Баарыбызды мүйүздүү эне колдосун!
Жолго чыктык анда эмесе жол болсун!
Бир кудайым биздин ишти оңдосун!
ЖАМАНГУЛ АТА
Эээ…й…
Эзелкинин баяны,
Элеси көп ар кандай.
Укмуш, укмуш ырлардын,
Учугун чубап чыгармай.
Ай, курдашым, курдашым,
Ачка болдум дейсиңби,
Ачка болсоң кел бери!
Сүткө талкан булгайлы,
Сугунуп аны бурдайлы.
Мезгилди бошко кетирбей,
Кайра маек куралы.
Байыркы ата бабанын,
Баянынан улайлы.
Бай тарыхын эстейли,
Башкаларды каратып,
Баян айта кетели.
Ай, шум дүйнө, шум дүйнө,
Жогмоктору көп дүйнө.
Жоругу жолдо айтылган,
Жомоктору көп дүйнө.
Бажырайып чачылган,
Бар дүйнө да жок дүйнө.
Шарактап алып токтобой,
Шамалы учкан бу дүйнө.
Кубулжутуп үн берген
Кубанычы көп дүйнө.
Ай туугандар, туугандар,
Окуя сырын куугандар.
Алсейит жубайы,
Болгон эле бугу эне.
Айткан элек биз аны,
Белгилүү журтка баяны.
Сай-сайда калып жоголгон,
Санжыра айтам ошондон.
Мунун баарын баяндаган,
Куйма кулак карыдан,
Кубанып улам сурагам.
Карыянын жомогун,
Ыр кылууну ойлондум.
Эчаакы өтүп кеткенди,
Эстегенге кез келди.
Аңгемени угуп отуруп,
Аян кылып курадым.
Байыркынын уламышын,
Баштап кайра уладым.
***
Ошол, ошол заманда,
Алаамат болуп ааламда,
Жер талашып, көп жолу
Кыргыздар менен калмактар,
Кыйры кеткен алыска,
Кытайлар менен кармашкан,
Алакандай кыргыз эл,
Ар намызын талашкан.
Калмактар кылып кордукту,
Кыргыздар ага чыдабай,
Караңгы түндө жол жүрүп,
Каршылашкан бир далай.
Кээ бир кезде кармашуу,
Намыз бербей чабышуу,
Бир жолу ошол жоо,
Катуу кылып каршылыкты.
Боз үйлөрүн кыйратып,
Келин кызын ыйлатып,
Катуу кылды каршылыкты.
Бугу эли буга чыдабай,
Жапырт баары аттанышты.
Кыйратууга чыгышты,
Кыл тиштеп келген калмакты.
Далай жолу болду го
Басылбаган кыргындар.
Кармашып жоо менен
Катуу турду кыргыздар.
Көтөрүлдү бугулар,
Калмактар менен каршылашып,
Катуу намыз талашып,
Карагай черди аралап,
Жамангул, Итбок, Боокелер,
Жат жоого алар баратты.
Карыш жер такыр көрүнбөй,
Кабалаңдуу түн жатты.
Жылкыны айдар душмандар,
Жыбыт менен качышкан.
Айгай салып калмактар,
Алыстап улам бараткан.
Кооптуу сана аралайт,
Көк Теңирим колдой көр,
Жемишин берип чоңойткон,
Жер энебиз коргой көр.
Түбү түктүү жер жатат,
Кармаш күчөп келатат.
Каардуу калмак келатат.
Көп жылкыны такыр бербей,
Калмактар жүрөт кармашып.
Кыргыздын жоокерлери,
Алар менен алышып.
Айбалта менен чабышып,
Аябай намыз талашып.
Башталды кыргын сүрөөн,
Азап тозок күчөгөн.
Жоонун саны көптүк кылып,
Кыргыздар артка сүрүлдү.
Алар артка качышты,
Аралады айсыз түндү.
Калмактардын көптүгү,
Калтаарытып үрөйдү.
Айбалтасын колго алып,
Жоо жарагын кошо алып,
Аңыраңдап чабышып,
Ашып-шаша камынып,
Жаачаны сороктоп,
Кажы-кужу сүйлөшүп,
Калмактар келет короктоп.
Баатырларга тйишип,
Баркылдашып ит боктоп.
Мөндү-мөндү мөндүлөп,
Мөндүлөп душман келатат.
Жабуу-жабуу жабуу,-деп
Жабалактап келатат.
Аттарына камчы уруп,
Аңыраңдай келатат.
Баардык журтка белгилүү,
Батмөңкө деген мерген бар.
Айдыңы чыгып калмактан,
Атпай журтка таанылып,
Очогор мылтык асынып,
Ошол да кууп алыптыр.
Алдындагы Жаа тору
Аты арыш алыптыр.
Итбок менен Боокеге,
Ошондо ок жаңылат.
Денесине терең кирбептир,
Жаратканым аман сактайт.
Азап күн ошондо,
Көп азамат окко учту.
Өлүм деген шор экен,
Кыргызды бүт коркутту.
Багышан, Каабай бар эле,
Айдыңы элге шаң эле,
Ошол эрлер окко учту,
Кандай азап коркунучтуу.
Бир жери толук болсо да,
Бир жери кем дүйнөнүн.
Баарына толук жете албай,
Кандайсың дүйнө күн.
Акырындап аласың го,
Адамдын сен өмүрүн.
Калмактар көптүк кылып,
Кыргыздар азыр кайгылуу.
Артта турат жоо колу,
Жамангул баатыр жаралуу.
Өмүрдү өлүм аралаган,
Көздөн учуп чымын жан.
Азап мелт-калт чайпалган.
Болоор иш эми болду да,
Баатырлардын шору да,
Жылкыларды жыйра айдап,
Жоонун көрдүк кеткенин.
Жортуп келген буруттун,
«Бирдик» -дешти эсебин.
Багышан менен Каабайдын,
Сөөгүн жүктөп жылкыга,
Өрүш менен келишти,
Өкүрүк таштап айылга.
Өксүк үндөр таралды,
Пайда кылып кайгыны.
Эмне арман болуу да,
Элейише таңданды.
– Кагылайын эл журтум,
Кайгуулда турган калмакка,
Кайдан барып кабылдык.
Калмактардан жаза алып,
Эки бирдей шумкардын,
Элесинен айрылдык.
Ээсине берип таштадык.
Эки бирдей шумкарды,
Эми бизге ким берет.
Таандай калмак каптаса,
Тагдырыбыз эмне дейт,
Таалайлуулар жок болду,
Айланайын эл журтум!
Шумдуктуу ишти ким билди,
Шумкарлар учуп жол кетти.
Кайгуулдагы баатырлардын,
Кара жанын ок жеди.
– Оо, кокуй ай, боорлорум,
Калмактар берди эсепти,
Катуу азапка кабылдык,
Катаалданган тагдыр бар,
Карчыга куштан айрылдык.
Кайран эрлер жол кетти,
Каргалар учкан кыядан.
Боз таркылдак куш да бар,
Боорго салган уясына,
Боздотпой келип кайрылган.
Боз ала болуп биз байкуш,
Боор тарткан эрден айрылдык
Боз атчан өткөн кыядан.
Кача албадык тап-такыр,
Катаалданган тагдырдан.
Караандарын көрсөтпөй,
Кара кайгы каңгыган.
Кайрандардан айрылдык,
Кара атчан өткөн кыядан.
Кагылайын боорлорум!
Жамангул баатыр жаралуу,
Кара башы кайгылуу.
Анын да жаны учабы,
Алыстап бизден сызабы.
Ок жаңылган адамга,
Паана болуп кудайым,
Мурдатан келген иш эле,
Ургаачы аттайт дечү эле.
Жан дүйнөсү ак болсо,
Жаңылыштык болбосо,
Кайрылып кайра жакшылык,
Кан менен чыкмак ок атып.
Өмүрдө төшөк булгабай,
Абийрин ак сактаган.
Ургаачыны издөө башталган.
Касиеттүү Олуяттын,
Караандуу атын аташты.
Күңгөйдө турган келинге,
Күлүк берип узатты.
Жашын төгүп энелер,
Жаратканга жалынат.
Александр Сергеевич Королев , Андрей Владимирович Фёдоров , Иван Всеволодович Кошкин , Иван Кошкин , Коллектив авторов , Михаил Ларионович Михайлов
Фантастика / Приключения / Исторические приключения / Славянское фэнтези / Фэнтези / Былины, эпопея / Детективы / Боевики / Сказки народов мира