«Төрөлгөн пенде өлөт да,
Тагдыр жолун көрөт да,
Журту ыйлап чуркурап,
Жууп-тазалап көмөт да.
Жаралган пенде кайтат да,
Жазуу жазса барат да.
Калкы ыйлап чуркурап,
Карайлап туруп көмөт да.
Келген пенде кетет да,
Өмүр закым элес да
Баардыгы тең кайгырып,
Улуп-уңшуп ыйлашып,
Уул куздары көмөт да.
Кош калгыла уландар,
Кош калгыла туугандар,
Жеңелер кайыр кошкула!
Жергеме атак тааныткан
Апалар кайыр кошкула!
Алыс жашка жол тарткан.
Абалар аман болгула!
Ар дайыма бел туткан,
Аталар аман болгула!
«Бугу энебиз өткөн,-деп,
Буйрук жазуу көргөн,-деп,
Кары –жашы чуркурап,
Калк кайгырып көмгөн,-деп,
Санат ыр түзүп жоготпой,
Санжыра айта баргыла!
Бир-бириңди жоо кылбай,
Биримдик болсо анан да,
Сунган колуң узараар.
Баарысына жеткен жол.
Бакытка узап кете алаар.
Келген киши кетет да,
Ага убакыт жетет да,
Баян айтып жашоого,
Баарыңар кош калгыла!»
Эненин сөөгүн боз үйгө,
Этият коюп жаткырышып.
Түн боюу алыс кетпестен,
Түгөл турду кайтарышып.
Ала-салып токтобой,
Адамга үйгөн түйшүктүү
Акырын жылып түн өттү.
Алыс-жакын жерлерге,
Абдан тааныш элдерге,
Чабаганды чаптырды,
Чарчабай баарын алдырды.
Түпөйүлдүү түн жылды,
Жерге жарык төгүлдү,
Жергем кайра көрүндү.
Сөөктү сууга алганга,
Көрүлүп жатты камылга.
Эртеси туруп караса,
Мына кызык тамаша.
Бугу эненин сөөгү жок,
Баардыгы таң калышты,
Шектүү нерсе байкалбай,
Шекшимал болуп жатышты.
Же болбосо, эне сөөгү,
Асманга учуп кеттиби,
Кайып болуп байкалбай,
Кара Тоого бездиби.
Баш катырат балдары,
Башкача жооп айта албай.
Тунжурашат адамдар,
Туура жоопту чыгарбай.
Убайга батып термелет,
Ушундай укмуш болорбу.
Өкүнтүп ушул тарапта,
Өкүнүч иштер болгонбу.
Ошол түнү тарапка,
Агала жамгыр шыбыргак.
Акырын жааган шыбырап,
Айлананын баары кар.
Бир кезекте ойлонуп,
Кыраакы чукак карыялар,
Кыламык жерди караса,
Бир эчкинин изи кеткен,
Ала Мышык тоосуна,
Эчкинин изи кетиптир.
Ал кездеги адамдар,
Из тарыхын чечиптир.
Канчасы калп экенин,
Канчасы чын экенин.
Эч ким деле билбептир,
Баяндаган бул кепти
Албан жашты жашаган,
Куйма кулак бир кары,
Жобурап айтып бериптир.
Жазмачы сөрөй кагазга,
Жазаар кези келиптир.
Ошондогу адамдар,
Из тарыхын чечиптир.
Санжыра деген санжыра,
Салмагын ким билиптир.
Кайберен эне кайберендин,
Изи менен кетиптир.
Уламалап байыркынын,
Уламасын эстейли.
Бир кездеги өткөнгө,
Биз кайрылып келели.
Бугу эненин жайына,
Койгон экен эчкини.
Дал ушундай болдубу,
Даана жагын ким билди?
Ушул эле убакта,
Жылдыздардын алдында.
Миң булактын башында,
Карааны чоң калдайган,
Караңгы түндө байкалган,
Кара Үңкүрдүн өзү бар,
Өткөн жанды каранткан
Өзү эмес кара көзү бар.
Сыр жашырган үңкүрдү,
Сырлуу ошол өткөндү,
Карыялар кеп кылаар,
Ал үңкүрдүн адамга,
Айтып бүткүс ыры бар,
Ыры эмес оң сыры бар.
Сырынан да чыры бар.
Ээ…ээй…
Бейшембинин күнүндө,
Жумага өткөн түнүндө.
Ал үңкүрдөн от күйөт,
Шоола жанып бүлбүлдөйт.
Сырлары жанып тарапка,
Сырдуу дүнө бөлүнөт.
Сызылып чыккан ал күндөр,
Сыйкырдуу жомок өңдөнөт.
Өлөңү чыгып тарапка,
Өзүнчө баян төгүлөт.
Күйүп жанган ошол от,
Айтчы эмнени көргөзөт?
Алоолонгон ал отту,
Бугу энебиз жаккандыр.
Сыйкырдуу жашоо уланып,
Сыры ачылбай жаткандыр.
Ала Мышык тоолору,
Айдыңдуудай көрүнгөн.
Байыркынын тарыхынын,
Баяны учуп бөлүнгөн.
Сыйкырдуу өт көрүнсө,
Сыры чыгып бөлүнсө,
Сырдуу өттун учкуну,
Басып өткөн кыядагы,
Жашап жаткан кыялдагы,
Байыркы ата-бабанын,
Даңазалап улуу даңкын,
Жаккан жалын өчө элек,
Жылуулук табы бүтө элек.
Эчаакы бизге жагып кеткен,
Энелердин ыйык отубу,
Айдыңдуу шаңын тараткан,
Аталардын ыйык отубу.
Байыркыдан алоо жанган,
Бабалардын ошол отубу.
Байыркылар жаккан от,
Ата баба жаккан от,
Эң байыркы тарыхта,
Энелерибиз жаккан от,
Бугу энебиз жаккан от
Жүрөктөрдөн өчө элек,
Ысык табы кете элек.
Бабалар жаккан ошол от,
Жылытып бизди келатат,
Жүрөктөрдөн калкып чыгып,
Жалыны бизди жылытат,
Өзүбүзгө кайрат берип,
Өчпөс ырга айланат.
Жаш гүлдөй өсүп келаткан,
Жаштар аны ыр кылат.
Сап-сапка тизип сүйлөмдү,
Санжырада айтышат.
Эстеп жаттым ошону,
Элесиме тарых келет.
Бугу эненин отунан,
Буйгатка жарык эленет.
Энекемин жаккан оту,
Эселки чакты эстетет.
Эненин жаккан отун,
Эске сала жүрөлүк.
Ырларда ырда өтөлүк,
Сап-сапка тизип сүйлөмдү,
Санжыра кылып түзөлүк.
Ээээй…
Жол улаган торпогум,
Чарчап калды өңдөнөт.
Адыр түздү көп басты,
Алдыда аппак жол жатты.
Жыбыраша үндөшө,
Жылдыздар толду асманга,
Жолдо айтып баянды,
Жомокчу чал чарчады.
Баятан айткан жомогу,
Маашырлантып чалдарды,
Магдыратты балдарды
Ээээй…
БУГУ ЭНЕНИН ДАГЫ БИР ЖОМОГУ
Жомок болсо аябай тез жылат,
Адамдар алыс жолго чыгат.
Акырын турмушубуз жай жылат,
Анда эмесе кагылайын туугандар,
Акылман бугу эне жөнүндө,
Азыр эми башкача жомок башталат.
Шамалдуу сайды аралап
Шашып-бушуп келатам.
Ыйык эне тарыхын
Ырга айлантып келатам.
Топ-топ болгон ырлардын,
Тобун айдап келатам.
Эл кайгырса кайгыргам,
Эл кубанса кубангам.
Атаңын көрү дүйнө күн,
Андан башка не кылам.
Жайлманын баш жагы,
Айлыбыздын ар жагы.
Сөзүбүздүн бер жагы.
Бир китептен окугам,
Билим кенин чокугам.
Ал ыйык саптарды,
Окуп жатып тамшангам.
Алып салып калптарын,
Ырга айлантып таштагам.
Баш жагынан тууралап,
Баян кылып курагам.
Сөзмөр жандар окуйбу,
Сөздү-сөзгө улагам.
Бугу эненин жомогу,
Байыркыдан башталат..
Эчен кылым аралап,
Бизге карай келатат.
Андан бери жоголду,
Арбын-арбын көп заман.
Мезгил ылдам өттү деп,
Ушунчалык таңданам.
Александр Сергеевич Королев , Андрей Владимирович Фёдоров , Иван Всеволодович Кошкин , Иван Кошкин , Коллектив авторов , Михаил Ларионович Михайлов
Фантастика / Приключения / Исторические приключения / Славянское фэнтези / Фэнтези / Былины, эпопея / Детективы / Боевики / Сказки народов мира