Дарыгер Жумагулдун жараатын жууп, кытайдын кырма дарысын сыйпап, ак чүпөрөк менен таңып койду. Мындан такыр айла болбоду. Ошондо дарыгер айтты:
– Калмактар аткан ок чыкчудай эмес, эми эмне кылабыз. Ошондон жаны кыйналып жатат.
– Кагылайын колу эмсек дарыгер бир айласын кылып, окту алып сала көр!
Анан бир паска ойлонуп туруп, дарыгер айтты:
– Калмактын ханы Коңурбай Семетейди атат. Ошондо баатырдын денесинен ок чыкпай, калганда Айчүрөк аттаганда ок чыгып кеткен экен.
Ал жерде тургандар Жамангул баатырдын үстүнөн кимди аттатабыз деп ойлонуп калышты.
Ошондо бир карыя:
– Эмне кылабыз болоор иш болуптур, Жамангулдун аялы Маматкулдун кызын деле алып келсек болот эле, бирок биздин касиеттүү келинибиз Олуят турбайбы ошону алып келели ал көзү ачык олуя чалыш бизде ургаачылардын ичинен ошондон тазасы жок.
Бирөө айтып калды:
– Ошол эми келеер бекен.
– Келет келбегенде эмне кылмак эле.
Жигаттер ошону алып келгени чаап жөнөштү.
Олуят көп убара кылган жок. Жамангулдун кабарын укканда кой эми барып жардамымды берейин,– деди.
Ошентип жигиттер Олуят ургаачыны алып келишти.
Олуят жаратканга жалынып туруп бир жолу аттанды. Ок чыккан жок ошондо ал ыйлап жиберди.
– Ушундай да болобу өзүм да, жан дүйнөм да таза эмес беле, эмне болуп турам,– деди.
Карыялар:
– Касиеттүү Олуят келинибиз кудайдын өзү көрүп турат, ичиңен жаратканга жалбарып дагы бир жолу атта, ойлогонуң кудай алдында келип калаар,– деди.
Олуят эне буулугуп кудайга жалбара-жалынып туруп дагы бир жолу аттоого аракет кылды.
Карыялар:
– Касиеттүү Олуят ургаачы, жашыңды төкпөй кайраттуу бол, кудай да кайратты сүйөт. Жаратканым сенин абалаңжы көрүп турат.
Олуят эне ыйлаганын токтотуп, кайраттуу түрдө ичинен кобуранып,жаратканга жалынды.
Жел согуп ургаачынын ак жоолугунун учу шамалга желбиреп турду. Жоолугунун астынан чыгып турган чачы чубалжып, ургаачынын өңү санаага батып, пейпайда болот. Ал кайраттанып, күчүн жыйнап дагы бир жолу аттаганга камынды. Жараткандан үмүт кылып жалбарып аттады.
Аттары менен Жамангул баатыр жаны көзүнө көрүнүп, катуу кыңкыстап онтоп жиберди, ок кадалып турган жер жарылып, ириң аралаш кан атып чыкты, аны менен карарган коргошун ок кошо чыгып жерде жатты.
Жамангул кыңкыстап:
– Ох, жаным кудай ай, кичине эс ала түштүм, -деп оң колу менен чекесиндеги терин шыпыра кыңкыстаганын басты.
Ал жерде бозоруп турган адамдардын жаны денесине кирди. Олуят энеге аябай ыраазы болгон экен. Эгерде касиеттүү эне болбогондо ок чыкпай баатыр тиги дүйнөгө узап кетмек беле ким билет. Баатыр жана эл Олуят энеге батасын берип турду. Элдин бактысыбы ким билет Олуят ургаачы андан кийин бир нече эркек балалуу болуп анын бактысы ачылган дешет.
Баатыр бат тыңып кетейин деп жаш жылкынын сорпосун ичип, кайра баягы күчүнө келе баштады. Булчуңу кайратка толуп ал толук басканга жараганда айтты:
– Кыргыз жигиттери барсыңарбы?
– Баарбыз жоголбойбуз жоого каршы турабыз.
– Бар болсоңор биз калмактарга эмне кылдык эле алар эмне үчүн биздин жылкыбызга тийип катылат. Жигиттер чоң чабуулга күч топтошту. Үйлөрдүн жанында темирди эритип, алардан ар кандай куралдарды, мылтыктарга ок белендеп, жааларга саадак жасап жатышты. Баардык даярдыкты Кулкиши аткарып, ал эчен жоо капшабын башынан өткөргөн эле. Кулжа айында Жамангул баатырдын жигиттери калмактарга катуу чабуул жасап, жылкыларын айдап алып, боз үйлөрүн сындырып, адамдарын кул кылып жиберет. Антпесе калмактар кыргыздарга күн көрсөтпөй жатпайбы. Ушунда чабуулду көрүп калмактардын үрөйү учуп калды. Төрт түлүк малдан тогуздап, кымбат аң терилерин алып, кыргыздардын алдына түшүп, баш ийип беришти. Алар жыл сайын кыргыздарга алык-салык төлөп турушчу экен. Бул кезде калмактар ич ара ынтымагы жок болуп, бийлик талашып, бири-бири менен чабышып, айласы кеткенде чек ара кыргыздар менен ынтымакта жашагысы келген. Ошентип жыл сайын калмак менен кыргыздардын ортосунда мамиле жакшырып, эки элдин ортосунда кыз беришип алышмай достук жолу башталат.
Жайдын акыркы күндөрүнүн бири эле чөптөр саргыч тартып, айлана небак күзгө камына баштаган. Тоо тарап суук тартып, жаан-чачын жаабай булуттар сургулт тартып ката баштаган. Бат эле ыркыраган күз күнүнүн шамалы этек- жеңге кирип жатты. Анан дагы бир топ убакыт өттү. Ушул күз айы кышка чукулдап калганда, калмак байы Дорго Жамангулду сый-сыпат көрсүн деп конокко чакырып калды.
Жамангулдун аялы айтты:
– Күн суук болуп, айлана көңүлсүз тартып турат. Бат эле кыш келет окшойт, эки жакка чыкпай эле койсоңчу.
– Дорго келгин деп көптөн бери чакырып жүрөт, барбасам таарынат го,-деп болбой койду.
Аялы аны узатып жатып, улам-улам карагысы келет. Эмнегендир көзүнөн жаш келип ирмелип турду. Ал мурун мындай болчу эмес эле эмне болуп жатканын билбей турду. Кайра өзүн токтотуп, « Мен эмне болуп турам, өзүмчө эле кейий беремби»,– деп өзүн-өзү токтотуп, баардык ишти аманчылыкка жоруду. Ичинен « Барса барып келсин, калмактар менен катышпай жүрчү белек»– деди.
Александр Сергеевич Королев , Андрей Владимирович Фёдоров , Иван Всеволодович Кошкин , Иван Кошкин , Коллектив авторов , Михаил Ларионович Михайлов
Фантастика / Приключения / Исторические приключения / Славянское фэнтези / Фэнтези / Былины, эпопея / Детективы / Боевики / Сказки народов мира