– Абалар, айтканыңарды кубаттайм тоолордогу кайберендерге кастык кылбагыла, көп атсаңар каргышка каласыңар, жаман болот,-деди кайберен кыз.
Сүйлөшүп отуруп перизат кыз алар менен кетүүгө макулдугун берди. Мергендер бул кызды жаратканым берген белек экенин эгерде муну албай таштап кетсе, бир жаман иш болоорун сезишти. Кыз кетеерде тоо жакты эки-үч жолу карап алды. Анан эле кыз кетеерде кайдан-жайдан кайберендердин тобу пайда болду. Алар кызды армандуу узатып жаткансыйт. Тигинде улактар кулжа, аркарлар, таш үстүндө тизилип кызды аянычтуу карап турушат. Кичинекей улактар чуркап келип, кызды тегеректеп аны узата баштады. Кыз аларды колу менен баштарын аяр сылап коюп жатты. Аңчылардын кулагына кайберендин маараган жылаажындуу назик үндөрү далайга угулуп турду.
Экөө сапарлай айылга карай аттанышып, Асанмырза үйгө эртереек келип, Теңир Тоодон перизат кыз таап алганын тааныштарына кабарлады.
Карыялар жалпы эле айылдын эркектери Арыкмырзанын боз үйүнүн жанындагы бийик дөбөдө өткөн-кеткен бабалардын санжырасын кеп уруп отурушкан эле.
Асанмырза дөбөгө чыгып аттан түшүп ийиле:
–Улуу урматтуу аксакалдар биздин башыбызга баш, малыбызга мал кошулуп, Теңир Тоодон кайберен энени тукумунан перизат ургаачы таап келатабыз.
Карылардын ичнен сакалын толук ак чалган эң улуусу мурутун сылай мергендерди күлмүңдөгөн көзү менен карап:
– Болсун, болсун баатырлар салбырынга барып, кудайым шыбаа айтып сапарыңар олжолуу келиптир, улуу тоонун перизаты тегин пенде эмес. Ал көрүнгөнгө жолукпайт. Кайберен эне колдогон кайып силерге буюрган тура,– деп акылман карыя сакалын бажактата элге жакшы сөзүн агылып-төгүлүп кабарлап турду.
Арыкмырза:
– Аңчы инилерибиз улуу тоодон олжолуу болуп кайберен эненин кыз баласына туш болуптур, акылман карыялар алакандай элибиздин душмандары аз эмес, бирин-бири көрө албас кастар бар, андан сырткары чыгышта кара курттай быжырап калмактар турат. Дагы түштүктө күлүк аттары менен удургутуп уйгурлар жүрүшөт. Алар дини-тили бир болгон менен кээде душмандыгын салып кетет. Кытайлардын биздин жерге көз артканы тээ байыркы замандан бери келатат. Баары бизди басып алганы жутунуп турушат. Аз элибиздин айласы кетпесин. Алиги Манас баатырды Манас кылган Каныкей энебиз эмеспи. Курманбек баатырды алга сүрөгөн Айганыш зайып. Умай энелер берген акыл менен баарын жеңип алабыз. Отургандардын арасынан бирөө сөздү ары жиреп кетти:
– Ооба жаш болсо да Арыкмырза инибиз туура айтат. Акыл баарынан тунук жана айкөл. Калмактын даанышман байбичеси Бапик Чатху Коңтаажыны киши кылып жүрбөйбү. Ал эки карыш басса да, акылман кемпири менен акылдашат экен. Чачылган калмактарды ошол кемпир эл кылып жүрбөйбү.
Сөздү кайра Асанмырза алыды:
– Кыргыз кыргыз болгону көп эле акылман аталар менен энелер өттү. Сөздү башка жакка бурбай Наалы эжени эле алалычы. Ал элди журтту бириктирген акылман заада таза адам эмес беле. Каныкей энебиз болбосо, Манас, Манас болбойт эле го. Кыргызды кыргыз кылган ошол энелерибиздин салымы көп эмеспи. Инилерим Асанмырза менен Карамырза таап келген кайберен кызы бизге буйруп, журтубузга акыл шыбаа айткан ыйык ургаачылардан болоор. Анын жарыгы биздин ыйык журтубузга тиеер.
Бир жигит чуркап барып боз үйдөн кол чаначка кымыз алып келди. Суусундукту сыр аякка куюп улуулата суна баштады. Арыкмырза бир жигитти чакырып, ага акырын сүйлөп, колун жаңсап, буйрук берди эле, ал үйгө чуркап барып, аркан ала Ак Желе айгырдын үйрүнөн, ак боз бээни кармап, үйдүн жанынан жетелеп келди. Арыкмырза дөңдө отурган ак сакалдарга:
– Айланайын карыялар! Асанмырза менен Карамырза Теңирдин Ала Мышык тоосунан жөн келбей кайберен эненин кызын ала келиптир. Башыбызга баш, малыбызга мал кошулганы жатат. Ошого түлөө кылып мал союп, бата кылалы,– карыялар кепке макул болуп баштарын ийкеңдетти. Отургандар ээрчише боз үйдүн жанына келди. Өтө узак жашка барган карыя алаканын жайып, жараткан арбак теңирге бата жолдоп турду:
– Кагылайын Теңирим! Улуу жаратканым! Кыргыз алакандай эле элбиз, айлнабызды душмандар курчап турат. Ушундай капсалаңдуу күндө журтубуз аман-эсен болгой эле. Душман колунан жок болуп, дайынсыз чачылып кетпесек экен. Акыл салаар, эл башкараар адамдарыбыз көп болсо экен. Башыбызга баш кошулуп, алыскы журттар менен дос болуп, элибиз азап тартып, кыргын сүргүндө калбаса экен. Мекен туткан Теңир Тообуздан кетпесек экен. Байыркы бабалардын алтындай сөзү бар: «Бата менен эл көгөрөт, жамгыр менен жер көгөрөт»,-дейт.– Кагылайын туугандар мына ошону эске алып бата кылып койгула!– деди карыянын сөзүн угуп, баардыгы кол жайып бата кылышты. Отургандар кайта дөңгө келишти. Алар ата-бабалардын өтүп кеткен санжырасынан кеп козгоп узак аңгеме дүкөнгө киришти. Баарынын оюу чогулуп, бир бүдөмүктүү нерсеге такалды, бир даары ошону сүйлөй албай тунжурашты. Теңир Тоодон келген кызды кимге ыйгарабыз?
Сөздү Арыкмырза алып:
– Эми мергенчилер алып келген кызды кимге ыроолойбуз, кыз экен бойго жетип калыптыр. Биздин Кылжыр атанын тукумунун бирөөнө ыйгаралы тоодон табылган пенде умай эне колдоп, ак элечектүү элге-журтка байымдуу эне, бала-чакалуу болсо болду.
Ал бир аз тыным алды да:
Александр Сергеевич Королев , Андрей Владимирович Фёдоров , Иван Всеволодович Кошкин , Иван Кошкин , Коллектив авторов , Михаил Ларионович Михайлов
Фантастика / Приключения / Исторические приключения / Славянское фэнтези / Фэнтези / Былины, эпопея / Детективы / Боевики / Сказки народов мира