– Айланайын Төрөкочкор уулум Кокондук туугандар бизге жоо эмес насили, тили бир элденбиз. Аз журтка кыжылдаган кытай,калмактар тынчтык бербей жатпайбы. Ошолор менен биригип, жоону Ала Тоого жолотпой сүрүп салсак гана. Эми жолуң ачылып, касиеттүү бугу эненин тукумунансың, Кылжыр атанын арбагы жар болсун!– деп алакан жайды, баары бата кылышты.
Белек баатыр үнүн катуу чыгара:
– Бир тууган инимсиң, басаар жолуң узарсын, бактың ачылып, эл керегине жарап, касиеттүү Бугу эненин атын чыгаргын,– берки отургандар бул сөздү жактап жиберишти.
Ошентип Төрөкочкор аялы Токтоайым жардамчы эки жигити менен Кокон хандыгына карай жол тартты. Ал жерде бир жылдай жашап, Кокондуктар менен жакшы алака түзүп, баардык ишти орду-орду менен жайгарып турду. Көлдүк бугулар да ишибиз оңолду,-деп санаасы тынып жакшы болуп турган эле. Бирок кут учурган бир кырсыктуу жаман окуя болуп өттү…
***
Бул бозоргон чөл жүрүп отуруп, тээ береги карайган Кокон калаасына барып такалат. Талаа чөлкөмү бүтпөй агыш боз топурак каптап, айрым жерлеринде кумдуу чөл менен алмашат. Мезгил ай-арасы болуп, аба-ырайы бузулуп турду. Тоолорго кыламык кар түшүп, ойдуңдарга жаан жаайт. Ошондуктанбы талаа өсүмдүктөрү; жоогасын, кызгалдак, шыбактын ар түркүмү желге боюн керип, секин ыргалат. Кызгалдактын көркү ушунча кооз тиктеген адамдын суктанта өзүнө тартат. Талаа жаныбарлардан куру калган эмес. Бул аймакта сары чычкан, кош аяк, кескелдирик, ийрелеңдеген жылан, анда-мында сербең этип, эки кулагын созо коё берип, сербеңдешип коёндор чуркап өтөт. Анан жаан басылып, узакка созулган кайра кургактык башталат. Ысыкта жаратылыштын көркүн ачкан гүлдөр куурап калаары бышык. Жарыша кеткен жол менен жүрүп отурсаң Кокон шаарын аралайсың. Калаанын четинде акталбаган үйлөр жарды адамдардын жашаарын айдан ачык айгинелейт. Андан ары жемиштүү багы бар жайлар бай адамдардыкы экенин жазбай баамдайсың. Жолочу жол жүрүп отуруп, Кокон шаарынын чоң базарын аралайт. Базар ичинде тизилген буюмдар жайнайт. Атчан, эшекчен, арабачан жана жөө адамдар тынбй ары-бери агылат. Көптөгөн пенделердин көтөргөн жүгү бар. Ашмачылар астына жайнатып, чүчпара, лагман, манты чүйгүн тамактарды сатып отурушат. Бул жерде перс, түрк, ирандык чеберлер токуган кооз килемдер көздүн жоосун алат. Кытайдын парфор ийдиштери, сирия, арабдык зергерлердин колунан жасалган буюмдар пенделердин аябай кызыктырат. Жер жемиш, эт саткан дүкөндөрдө кишилердин карааны үзүлбөйт. Арыда эшек, ат, төө байланып турат. Алардан мурун жарган каңырсыган жыт абага, айланага тарайт.
Базардын чыгыш тарабында үч бөлмөлүү үйдө узун бойлуу кара мурутчан сулуу адам төшөктө ооруп жатат. Анын жанында ак жуумал олоң чачтуу кырдач мурун чекесинде жасап койгондой калы бар өтө сулуу аппак келин ноокастаган адамды мелтирей тиктеп отурат. Үйгө сырттан бир эркек кирип келип:
– Айланайын Төкө деги ден соолугуң жакшыбы?
– Эмне экенин билбейм кускум эле келет. Караңгыланып башым айланат. Мурун мындай ооруп көргөн эмес элем. Такыр көңүлүм ачылбай койду.
– Кечөө эле соо эмес белең?
– Хамиракундукунда тамак ичтим эле ошол тамак жакпай жатабы, же тамагына бирдеме кошконбу билбей жатам.
Хамиракун хан сарайда кызмат кылып далай жаман иштерди иштеп аялы жок пенде эле.
Ооруган адамдын эсине кечөөгүңкү окуялар келди.
– Мени Хамиракун тамак ич,-деп конокко чакырып жатат барайынбы?
Аял Хамиракундун атын укканда ийне менен безге сайгандай чочуп:
– Барбай эле койбойсуңбу?
– Катип барбайм хан сарайда иштеген адам чакырып жатса.
Ошондо Токтоайымдын жүрөгү бир зырп булкунуп жаманчылыкты сезген. Колунан келсе, барбай эле койсо деген. Экөөнүн ортосундагы бузулгус сүйүүгө жылан сойлоп киргендей болгон. Ал кара чаар жылан Хамиракун эле. Кейбир Токтоайымга ашык болуп, Төрөкочкорду жок кылам деген түрү суук амалы бар өңдөнгөн.
Үй- бүлөнүн шору куруп, оорулу адам алы кетип, кез-кезде эсинен танып турду.
–Токтоайым мен Хамиракундан шектенем ал мага уу берген шекилдүү, анын сага көзү түшүп калганын байкагам.
Бул сөздү угуп Токтоайымдын жан дүйнөсү уйгу-туйгу болуп кетти.
– Байым, адамдын жүрөгүн титиреткен суук сөздү айтпачы, аны мен эки дүйнөдө жактырбайм, тиги жакта Ала Тоодо кыргыз элим бар алардын бетин кантип карайм. Сен айыгып кет биз бул жерден кетели.
Токтоайым жашын төгүп шолоктоп ыйлап жиберди. Үйдө аянычтуу абал пайда болду. Эшик ачылып, үйгө дарыгер кирип оорулунун жанына эпейип отуруп, анын тамырын кармап өңүн карап турду:
– Абалың оор ак ич уу денеңе тарап кеткен шекилдүү.
Аял жашын төгүп дарыгерге жалына кайрылды:
– Айланайын акжолтой колу эмсек дарыгер ата күйөөмү айыктыра көр, аман-эсен айыгып кетсе, сизди ыраазы кылайын,– келин кандайдыр бир коркунучту сезип турду. Сыркоо адамдын алы улам-улам кетип баратты. Анын адам болоору арсар эле. Дарыгер бир топ кеңешти берип келген жагына кетти.
Оорулуу аялына:
– Теңир Тоонун арасындагы Хан тоонун бери жагындагы бугу уруусуна кабар бергиле, бир тууганым баатыр Белекке дайнымы айттыргыла!
Токтоайым жакында эле төрөп, Төрөкочкор баланын атын Сейит деп койгон алыста көл жээгинде акыреттик ушундай досу бар болчу.
Оорулуу демигип:
Александр Сергеевич Королев , Андрей Владимирович Фёдоров , Иван Всеволодович Кошкин , Иван Кошкин , Коллектив авторов , Михаил Ларионович Михайлов
Фантастика / Приключения / Исторические приключения / Славянское фэнтези / Фэнтези / Былины, эпопея / Детективы / Боевики / Сказки народов мира