Качып кудай ургандар.
Төрөлгөн жери көзүнөн,
Төрт айланып учканбы.
Бабалардын тарыхынын
Башталмасы буларбы.
Көктө булут учунда,
Көөнөрбөс айыл бугуга.
«Көк менен учуп келди»– дейт,
Кайрат күчтөн тая элек,
Кайраттуу күлүк Желжетпес.
Суктанткан айыл бугуга,
Сууларды кечип келди дейт.
Ата менен эненин,
Артында калган туягы.
Жаратканым жашын төгүп,
Жабыгып турса туябы.
Жакшылыкты кудай берди дейт,
Жерди жердеер эр келди.
Куржунга салып ташылган,
Куурчактай бала сак келди.
«Жараткандан жакшылык,
Жалгыз туяк аман»– деп,
Карыялар чуркурап,
Калың журт ыйлап буркурап.
Улуу тоонун адамдары,
Урматтап тосту буларды.
Куржунга салып ташылган,
Куржун деген атты алган.
Улама ушул калган дейт,
Уланып кеп кеткен дейт.
Укпай койсоң өзүң бил.
Ишенбесең не деймин.
Жол колот менен берилейм,
Жоргому чаап желдирем.
Жондотуп айтып тарыхты,
Жомокчу болуп мен келем.
Сайды кечип берилейм,
Сары атымы желдирем.
Сабалата тарыхты,
Санжыра айтып мен келем.
Төрөкочкордон айрылып,
Токто эне жаш калды.
Кайгы тартып зарланып,
Кара көзүн жаштады.
Кыдык ата ошондо,
Он жетиде чагы экен.
Боконо сөөгү болкулдап,
Болуп калган чагы экен.
Токтоо энени ошого,
Бата берип, баш байлайт.
Турмуш болсо токтобой,
Туурунан учуп айланат.
Булуттар көчүп салпылдап,
Андан ары өтүптүр,
Арбын-арбын замана.
Ат көтөргүс бүт алтын,
Айтып жаткан уламам.
Ата-баба тарыхын,
Таап алдыңбы ушундан.
Аталуудай өңдөнүп,
Ата-текти айта жүр!
Энелүүдөй көрүнүп,
Эл-жериңи эстей жүр!
«Куу турмуш эми ушул»– деп,
Курбу менен курдашка,
Кужулдаган кургурга,
Куржундан кабар айта жүр!
Эл дегенде элди сүй,
Жер дегенде жерди сүй!
Алдыңда жатат жаркын жол
Айланайын аман бол!
Улама кеп улама,
Укмуштарды уланткан.
Өзүнчө бир чубама,
Атадан өтүп балага,
Айтылса экен кез келип,
Айтып жаткан уламам,
Ат көтөргүс эстелик.
Эээ…ээй…
ТОРГОЙ АТА БАЯНЫ
Жолдо такыр тынч албай,
Жорголой бер торпогум.
Улама кепти улаган,
Улана бер жомогум.
Катуу чуркайт энтеңдеп,
Кара кашка торпогум.
Бабалар жолун баяндап,
Баштала бер жомогум.
Боор түзөңдү аралап,
Бороон согуп турду эле.
Ак боз атчан көрүнбөс,
Ай караңгы түн эле.
Шар аккан сууну аралап,
Шамал согуп турду эле.
Жолочулар көрүнбөс,
Жоболоңдуу түн эле.
Куржун ата таң заарында,
Боз үйүндө жатканда.
Тамылжып келип жаңыдан,
Таң супасы башталган.
Кара чаар кабылан,
Элес чачып жаңыдан.
Эшиктен кирип чамынган.
Жолборс кирди боз үйгө
Жоболоң учуп дүйнөгө.
Эне карайт таң кала,
Көз жиберип далайга.
Баяндарда аты калган,
Ысмы ырдалып ырларда,
Торгой ата бешиктеги,
Топудай болгон жаш бала.
Каардуу жолборс жөн турбай,
Коломтодон от чапчыйт.
Үйдүн ичи алай-дүлөй
Үстү-үстүнө чаң ызгыйт.
Ыркыраса кабылан,
Ыш болуп от чачырайт.
Бешиктеги баланын
Бетин жалын аймалайт.
Улуу отто калгандай,
Үйдүн ичи өрт жалын.
Аяк жагы күйүп жатат,
Арыда жаш баланын.
Бирок бала үн чыгарбай,
Таң калтырды баардыгын.
Үйдөгүлөр шекшинет,
Курган бала не болду.
Же дареги билинбейт
Жеп салдыбы болжолу.
Көздү азгырып жазгырган
Көрүнүш шектүү окшоду.
Жолборс кетти артына,
Үйдөгүлөқр таңданды.
Мемиреп тынчтык мемирейт,
Мезгилдер сызып арыга.
Бешиктеги балага,
Үйдөгүлөр таңданган.
Бетин ачып караса,
А баягы бала аман.
Айтып бүтткүс тамаша.
Жолборс неге келди экен,
Жолдошубу баланын.
Кор кылбай башкаларга,
Коргоочусу бабанын.
Байгамбарлар берди бекен,
Байыркы бир батасын.
Бетин сылап баланын
Бейгам кезде келдиби.
Арыбас кылып бабага,
Ак батасын бердиби.
Ыйык тагдыр аян берди,
Теңиримден белги келди.
Жоболоң чакта таштабайт,
Жоодон аны кайтарат.
Атактуу Торгой атанын,
Айдыңы кеткен далайга.
Карааны тоодой бел тутуп,
Кадырман болчу калкына.
Калмактар аны баалаган,
Караан тутуп кадырлашкан.
Аман сактап өз журтун,
Алыш-бериш катташкан.
Кылкүрөң деген ат минип,
Кылторко деген тон кийип.
Кырдагы өскөн элине,
Кымбат баалап намысты,
Калмакка элин кор кылбай,
Каадасы улук бир далай,
Кыйлага кетип атагы,
Кытайдан жибек шайы алды.
Кербендер келип айланып,
Кебез тоого жол салып,
Тепчип өтүп келүүчү,
Теңир Тоого байыр алып,
Сөөлөт күтүп токтоо эле,
Сөзгө чечен бай эле.
***
Карыядан укканымы,
Баарын ырга салайын.
Сабалата сөз курап,
Санжыралап таштайын.
Байыркыны улам эстеп,
Торгой ата баянын.
Топ-тобу менен тизмелеп,
Толкунун айта баштайын.
Торгой ата бир жылдары,
Үч жигитти жанына алды,
Алыр менен сапарлап,
Алыскы Чүйгө аттанды.
Атабаек деген бай бар эле,
Алыстабай куда болуп,
Алыш -бериш катыш эле.
Чүйдө болуп он беш күндөй,
Солто элин бүт кыдырды.
Адыр ашып түздү басып,
Аймакты бүтүн сыдырды.
Жыйырмадай күн өткөндө,
Ата Атабекти карады,
«Сый бүттү эми кайталы,
Кел демек бар, кет демек жок,
Туулган жерге сапарлайлы.
Убадага турбаса,
Дос деген айрылат.
Сөөк деген айрылбайт,
Таттуу сыйга чоң урмат
Өзүңү күтүп алууга,
Бизде дагы чоң күч бар.
Эртең эле жаз келет,
Эмдиги жылы сапар бар».
Күзүндө мал нык семиргенде аны айдап барып түштүккө соода кылып келчү. Анын бир келини Торгой атага жакын туугандарынын кызы эле. Ошол үчүн аны менен катышып келатпайбы.
Ошол кезде солтолор душманга каршы катуу айбат көрсөтүп, аябай чыңалып алган эле. Торгой баатыр да алардын жоокердик өнөрүн өз көзү менен көрүп,үйрөнгүсү келди. Анткени бугу уруусу калмак, жакын турган жылкы чабаар казактарга таланып турган эле. Күч жыйнап аларга каршы күрөшмөй болду. Солтолордон көп өнөрдү үйрөнүп, келген жоодон өз уруусун коргомой болду.
Александр Сергеевич Королев , Андрей Владимирович Фёдоров , Иван Всеволодович Кошкин , Иван Кошкин , Коллектив авторов , Михаил Ларионович Михайлов
Фантастика / Приключения / Исторические приключения / Славянское фэнтези / Фэнтези / Былины, эпопея / Детективы / Боевики / Сказки народов мира