Ошол жанган үмүттү,
Мен десеңер сактаңар.
Үмүтүмү жок кылып,
Кур шайтанга сатпаңар.
Кайыптан бүткөн жан элем,
Калдайып тоодо жүрчү элем,
Кайгы мүшкүл иш келип,
Катаал күнгө туш келип,
Араңарга мен келгем,
Арманымды эмне дейм.
Кулжаман айырган,
Куруп калган мергендер,
Кумдуу тоого келгендер.
Кубулуп анан кыз болуп,
Кум кайкыдан мен келгем.
Арманым бар башымда,
Андан башка эмне дейм.
Аркардан анан кубулуп,
Асыл жанга айлангам.
А кокуй ай калбаптыр,
Андан башка айла амал.
Аркалаган денени,
Адамдын алты саны бар,
Алтындай болгон башы бар.
Басынтып анан кор кылбай,
Башка мени чаппаңар.
Байкабай кол тийгизип,
Балакетке калбаңар!
Ал-жайымы сезгиле,
Айланайын туугандар!
Уламаны уккандар,
Ушул жерде тургандар.
Эринбей айтып берейин,
Экинчи собол бу болот.
Сөзүмдү уккан агалар,
Эр жигитке жакшы жар,
Эл ичинде табылаар.
Жакшы жарга жолуккан,
Жалыны бар от табаар.
Ак үмүттү жоготпой,
Аярлап бек сактаңар!
Мен жуунуп жатканда,
Карабаңар денемди.
Ургаачы жандын денесин,
Уят болот караган.
Акылсыз болот ал өзү,
Абийирге жатпаган.
Туу жондорду жайлаган,
Тукумубуз кайыптан.
Сырларым бар жашыруун,
Сыры сыртка чыкпаган.
Өтүнүч бар үчүнчү,
Адамдын жаткан төшөгү,
Арыбас ыйык жай болот,
Ак ой баскан түштөргө,
Айдыңдуу сонун түндөрдө,
Арбактар келет түндөсү,
Учуп жанган укмуштуу,
Учурдагы кубулушту.
Уктаган адам түш көрөт,
Өткөндөр бүт көрүнөт.
Байкабай калып катыгүн,
Башка мени чаппаңар,
Төшөктүн башын баспаңар!
Арман күнгө калбаңар,
Ал жакты тепсеген,
Андай адам оңолбойт,
Каргап койсо соо болбойт,
Кайыптын кызы кайберен,
Кайгылуу башым азаптан,
Төрөтүм бүтүп токтолот,
Төрдө отурбай жок болот.
Токтоп калаар төрөтүм,
Башка мени чаппаңар,
Убайымга кайра салып,
Убалыма калбаңар.
Ал пенде калаар каргышка,
Азайып калаар тукуму,
Армандуу болоор турмушу.
Кимдер мени кордосо,
Тукуму такыр арбыбайт.
Арыса да жүзгө жетпейт,
Жүзгө жетсе, күзгө жетпейт.
Кимдер мени кордосо,
Басаар жакты торосо,
Алдыда жолу арбыбайт,
Арбыса да узап кетпейт,
Узаса да улап кетпейт.
Үмүт менен кеп айтып,
Үч соболду кеп кылдым.
Мен айтпасам ким айтат,
«Буйрук ушул экен»-деп,
Бугу эненин өзү айтат.
Ак маралдын көзү айтты,
Айдай болгон жүзү айтты.
Баарыңар тең боорукер,
Байсалдуу болсун деп айттым.
Армандуу сырды жашырбай,
Арыбас кылып кеп айттым.
Аркалаган өтүнүчүм,
Аткарылып калгай эле,
Кыдыр даарып элде калам,
Кымбатым деп бир барам.
Коломтону алоолонтуп,
Кор кылбай от жагаармын.
Элиңерге уул төрөп,
Эрге берип кыз үйлөп,
Эне болуп калаармын.
Абай-сабай күн өтөт,
Ала-сала түн өтөт.
Абалатып жылкы айдай,
Жалдуу ат минип шайма-шай,
Жайлоодо жай болгондо,
Жайлоого журт конгондо,
Бугу эне мындай дейт:
Сөз төркүнүн белендейт.
Ичимде бар бир арман
Силерге аны чыгарам.
Жалындуу үмүт жашынса,
Жабыккан ойго чырмалам.
Кайберенден тараган,
Эки балам бар эле,
Балкайып менен Жоокайып,
Тоо ичинде калгандыр,
Энесин эстеп жаткандыр.
Ошолорду алып келейин.
Талаага таштап кетпейин.
Тагдырыма нур чачкан,
Таалайларды эстейин.
Кайыптан бүткөн жаныбар,
Кара Үңкүрдө жашаган.
Эне болсо алып келди,
Энчилүү эки баласын.
Балкайып менен Жоокайып,
Элде жашап калыптыр.
Калппы, чынбы ким билет,
Кагаздагы жазылганды,
Жаңылыш деп ким чиет.
Же болбосо жомоктур,
Ал жагын ким ойлоптур.
Жазган киши көргөн жок,
Укканын гана кабарлайт,
Жомок болсо уланып,
Жолдо кетип баратат.
Жорголоп баян таратат.
Бугу энгебиз ошентип,
Бүлө болуп калыптыр.
Өчпөс отту жагыптыр.
Асмандан көчүп ак булут,
Ай айланып, жыл удургуйт.
Ала-салып канча жыл,
Таратып келет жаңылыгын.
Касиеттү энебиз,
Каадалуу элде калыптыр.
Жылдар-жылга жалгашып,
Жыл айланып шашыптыр.
Күн кайра бүркөлүп,
Күңгөйдөн жамгыр өткөндө.
Жай айында калың эл,
Жайылмага көчкөндө.
Мезгил жылып карыптыр.
Ошондон бул ыр калыптыр.
Аңгемечим бул баянды,
Аярлап ырга салыптыр.
Күндөн-күнгө күн өтүп,
Күндөр айга жалгашып.
Ай закымдап токтобой,
Айлар жылды кууй шашып.
Боюуна бүтүп эненин,
Талгактыгы ашынат.
Кайберендин сүтү керек,
Ал каяктан табылат.
Буюккан ой бар ичинде,
Буурул түндүү кезинде.
Алсейитке айтыптыр,
Ушул оюун кечинде.
Көлдө жашап келебиз,
Көөнөрбөс бугу элденбиз.
Бабалар өскөн жерлерди,
Байырлап жашай беребиз.
***
Асанмырза, Карамырза,
Аңчылыкка чыгып бир күнү.
«Кайберенди аталы» деп,
Катар күтөт күүгүмдү.
Жалчадан кийик көрүндүбү,
Жаны калбай бери жүгүрдү.
Торпудан атты мылтыкты,
Тоолордун ичи күрү-гүү.
Мергендер жолдуу болушту,
«Кайра үйгө кетебиз»-деп,
Кара суу кечип бойлошту.
Кара тоонун эчкисинин,
Караандуусун атып алышты.
Эмчек жагын кайберендин,
Энеге сөгүп беришти.
Өтүп кеткен кусалык,
Төштү алды кубанып.
Анан дагы өтүнүчүн,
Айтып жатты кумсарып.
Карабаңар бириң да,
Менин эмне кылганымды.
Эне айтып ушул сөздү,
Эшикти бек жаап алды.
«Эмне кылып жатат»-деп,
Ошол кезде Асанмырза,
Энени карап туурдуктан,
Элейе тиктеп көз салса,
Мына кызык тамаша,
Эмчекти ээмп бугу эне,
Чыга келди боз үйдөн.
Капалуу жүзү көрүнгөн.
Жылдызы жерге төгүлгөн.
«Мени көрүп койдуңар,
Болоор нерсе болду да,
Жарабас ишти кылдыңар,
Өксүктүн ушул шогу ай,
Өтүнүчтүн жогу ай,
Мынча эмне шоксуңар,
Өтүнүчкө жоксуңар.
Эми эмне кылалы,
Кызыгуунун ушул азабы,
Жаман болду ушул иш,
Кечиримдүү мунуңар,
Экинчи күнөө болбостур,
Мага айып тагылса,
Тагдыр кетеер кыйгачка.
Алдыңкы күндү ким билет,
Алдан тайып кыйгач кетет.
***
Дагы далай күн өтүп,
Айтып бүткүс баяндар.
Айгайлаган чуу өтүп,
Албан, албан түн өтүп.
Александр Сергеевич Королев , Андрей Владимирович Фёдоров , Иван Всеволодович Кошкин , Иван Кошкин , Коллектив авторов , Михаил Ларионович Михайлов
Фантастика / Приключения / Исторические приключения / Славянское фэнтези / Фэнтези / Былины, эпопея / Детективы / Боевики / Сказки народов мира