Ошентип беш жигит менен Жамангул баатыр жолго аттанды. Жол кара тартып, күз ортосу болуп калган маал эле. Эмнегендир быйыл кыш бат эле келгендей болду. Келгиндер эртелеп эле түштүккө кеткен. Быйыл дарактар жалбырагын эрте күбүдү. Бул суук эртелеп эле түшөт деген белги болчу. Алар бир топ убакытка жакшылап эле сый көрдү. Бир күнү Жамангул:
– Ардактуу байым, биз жакшы эле көңүл ачтык макул болсоңуз кайталы. Сапар карыды окшойт. Аялымдын боюунда бала калган эле анын жайы эмне болду экен? Бир жерге токтоно албай, санаам санга учуп турат.
– Ардактуу досум, сенин келишиң биздин үй-бүлө үчүн чоң кубаныч, бирок көрүп турасың, күн суук тартып, ашуу бөгөлүп калды бекен. Капа болбой эрте эле жазда кетсеңиз кандай болот.
– Ардактуу Дорго досум, мен кетүүгө аракет кылайын, аялымдын боюнда бар эле анын абалы эмне болду экен? Эки күндөн бери тынчым кетип жатат.
Дорго Жамангулду үйгө киргизип, эт жана кымыздан тартылган ичкилик менен сыйлайт. Атанын жан дүйнөсү тынчыбай анын кеткиси эле келе берди. Анан калмактар атага кымбат белектерди берип, кыргыздарды өз конушуна узатат. Эртең менен эртелей чыгып, артынчагы бар жигиттер ашууну карай ашыгышып келатышты. Улам ашууга жакындаган сайын, суук денеге жаба уруп, бүткөн бойду ичиркентип, көңүлдү уйгу-туйгу кылат. Дабандын башын ак кар, көк муз челип, шамал булуттарды удургута айдайт. Ар биринин оюнда:
– Кантип ашаар экенбиз, же учурунда эрте ашпай, көчкү жүрүп кетсе чымын жаныбыз чыркырап, же ашуунун жолун таппай күрткү кулап чыга алгыс оюкка кептелеер бекенбиз. Үй-бүлөбүзгө аман-эсен жетсек экен,– деп ар биринин санаасы бушайманга батат. Баатыр менен кошо беш жигит сабалай келатат. Быйыл жайлата күн тынымсыз жаап, дабанды калың кар челип, көчкү ылдый кулап кетчүдөй салаңдап турат. Эгер күн ысык болсо мунун баары эрип кетмек. Азыр кайдан эримек, эримек түгүл суу үстү муз болуп тоңгон. Абада кичине эле үн жаңырса, күр-шар этип, кар көчүп, ылдый карай кулап, айбаттуу жүрөк түшүргөн каардуу добуш чыкмак. Бешатчан бат эле ашууга шыкай келишти. Дабанды калың кар каптап жол нугу такыр көрүнбөйт. Алдыда жол баштаган жигиттер. Жакшылык менен Жамангул экөө ээрчише бастырып келатышты. Баары ашуунун түбүнө токтолуп, тамак аш ичип кудайга жалынышып, «жолдун пири, Жоломан ата, ашуунун пири Даван ата колдосо экен» деп бул ашууну ашкан арбактарга багыштап куран окушту. Аба салмактана дем алганга оор тартып, кан улам башты тээп чыкты.
Жакшылык камчысы менен оң колун созо көрсөтүп:
– Жол тээ береги салаңдап турган соройгон таштын бери жагынан өтөт окшойт.
– Андан аркысычы?
– Анан кыялай өйдө карай өрдөйт шекилдүү.
– Тээ урчуктан бериби же арыбы?
– Мен да ошону билбейм турам, биз өткөндө салаңдап, турган асканын сол тарабынан өткөндөй болгонбуз.
– Туура айтасың калети жок сөз.
– Жолдун баарын каткан калың кар каптап калыптыр, жада калса карыш из билинбейт жаратканым өзүң колдой көр!
Жамангул менен Жакшылык алдыда кетип баратат. Жолочулар улам өйдөлөп жыла баштады. Кээде таш тоголонуп, адамдар жыгылып кайра өйдө турушат. Аттардын буту тийген бош таштар ылдый карай таштан-ташка урунуп үн чыгара токтоно албай кургуйга кеткенсип кулайт. Алар аскага өтө эле жакындап калган. Ошондо бир кырсык окуя болду. Суу көп аккандыктан сууктан жер көк жалтаң болуп тоңгок. Жамангул ата чылбырын колуна ороп алыптыр, муздан тайгаланган ат адамды өзү менен кошо ылдый карай ала кетти. Анан эле бир пастан кийин күркүрөгөн үн чыкты. Бул дабыштан араң эле турган салаңдап турган кар тобу ылдый карай токтоно албай күркүрөй кулады. Жакшылык менен Жамангул ат-маты менен ылдый сойгоктой кар тобу менен кургуйга кулап кеткендей болду. Калган үчөө аман калып, алар эмне кылаарын билбей дапдаарып, көчкү көчүп кеткенден кийин жигиттер араң дегенде эс акылына келишти. Алар аман-эсен ойго түшүп, Жамангул менен Жакшылыктын денесин издей башташты. Бирок алардын денеси оңурайган чуңкурга түшүп кеткен шекилденет. Төртөө алып чыга алчудайй эмес калың муз катмары тоңон заңги турат.
Алардын оюу «мындан ары эмне кылабыз, тагдырыбыз кандай болот» ошолорду ойлонуп жатты. Анын үстүнө күз түнү кирпикти ачып-жумганча бат эле кирип келет эмеспи. Тарапты уюган айлана күүгүм каптап, караңгынын күкүмү теребелге чачылып, кеч токтоосуз жакындай берди. Үчөө: Элдияр, Кылкожо, Шайыкмет, сүйлөшүп жатты.
– Тагдырыбыз оор болду ашууну эмне кылабыз?
– Аша албайбыз го.
– Эки кишибиздин денесин кантип табабыз?
– Ашуунун аркы бети жаман эле.
– Жол табылбай калды.
– Келечегибиз эмне болот?
Алар аттарын жетелеп, түзгө түшүп, унааларын камчылай калмактардын конушуна карай артка сабалай кетип баратышты. Суук кабарды Доргого угузушту. Ал аябай кейип:
– Кайран досум Жамангулум кол жеткис жайга кеткен экен ээ,– деди. Башын жерге салып капалана.
Александр Сергеевич Королев , Андрей Владимирович Фёдоров , Иван Всеволодович Кошкин , Иван Кошкин , Коллектив авторов , Михаил Ларионович Михайлов
Фантастика / Приключения / Исторические приключения / Славянское фэнтези / Фэнтези / Былины, эпопея / Детективы / Боевики / Сказки народов мира