– Ой, сен күздүн күнү күн жаадырап тийип турганда боз үйдө төрөлгөнсүң,– деген. Киндигиңи кескен энең Шайы жеңем болчу. Киндик каным тамган ата-мекенимди көрүп аябай кубандым. Ушул аймакта төрөлгөн койчунун баласы экем. Мен төрөлгөндө койлор маарап, жылкылар кишенеп, жайлоо жайкы көрүнүшүнөн али тайбай турган экен. Ошол маарап жайылган койлордун караанын издеп кетип барам. Алардын маараган үнү Атыгай колот тараптан угулуп, ошол жакка карай ашыктым. Ата-бабам баскан Атыгай колоттун баардыгын кыдырып чыктым. Аймакты коёндун жатагына чейин билчүмүн. Бадалдар өсүп куштар баягыдай эле сайроодо. Бирок эч бир жерде мал карааны көрүнбөй малымы таппай менин айлам кетип турду. Анан эле койдун маараганы даңтуу жайлоо Котур Төр, Арпа Тектир, Ат Жайлоого кеткен жактан угулду. Биздин ата бабабыз өскөн тоого кеткен жолду өрдөп ашыга бараттым. Үндү кууп отуруп Тепши, Чоң Тепшиден өтүп, Күн Тийбести ашып Арпа Тектирге жеткеними билбей калыптырмын. Бул тарап эшек минип кой-козу кайтарып, балалыгым өткөн аймак эле го. Ата-бабамын жайлоосун көрүп кубандым. Кой кийирген таш короом небак эле урап эскирип калыптыр. Адамдын, малдын үнүн уккум келди. Койдун кыймылы Көбүргөн Өтөк тараптан байкалды. Ал тарапка ашыга жетип барсам мал карааны көрүнбөйт. Мал карааны Чоң Таш жайлоосунда жүргөндөй туюлду. Имерилиш кычыктан өтүп бат эле ошол жерге жетип келдим. Бул жерге да ата-энем, абаларым салган таш короодон дарек жок. Баардыгы урап бузулуп калыптыр. Мен бул таш короодо бобул жер тамда өспөдүм беле. Ошол күндү эстеп зээним кейип ыйлагым келди. Кайгылайын өткөн күнүм жүрөгүмдө калыпсыңар. Көп өтпөй мал карааны бийик Ак Эчки жайлоосу тараптан угулду. Мен ашыга Ак Эчки тоосунун жан-жагын карадым. Ал жакта да мал карааны көрүнбөйт. Малымы жоготуп каңырыгым түтөп турду. Атаңын көрү биздин жергебиз малга кандай бай эле. Бул жерден айлана алаканга салгандай көрүнөт. Тетиги Кара Төр, Күн Тийбес, Котур Төр, Ат Жайлоодо кой, уй, жылкы батпай күтүрөп, жайылып жатчу эмес беле. Эч бир жерде жылкынып кишенеп, уйдун мөөрөгөнү угулбайт. Киндик каным тамган жердин малынан такыр эле айрылгамынбы. Ата-энем менчик бээлерин байлоочу эле, жеерде айгырдын мойнунда дайыма коңгуроосу бар эле, ошол жылаажындын үнүн сагындым. Кой кайтарган күндөрүмү, чабан агаларымын элесин сагындым. Тарапта бир да адамдын карааны көрүнбөйт. Тээ төмөндө Чоң Таш суусу таштан-ташка уруна долуланан алкынып агып жатат. Бир гана тынчтык, бир гана жымжырттык, өткөн күндөрүмүн элесин жоктоп көзүмөн жаш тегеренди. Көп өтпөй бийиктен бүркүт көрүнүп, айбаттуу сүрдүү шаңшыды. Андан койлоруму, ата-энеми, агаларымды көрө алдыңбы?– деп сурагым келди. Бирок ал менин жаныма келбейт. Кыраан бүркүт да ошол кезди жоктоп жатса керек. Атам менен теңтуш малчылардын элесин эстедим. Өзүм кайтарган бир короо ак койлорумун караанын таппай келатам. Ак калпак кийип, канжыгама кымыз куюлган көөкөр байланып, эшек минип мал кайтарган чагыма куштармын. Мойнуна коңгуроо тагылып, кой баштаган чоң ак эркечим кайда? Аңгыча асмандан курк-курк эткен кузгун досумун үнү угулду. Дабышын угуп селт этип чочудум. Кайтарган колорумун баарысын карышкыр, кузгун жеп кеткен сыяктанды. Ак Эчки тоосунан түшүп Чоң Таш суусуна келдим. Суу айтты:
– Бул жерден эмнени издеп жүрөсүң?
– Кайтарган бир короо койуму издеп жүрөм.
Александр Сергеевич Королев , Андрей Владимирович Фёдоров , Иван Всеволодович Кошкин , Иван Кошкин , Коллектив авторов , Михаил Ларионович Михайлов
Фантастика / Приключения / Исторические приключения / Славянское фэнтези / Фэнтези / Былины, эпопея / Детективы / Боевики / Сказки народов мира