– Бу баламы чаң баскан Кокон калаасына калтырбагыла, ата-тегин билбей сарт болуп калат. Атадан калган жалгыз туякты Теңир Тоого ала кеткиле! Бул керез сөзүм,– алы кетип, демигип араң эле айтып, тынчтыкты каалап көзү илинип кетти. Кичине көзү жумулуп, түш көрдү. Түшү чалды-куйду болуп, бала чагы өзү өскөн көл жээгинде жүрүптүр. Бир туугандары Бооке, Кыдык, Белек жана Итбайдын элеси көрүнөөр – көрүнмөксөн болуп сызылып турду. Алар эмнегендир Төрөкөчкордун жанына келбей алыстан карап турушуптур. Анан ойгонуп кетти денеси аябай ысып, от менен жалын болуп жатыптыр. Алыста калган туугандарын эс- мас эстеди. «Бу дүнөдө көрүшө албай калдык го. Эгер чын эле жашоо болсо тиги дүйнөдө жолугаарбыз», деп армандуу кусалуу ойго батты. Өзү өскөн Ала Тоонун арасындагы касиеттүү Ысык -Көлдү эстеди. Арманга баткан адам киндик каны тамган жерди кантип эстебей коёт. Бул кезде Токтоайым «эс алып, балким жакшы уктап алса айыгып кетеер» деп сыртка чыга, терезеден күйөөсүн улам-улам карап коёт. Оорулуу көзүн ачып, шыпты карады ал жакта бир чымын учуп жүрөт. Кадимки эле чоң кара чымын экен. Ал оорулуу адамдын бетине коноюун деди, оорулуу аны жаңсап айдап жиберди. Чымын учуп эшикке конуп, айланып жүрдү. Оорулуу адам чымындан көзүн албай кароодо. Анын денеси чымындай чыркырап турду. Эмне бул менин жанымбы? Жаным ак жашоо менен коштошуп жатабы? Чымын бирде терезеге, бирде жылаңайлак бутка конуп ага тынчтык бербеди.
– Уч, уча бер чымыным, менин жаным болсоң мени менен коштошосуңбу ? Туулган жеримде ушундай чымындар бар эле алар да учуп жүргөндүр,– деп. оюна бир нерсени түшүрдү. Макулук дагы эле эшикке чыгып кете албай ызылдап жатты. Оорулунун көзү ага тигилип ар кандай санааларга батып турду. Адамдарга эмне жамандык, эмне жакшылык кылдым эле? Пенделерге жасаган жамандыгым, жакшылыгым эсимде барбы?– Ойлоп көрсө эч кимге деле жамандык кылбаптыр. Ал ак көңүл, ачык жайдары, адам эмес беле. Ойлоп-ойлоп көрсө адамдарга көп эле жакшылык кылыптыр, анын баарын санап отурууга болбойт, – деди. Анан эле баягы кара чымын ары-бери кыймыл жасап уча баштады. Үн чыгара ар кайсы жерге конот. Ал ойлоду «адамдын деле чымындай жаны бар, ошол учуп кетсе денеси эле калат эмеспи», – деди. Баягы кара чымын үн чыгарып үй ичинде ары-бери дале учуп жүрөт. Үйдүн шыбынын оң бурчунда калдайган жөргөмүштүн желеси бар экен. Муну эмне мурун көргөн эмесмин. «Макулук ушуга түшүп калат го»– деп тынсызданды. Макулук эч нерсени билбей ошол жакка учуп туруп алды.
Оорулуу адамдын көзү илинип кетти, ошонусу жакшы болду, кичине эс алып алгысы келди. Ал элдир-селдир бир түштөрдү көрдү. Түшүндө өтүп кеткен көп адамдар менен Жамангул ата Төрөкочкорду «кыйналып кетиптирсиң, жүрү алып кетем» деп жатыптыр.
Анан ал бат эле ойгонуп кетти. Чымын үйгө кирип келип, ар кайсы жерге конуп, кайра айлана баштады. Оорулу аны эшикке чыгарып эркиндик бергиси келди. Чымын айланып отуруп, торго түшүп андан чыга албай калды. Эмнегендир анын эсине башкача бир элес тартылды. Жөргөмүш жаман торго түшсө чымынды жеп салат. Хамиракун да ошол жөргөмүштүн элесин берип турду. Көз алдына Хамиракундун карааны келди. Узун бойлуу чаап жаак, көзү көк, колу шадылуу, бүкүрөйгөн адам. Адамга эч убакта жакшылык санабайт. Ал кимдир бирөөн аңдып, жаманчылык жасоочудай элес берет. Оорулуу адамдын башкы кайгысы « Мен өлүп калсам, сөөгүм бөтөн жерге коюулат экен го»– деп турду. Оорулуу адам Хамиракунду жөргөмүшкө окшоштурду. «Бул далай адамдын канын соргон адам» деди. Ал ага кандай жаманчылык кылаарын билбей турду. «Буюрса аман айыксам аны менен эсптеше жатаармын» – деди. Оорулу адам тордон чымынды куткаргысы келди, бирок такыр турууга алы жок эле. Сырттан Токтоайым кирип келип күйөөсүн карап калды. Ал колу менен көрсөтүп:
– Тетиги жөргөмүштүн торун шыпырып салчы, чымын түшүп өлгөн жатат.
Аял шыпыргыны алып, желени шыпыра баштады, чымын эркиндикке чыгып учуп кетти. Токтоайым күйөөсүн оңолуп келаткан экен деп сүйүнө эшикке чыгып кетти.
Көлдөн Төрөкочкор менен эки жигит келген эле, алар эки айдан кийин эле кербендер менен кайра көлгө кетишкен. Төрөкочкор ордодогу Алайлык кыргыздар менен жакшы мамиле түзүп алган. Бир жардам керек болсо, ошолорго кайрылып турган.
Анан акырындап айлана салкындап, көлөкө узарып, кеч берилеп келатты. Күн бийик дарактардын артына батып, калаанын четиндеги мал турагына кайтып келе баштады.
Александр Сергеевич Королев , Андрей Владимирович Фёдоров , Иван Всеволодович Кошкин , Иван Кошкин , Коллектив авторов , Михаил Ларионович Михайлов
Фантастика / Приключения / Исторические приключения / Славянское фэнтези / Фэнтези / Былины, эпопея / Детективы / Боевики / Сказки народов мира