– Койду күчкө салып ылдам айдабай жайып айдагыла биз барчу жерге эки күндө жетебиз козулар жолдо уктап калбасын абайлагыла,– деди калпагын оңдоп кийип жатып. Кой-козулардын маараган үнү отор астыга жылууда. Эң алдыда малды ак эркеч баштап баратат. Анын мойнунда коңгуроо кургур таза назик шыңгырап, ыргактуу абаз баардык чөлкөмгө жагымдуу шыңгыр менен угулат. Мен отордун артында, атам сол жагында, байкем оң жагында буту сынган ак козуну өңөрүп келатат. Кой-козулар бири-бирин жоготпос үчүн маарап үн берип келатат. Эне-бала, кой-козулар бир-биринин үнүн башкалардан айырмалап тааный алат эмеспи. Отор да жылып келатат. Алар менен кошо биз да жылып келатабыз.
Күн ачык торгой үнүн безеп, чабалакейлер закымдап учуп, көпөлөк, калдыркандар айланабызда канат кагат. Суур аңкуштап, аба кыймылдай өзүнчө мунарык чалат. Бала кыял менен эмне экенин билбейм жээ закымдап өтүп жаткан мезгилби? Биз оторду айдап келатабыз. Анан күн ачык туруп эле жаан жаап жиберди. Өткүн экен. Алыстан Жетим Тоо тараптан Асан-үсөндү элеси, күн желеси бадырая чыга келди. Ал мезгил менен өтүп кетүүчү жумшак адамдын күн өңүндөй болгон жаадыраган элеси тура. Күн ачык туруп жааган жаан менин балалыгымын жаркын элеси өңдөнөт. Ал күн ачык туруп жааган өткүндүн бат эле басылып калганына өкүндүм. Атам мага кайрылды:
– Суу болдуңбу балам?
– Ооба атаке, эч нерсе эмес, күн тийип туруп эле жаап жибербедиби.
Мен бат эле курганып алдым.
Биз капчыгай өрдөп келатабыз. Оң жагыбызда тентек тоо суусу чамынып агууда. Бул сууну тээ бала күнүмдөн бери көрүп келатам. Ошондон бери мага тааныш менин балалыгымды алдейлегенсийт. Касеттүү суунун үнү да, мезгилдин үнү да, жада калса балалыгымдын үнү да кулагыма сүйкүм чачып жаңырыктайт. Ошол дабыштардын баардыгы ыр болуп менин жан дүйнөмө сиңип калган. Кой-козулар маарап кетип баратат. Алардын үнү да менин кулагыма сиңип калган. Оторду айдап биз да кетип баратабыз.
Анан мезгилби эмне экенин билбейм, жомоктогу бир көрүнүш пайда боло калды. Мен атамы, агамы жана бир короо койду таба албай калдым. Жан бүдөгө түшүп оторду издеп келатам. Атам да, агам да, айдап келаткан бир короо кой да жок. Бирок алдыман эмнегендир кой-козунун маараган үнү жаңырат. Таң калыштуусу алдымда бир да кой-козу жок. Мен алардын үнүн кууп келатам. Малдын маараган үнү жоголгон балалыгымын үнү сыяктуу элестеди. Мен алардын артынан кууп кетип баратам. Койлордун үнү тээ береги мен төрөлгөн иймектеги таш короо тараптан угулду. Бир короо коюм ушул тараптан табылса деп сүйүнүп кетип баратам. Таш короону айланып чыктым атам да, агаларым, жада калса жандай жакшы көргөн Дүйшөн байкем да көрүнбөйт. Мен алардын элесин таш короонун айланасынан таба албай каңырыгым түтөдү. Мени издетип жаркындарым кайда кетти экен? Түйшүктөнтүп эмне үчүн мени издетет. Киндик каным төгүлгөн жерди көрүп сүйүнүп энемин айткандарын эстедим.
Александр Сергеевич Королев , Андрей Владимирович Фёдоров , Иван Всеволодович Кошкин , Иван Кошкин , Коллектив авторов , Михаил Ларионович Михайлов
Фантастика / Приключения / Исторические приключения / Славянское фэнтези / Фэнтези / Былины, эпопея / Детективы / Боевики / Сказки народов мира