Таң супа салып жерге анча-мынча жарык төгүлгөндө карышкыр болуп улууга өттү. Ошол кезде үч карышкырдын жарыша улуган үнү угулду. Экөө ичке бирөөнүн доошу эң эле жоон эле. Жел карышкырлар тараптан болуп турду. Алар адамдын коңурсук жытын бат эле билип коюуп алдамчы чакырык экенин сезип калышат да келбей коёт. Карышкырлар жытты искеп өздөрүнүн туугандарын издеп улуп жатты. Эркек карышкырдын үнү жоон чыгат. Ашыккан бөрүлөр дөбөттүн каякта жашынып жатканын билгиси келип, көк жал эки канчыгын ээрчитип этият келатышты. Бул жер көк жалдын ээлик кылган аймагы болчу. Жада калса ар бир чөпкө, ар бир куурайга бутун сыйрайтып заара төгүп белги салып жүрүп отурат. Анан бул жерге кайдагы башка жандыктар келет. Эгер келсе үчөөлөп жара тартып чайнашат. Азыр ошол атаандашынын кардын жарып салыш үчүн жинденип келатат. Жанындагы канчыктар көк жалдын мунусун даана билип турду. Ургаачы бөрүлөр сак аяр эмеспи, алар өз эрежесин байыртан бери сак кармап келатат. «Бул бизди чакырган жалган добуш болбосун» деп шекшинишет. Бул үндөн ургаачы канчыктар жагымсыздыкты сезип турушту. Чыккан үндү токтой калып тыңшашат. Үндүн кээ бир кайрыктары өзлөрүнүкүнө окшобогондугу сезилип турду. Алар үндү токтой калып тыңшашат. Ушул кезде канчык карышкыр «сак бол» деген белгини берип, дөбөт карышкырды ар этип бир тиштеп алды. Дөбөт аны тоготуп да койгон жок. Жанагы улуган дабыш дөбөттү бүйрүн кызытып чакырып туруп алды. Мен үстөмдүк кылган жерде кайдагы жандык жүрөт, ал каарданып керек болсо аны жара тартып салгысы келет. Көкжал ошол чакырык дабышты таштап кетмек эмес. Өлсө да ошонун кандай чоңдукта, анын атаандашы ким экенин көргүсү келет. Керек болсо аны менен эрөөлдө кармашып, көргүсү келет. Бул чөлкөмдө андан ашкан батыр жок эмес беле. Үн бирде бийик, бирде жай каалгып чыгат. Ааламда ар кандай үндөр көп, бирок бул үн өзүнүн бир туугандарынын үнү болуп жатпайбы. Тее илгери көк жалдын башынан мындай бир окуя өткөн. Анда ал эки ургаачы канчыгы менен жүргөн эле. Үчөө салып уруп, Зындан кыштоосуна бараткан. Ал тарапта жылкы, же уй жолугуп калышы маалим эле. Суук ызгаар анан кыш болуп жатса, айлана жылуу болмок беле. Алты, жети күндөн бери бөрүлөр наар ала элек ачкалыктан кыжынып бири-бирин жеп салуудан да кайра тартышпайт. Ошентип үчөө чуркап келатышса, астынан карышкырдын дөбөтүнүн улуган үнү угулат. Ай толуп турган маал эле. Анын нуру кар үстүнө төгүлүп, айланага керемет көрүнүш үстөмдүк салып турган болучу. Үч бөрү ошол дабыш чыккан тарапка салып уруп чуркап баратты. Үн муңдуу жардам сурап жаткандай туюулуп, алар бат эле чоң чычырганактын жанына жете келишти. Чоң дөбөт карышкыр мерген салган капканга түшүп калган экен. Ачка экен өзүнүн жатындаштарын көрүп муңдуу улуп жиберди. Үчөө аны жалооруй муңдуу карап турушту. Ошол кезде канчыктар тигил дөбөткө шыйпаңдай башташты. Көкжал кыскандыбы жини келип, капкандагы дөбөттү капталдан аткый тиштеп алды эле курч тиштер денеге батып кетти окшойт, дөбөт бөрү даттана улуп жиберди. Тиштеген жерден жүн чубалып калды. Ургаачылары шердене түштүбү, капкандагы карышкырды таламайга салып жиберишти. Дөбөт карышкыр капкандагы жаныбарды капталына тиш салды эле кан диркиреп атып кетти. Байкуш ачка карышкыр кыймылсыз өчөйүп отуруп калды. Берки канчыктар туш-туштан жыра тартып апылдатып жеп киришти. Айрылган тери айланага кандын жыты тарап жатты. Үчөө этке тоюп андан ары жол кетти. Көкжалдын эсине ошол көрүнүштүн элеси келди. Балким аларды жылуу, кандуу эт күтүп тургандыр. Үчөө добуш чыккан жакка аярлай баратышты. Алар башка дөбөттү көргүсү келет. Алар этият басып айланадагы жытты искеп көрдү, Үн үзүл-кесил чыгып, токтоп калат, кайра чыгып, карышкырлардын бүйрүн кызытып жан дүйнөсүнө бүлүк салып, чакырып туруп алды. Бөрүлөр шамал аркылуу жытты искегиси келди эле шамал да жок, жел да жок. Канчыктар чөптүн арасынан бир жытты искеди. Ал коңурсук жыт экен. Адамдыкы өңдөнөт. Үчөө тык токтоп үн чыккан тарапты шектүү карады. Алар шамалды күттү. Жел бөрүлөр тараптан согуп эч кандай жаңылыкты алып келбеди. Көзү курч бөрүлөр үн чыккан тарапты шектүү тиктеди. Эч кандай кыймыл жок. Тээ арыда булак агып, өзүнүн түбөлүктүү өлбөс ырын кайталап жатат. Жерге жарык акырындап төгүлө баштады. Мерген баарын салмактап байкап турду. Азыр аткан менен ок жетпейт. Бөрүлөр үндү үзүл-кесил чыгарып жатты. Бир кезде көк жалдын жону кычышып кетти окшойт, көк чөпкө жата калып оонап-оонап жиберди. Канчыктар анын турушун күтүп жатты. Үчөө кайра жолун улантышты. Бөрүлөр үн чыккан жерге кыйла эле жакындап калышты. Көкжал өзүнүн белгисиз курбусун көргүсү келип туруп алды. Ал эч нерседен тайманбай түз эле бадалды карай басты. Үн кайсы жерден чыгып жатканын алар кылдат байкоого алышты. Калмактын кара мергени көк жалды кылдат мээлеп ата-бабасынын арбагына жалынып машааны басып калды. Жаңырык аскадан-асканы аралап узап кетти. Таңкы тынчтык бузулуп, үн айланага тарады. Эки канчык кулап жыгылган дөбөттү карап, ылдый карай салып уруп качышты. Дөбөт ок тийген жерин арс үрүп, бир тиштеп алып, жерге кулап жыгылды. Кара мерген көк жалды кулата атканына аябай кубанды. Ал далдаа жерде байланып турган атына басып келди да аны чечип бошотуп койду. Чөп чалсын деди окшойт. Чаначта буулган кымызды чечип кере-кере жутту. Бир жерде отура берип, денеси талыкшып кетиптир. Колу бутун жан-жагына созуп, кыймылдай баштады. Анан жай акырын басып келип, торпоктой болгон көк жалды шамалдан ыктоо далдаа жерге сүйрөп келип, курч бычагын ташка кайрап курчутуп алып, терини сыйра баштады. Калмактын кара мергени алты күндүк меенети кайтып, ашуу жактан үчүнчү жолу көк жалды атты. Эки күндөн кийин көк жалдын терисин жана териге оролгон жүрөктү Тоотай мергенге алпарып берип, эмгеги үчүн Орозбактыдан толгон мал айдап келди.
Александр Сергеевич Королев , Андрей Владимирович Фёдоров , Иван Всеволодович Кошкин , Иван Кошкин , Коллектив авторов , Михаил Ларионович Михайлов
Фантастика / Приключения / Исторические приключения / Славянское фэнтези / Фэнтези / Былины, эпопея / Детективы / Боевики / Сказки народов мира