– Изде, изде, жогуңу таап, ал бул кезде малчылар сыртка кетчү эле, малың балким Чоң Ашууну ашып сыртка кеткендир. Жогуму таап алайын деп үзүм-үзүм балалыгымын доорун эстедим. Тоо да, суу да баары эле баягыдай, бир гана мага тааныш жаркын адамдарым көрүнбөйт. Калдайып жайылган кой, уй, жылкы мал караандары көрүнбөйт. Аларды таппай келатам, таппай келатам. Мал карааны ашуудан ашып, сыртка Жылы Суу, Ийри Суу, Чатыр Таш, Кара Каман жайлоолоруна кеткендей сыяктанды. Кой жоголгон малымды, жаркын адамдарымы таап алайын деп ошол жакка сапарымы уланттым. Сапарымы улап ата-бабам ашып өткөн улуу дабан Чоң Ашууга чыга келдим. Ашуудан теребелди карадым. Менин алдыман көркөм дүйнө ачыла келди. Чоң дүнө ачыла келди. Ушул дүнөнү кимдер көрүп, кимдер көрбөгөн. Керемет табылгас дүйнө. Бул дүйнөнү көрүп көзүмөн жаш тегеренди. Кантип тегеренбейт, ушул жерден ушул дүйнөнү канча көрбөдүм. Көргөн сайын көргүм келет, такыр кумарым канбайт. Мен үчүн ашуудан кенен дүнө ачылат. Балалык өткөн өмүрүм жайнап ачылат. Ата бабамын баскан жолдору ачылат. Ушул жерден жаркындарымын жолдорун көрүп турам, баарын көрүп турам. Ушул жерден ашым өткөн жаркындарымын өлбөс элесин көрүп турам. Карасам Касиеттүү Ийри Суум, Жылы Суум, Кийик Төр, Миң Аркар, касиеттүү жайлоом Тешик Көлгө кеткен жолдор даана көрүнүп турат. Ийри Суу жыбылжып агып ата бабамын санатын айтып, Балгарт суусуна кошулайын деп агып сапарын улап жатыптыр. Бул жерди карап отуруп көзүмө ажайып бир көрүнүштөр чыга келди. Ата бабаларымын байыркы санжыра санат окуяларын миң эстеп, миң ойлонуп турдум. Кантип ойлонбойм, бул ашуудан кимдер гана ашпаган, кимдер гана сапар өтпөгөн. Менин балалыгым ата-бабам өскөн жерди көрүп көзүмө жаш тегеренди. Чоң Ашуудан сырт тарап менин алдыма мейкиндик ачып тургансыйт. Мейкиндикти карап артта калган балалыгыңды эсте дегенсийт. Тээ береги ойдуң түздө анча-мынча мал айдаган адамдар жүрөт. Аларды көрүп сүйүнүп кеттим. Буюрса жогум табылган экен деп сүйүнсөм, бирок алар такыр эле бейтааныш, башка тараптан келгендер экен.
Мен Жылы Суу аркылуу өтүп, ата-бабам өскөн Тешик Көлгө карай жөнөдүм. Койдун маараганы, адамдардын үндөрүн ошол тараптан эшиттим. Ашыгып-шашылып бат эле ошол тарапка жете келдим. Жарыктык көл туп-тунук болуп күн нуруна жылт-жулт этип чагыла, алтын балыктар эркин сүзүп чабак уруп ойноп жүрөт. Тигинде биздин журт карарып турат. Мен кой кайтарган көпөлөк кууп өткөн өтөктөр турат. Мен журтту карап ата-энем бир туугандарымы эстеп көзүмө жаш тегеренди. Тоолор, түздөр баары эле турат. Биздин үйдүн карарып оорду турат үй жок менин жаркын адамдарымдын элеси жок. Кайтарып жүргөн бир короо коюм жок. Ушул жерде ойноп чуркап өткөн теңтуштарым: Шаадат, Өмүрбай, Жаныбек, Түйтө, Атчыбекти, эстеп бир эсе кубандым, бир эсе ошол күндүн келбестигин эстеп кайгырдым. Менин жаркын агаларым: Дүйшөн, Жусу, Кененбай, Алияскар, Сыдыш, Бегимат, Амантур, Огой алардын сүйкүм элеси кайда? Мени эркелеткен асыл жеңеленимин элеси кайда? Алардын сүйкүм элесин мен тирүү турганда жоготкум келбейт. Чоң залкар комузчу Акун атам кана? Тоодой керилген Азык энем, Сейдим энем кайда ? Капаландым. Кайран өтүп кеткен балалык күндөрүм. Бул көлдөн балык кармап балыкчы болгон балалыгым көз алдыма даана тартылды. Көп өтпөй койдун маараганы, коңгуроолу жылкынын өткөнү атактуу Кара-Каман жайлоосу тараптан байкалды. «Кой эртелеп ата-бабаммын изи калган улуу жайлоого барып малымы таап алайын дедим. Тешик Көлдү басып, Самынды -Сууга келдим. Таштар тайгалак баскан адам жыгылат. Ошол үчүн бул суу Самынды- Суу ичинде алтын балыктар сүзүп жүрөт. Мен кармаган балыктардын калганы сүзүп жүрөт. Нараакта Кара -Каман кандуу суу көбүктөнүп кирип турган экен. Тигинде мен кой кайтарган Ак Кайкы, Боз Дөбө, Ийри Сай жайлоолору боюн керип турат. Ошол учурдагы чоң аталарым: Ашыбай, Ысай, Текебай, Урманбет, Баякун жана башкалардын элесин сагына эстедим. Ал кездеги чабан агаларым: Кененбай, Аляз, Жусу, Шамалдай, Март, Токуш, Кудаш, Ыдырыс, Огой жаркын абаларымы эстедим. Койсун, Макеш, Гүлбайра, Гүлүй, Бурулуш, Батма, колунан даам татып, ыйык көргөн жеңелерими эстегим келди. Энелерим Сейдим, Жамийла жана башкалар эсиме келип-кетип туруп алды.
Айрыкча кенен пейил Баякун атамын жаркын элеси эсимде. Анын көлдөй созулган байбичеси эсимен кетпей калыптыр. Алардын жаркын элестери көз алдыман кетпей даана тартылат. Бул жерде дагы мал карааны көрүнбөй, бир гана ыйык тоонун жаныбары суур аңкуштап, асмандан бүркүт сүрдүү шаңшыйт. Мен балалыгым өтүп, балык кармап, далай жолу кечип ойногон Кара Каман суусу менен үндөштүм, сүйлөштүм сагынычымы жаздым.
– Кандай, балалыгым өткөн дарыям аман-эсенсиңби?
– Келгениң жакшы, эшек минген ак жүздүү арык бала элең, окууңу бүтүп ошол бойдон келбей, көрүнбөй калдың го.
– Ооба келбегеним көп болду.
– Бул аймакта бобу ата-бабаңын изи калган конушту сагынсаң керек.
– Сагындым, сагынбай кантип коём, балалыгым, ата-бабам өскөн жер ыйык эмеспи.
– Келип жүр, келбей кетпе.
– Турмуш шартка байланыштуу келбей калдым.
– Келгиниң туулган жерди сагынган киши эмгектеп да келет. Же бул аймакты бир жолу унуттуңбу?
Александр Сергеевич Королев , Андрей Владимирович Фёдоров , Иван Всеволодович Кошкин , Иван Кошкин , Коллектив авторов , Михаил Ларионович Михайлов
Фантастика / Приключения / Исторические приключения / Славянское фэнтези / Фэнтези / Былины, эпопея / Детективы / Боевики / Сказки народов мира