Жер токтобой закымдай айланып, түндөр өтүп, күндөр өтүп, айлар жылып, адамдар баягы мүйүздүү эне кайып болуп кеткен үңкүргө көз салып жүрүштү. Балким дагы бир жолу касиеттүү энени көрүп калабызбы, шыбыш болобу деп үмүттөнүштү. Анан дагы бир кызыгы ошол күзгү ишембиден жумага караган касиеттүү түнүндө баягы Ала Мышыктын тоосундагы Кара Үңкүрдөн отту көрүшүптүр. Күйгөн оттун жанында эликтин кооз чыбыйы бар экен. Анан дагы оттун жарыгында он алты айры мүйүздүү бугунун элеси даана көрүнүптүр. Ошол отту жаккан сөзсүз бугу эне болуш керек. Ал улуу тоого от жагып өткөн күнүн эстеп жүргөндүр. Касиеттүү кайберен бугу эненин атын атап Теңир Тоодо анын ыйык атын чакырып бугу уруусу өмүр сүрүп жүрөт.
Бугу эне улуу тоолорго отуңду жага бер! Сенин отуңдун жарыгы өчпөсүн! Жаратылыш тирүү турганда адамдын денесиндеги күйгөн ыйык оту өчпөйт! Ошондой эле бугу эне жаккан оттой ар бир үйдөгү эненин оту өчпөсүн!
Бар бол бугу эне!
Бар бол ар бир үйдөгү коломтонун оту!
Жараткан жаратылыш эне биз өзүң мененбиз!
Сен барда, биз барбыз!
Жаратылышты сүйүп барктаган адамдар ар дайыма аман болгула!
Ошондой эле кийинки муундар ата-бабаңардын санжырасын эстеп, алардын жакшы жагынан үлгү ала жүргүлө!
1994-жыл Май-июнь айлары.
« Эмне улук?»
« Теңир улук, Күн улук,
Төбөсү ачык Көк улук,
Жан-жаныбар бүт улук,
Жарык улук, от улук,
Ордо күткөн журт улук,
Төшү түктүү жер улук,
Адам улук, жан улук.
Ханы жакшы эл улук,
Ынтымактуу журту улук».
***
Тирүү жандын атасы – Күн,
Энеси – жер,
Каны – суу,
Жаны -аба».
БҮРКҮТТҮН ЖҮРӨГҮ
Токтомбай чоң атасы кадимки Шербото баатырдын өлүмүн эстеп жатты. Ошол көрүнүш кандай болду эле… Кыйыр бир тууганы чагымчыл Саза эске келе берди. Анын чын эле сүрөмө ортону иритип жиберген жаман мүнөздүү адам эмес беле. Ошол кыйды жаман мүнөзү Шербото баатырдын түбүнө жеткенин баары билип калды. Бирок такыр үн катышкан жок.
Окуя мындай болгон. Ошол күндөрдүн биринде Шерботонун мыкты уулу Сурантай каза болгон эле. Кыйды Саза Шерботого кайрылып:
– Эй, Шербото биздин туу казыгыбыз Сурантай өлдү эми бизге жашоонун эмне кереги бар. Биз ансыз жашап эмне мураска жетебиз. Андан көрө өлүшүбүз керек. Ансыз өмүрүбүз жетимсиреп калды,– деп курч бычагын алып, көзүнөн жашын агызып, өзүн сайганга аракет кылат. Жанында турган адамдар Сазанын бычагын араң дегенде тартып алышат. Ошондо Шерботонун көңүлү жаман чөгүп, көзүнүн жашын төгүп:
– Сурантай уулуман чын эле айрылдымбы,– деп жашып боздоп кирет.
Жанында турган карыялар:
– Кой, Шербото баатыр антпе, ал өлсө да, анын артында жолборстой болгон балдары турат кайрат кыл,– деп акыл айткан болушат.
Бирок акыры иш жаман болуп бүттү. Анан Сазанын айтканына көңүлү чөккөн, ойлогонун бербес Шербото Сурантайга казылган көрдүн жанына барып, курч бычагы менен сайылып өлгөнүн журт көрүшөт. Арманга баткан туугандар, атасы менен баласын катарлаш бир мүрзөгө койгон экен. Токомбай ушуларды ойлоп санаага батып жатты. Кырс мүнөз ойлогонун бербеген, баатыр чалыш, чындык менен жашаган Токомбайдан өмүр боюу жардылык кетпеди. Токомбайдын атасы Өтөгөн өлгөндө анын байлыгын бир туугандары бөлүп-бөлүп алып, Токомбайга бир гана ат тийген экен. Кыйды бир туугандары, айыл аксакалдары менен жакын болуп алган. Энчи ошолордун оюу боюнча бөлүнгөн экен. Жини келип Токомбай ага аябай нааразыланды. Оома калыс эмес чечим чыгарган аксакалдар айтты:
– Токомбай жашсың сенин келечегиң алдыда, буюрса башың аман болсо, байлыкты курап аласың,– дешти.
Токомбай буга аябай терикти, бирок алардын сөзүн укпаса да болбойт эле. Анткени алардын жолу улуу аксакалдар болчу.
Нур төгүп турган күз айы эле. Ошол күндөрдүн биринде Токомбайдын үйүнө жол жүрүп бараткан үч карыя келип калды. Токомбай менен анын аялы Уулбала аларды сыйлап, жакшы тосуп алышты. Быйыл жут болуп койдун көбү ачкасынан өлүп калган. Токмбайдын байлап отурган кышкыга согум деген жалгыз ириги бар болчу. Ал колу ачык, бакжаңдаган сыйга берешен сары чийкил адам болгон. Ошол согумга деген чоң иригин союп береги жол жүрүп бараткан үч карыяны коноктойт.
– Алыстан келатып, жол жүрүп бараткан үч карыя элек кудай конокпуз,– дешет.
– Конок болсоңор конгула, силерге эшигибиз ачык, болгон тамагыбыз жайылуу, силер консоңор биздин үйгө кут конот,– деди.
Токомбай менен Уулбала береги карып калган үч аксакалды аябай коноктошот. Алар көл башындагы бугу уруусунун эң эле белгилүү адамдары эле. Узак жол басып чарчап келаткан адамдар болчу.
Кетеерде ак сакалдар айтты:
– Бактылуу болгула балдарым, жакшы конок кылдыңар.
– Биз үчөөбүз жетинин бири элек, жараткандан силер эмнени кааласаңар ошонуңар буюрса аткарылсын. Силерден чыккан тукум кыргыз журтуна эмес, андан сырткары элге белгилүү болсун,– деп сыймыктуу карыялар алтын шилекейин чачыратып, асыл батасын берген экен.
– Жарыңдын боюнда бар экен биз бата арнадык кудай буюрса, бул балаңар жөн бала болбойт.
– Чоң атаңар Шербото бүт элге белгилүү адам эле анын небересинин даңкы андан да белгилүү болсун,– деп биз каалоо тиледик.
Жолочулар жол кетти. Алар түнөгөн жерине асыл бата берип кетишти.
Александр Сергеевич Королев , Андрей Владимирович Фёдоров , Иван Всеволодович Кошкин , Иван Кошкин , Коллектив авторов , Михаил Ларионович Михайлов
Фантастика / Приключения / Исторические приключения / Славянское фэнтези / Фэнтези / Былины, эпопея / Детективы / Боевики / Сказки народов мира