аны Белектин аркы боз үйүнө алпарып бетине суу чачып эстерине келтиришти. Кыз-кыркын келиндер ошол жакта болуп, боорсок жасап, куран окутканга камылга көрүп жатышты.
Үй ичинде үшкүргөн үндөр чыгып, адамды жоктоо арманы байкалып жатты. Ошондо ак сакыл белине жеткен чымыр карыя айтты:
– Балдарым, кайрат кылгыла жазмыштын жолу ушундай тура, Төрөкочкор балама ушунча эле өмүр берген экен. Анын ичеер суусу түгөнүптүр Алла таала жаратканымын буйругу ушундай тура. Белек, Бооке, Кыдык, Итбай балдарым силерге кайрат айтамын. Өлгөн кишинин артынан эч убакта киши өлгөн эмес. Андан көрө кайрат жыйнап, өзүңөргө күч топтогула! Мындай кезде кечке эле ыйлап отурганда болбойт. Эми мындан ары эмне кылабыз ошонун жолун тактап аныкташ керек,– деп карыя кеңеш сөзүн аяктады.
– Анын ден соолугу чың эмес беле бир кырсык болгон го.
Жанагы карыя сөз улады:
– Сөөктү алып келе алабызбы.
– Аны койгон тура катта жазылып турбайбы.
– Анан эмне кылат ак жайдын күнү сөөк бат эле бузулуп кеткен жатпайбы. Анын үстүнө же жакын жер болбосо. Бөтөн эл, бөтөн жер деген кеп бар эмеспи. Ал жак бул көлдүн айланасы эмес да. Жок эле дегенде Нарын же Чүйдөй жакын болсочу.
Бирөө кайгылуу онтоп жиберди:
– Жаркынымын сөөгү өз жерине коюулбай ушинтип алыс жерде калган тура.
– Эмне кылабыз айла жок тагдырдын буйругу да.
– Илгери алыс жактан согушта өлгөн улуу баатырларды туулган жерине коюуш үчүн этин алып салып сөөгүн ташып өз жерине коюушчу экен ошондой кылсак эмне болот.
– Болбойт болоор иш болду, андан көрө туулган жердин топурагын берип жиберели мүрзөсүнө сееп койсун.
– Жерге коюулган экен коюулбаса анын жөнү башка эле, анын үстүнө жиберген киши кантип бат жетет такыр иш болбой калбадыбы.
– Эми аякка барыш үчүн кайраттуу, иш билги жигит, арыбас учкул канаты бар буудан керек болуп жатат. Жол өтө алыс, аяк Нарын же Чүй эмес.
– Кимди тандайбыз.
– Жакшылап ойлонолу.
Александр Сергеевич Королев , Андрей Владимирович Фёдоров , Иван Всеволодович Кошкин , Иван Кошкин , Коллектив авторов , Михаил Ларионович Михайлов
Фантастика / Приключения / Исторические приключения / Славянское фэнтези / Фэнтези / Былины, эпопея / Детективы / Боевики / Сказки народов мира