Эртеси Карач атанын аялы Төрөкелдини ээрчитип алып, Солтонкелдинин үйүнө келди. Кан куда Карач атанын аялынын жакын тайлары экен. Алар туугандык жол менен жакшы аңгемелешти. Кыз дагы Төрөкелдини жактырып калды, эми калыңы үчүн Карач кудага мал айдатып, анан бара-бара алыш-бериш бүтүп, кыз узатуу иши гана калмак. Убакыт жылып, он күн өттү. Төрөкелдини күйөөлөтүп, кайнатасынын үйүнө жибермей болушту. Күйөө баланын кийминин баарын жаңылап, чакчайта кийиндирип, минген атынан өйдө жараштырып, башына чакчырылта калпак кийгизип даярдашты. Бир гана жаман жери күйөө бала өтө жоош сөдү сүйлөөнүн да жөнүн билбейт. Бирдеме десе эле кой, уй, жылкы кайтарганын эле сүйлөп туруп алат андан башка сөздүн жөнүн билбегендиги жаман болуп жатпайбы. Ата-эне ойлонуп, буга тамашөкөй күйөө жолдош тапкысы келди. Антпесе Төрөкелди кызга кайындарына эмнени сүйлөп бермек, «Сөзгө сөлтүк, кепке кемтик жагы билинип калбаса экен» деп эне байкуш кабатыр болуп турду. «Эптеп келин кылып алсам экөөн өзүм тарбиялап алаармын» деп жакшы ойго термелет. Экөө ойлонуп-ойлонуп өтуруп күйөө жолдош да тапты. Ал Талканбайдын жакындары Шакенди табышты. Шакен ары сөз билги, ары куудул, ары тамашөкөй, ары элди бириктирип сүйлөгөн элчилик жайы да бар эле. Төрөкелдиге энеси:
– Балам сага күйөө жолдош табылды.
– Ал ким экен.
– Талканбайдын кайнагасы Шакен.
– Ал мени менен барып эмне кылат. Андан көрө өзүм эле барсам эмне болот. Мен аяктан эмне иш кылам.
Ата менен эне боору эзилип күлүп калышты:
– Сен эмне кылмак элең, күйөө бала болуп созолонуп жүрөсүң.
Ата менен эне дагы күлүштү.
Ошентип эртеси күйөө жана күйөө жолдош жолго чыкты.
Алар Солтонкелдинин үйүнө кечкурун келишти. Күйөө жолдош менен күйөөнү кичинекей боз үйгө киргизишти. Кыз келиндер күйөө баланы көрөбүз деп келип жатышты. Күйөө жолдош көзүн ирмеп шыпылдап сүйлөсө жөн эле тилинен чаң чыгат. Ал эми күйөө бала кыз келиндерди карап эси ооп калгансып, улам-улам эстеп оозун ачып аңырая отурат. Ошол кыздардын арасында бир шумпай кыз бар эле:
– Жездеке, кулагыңы бери тосчу мен жездемин кулагын кызарта чойгум келет,– деди бир шумдукту баштап.
Төрөкелди эч нерседен капарсыз башындагы калпакты ары коюуп, кызга башын тосту. Баардыгы кыраан каткы күлүп калышты. Кыз жездесинин оң кулагын кармап чоё баштады. Ал кулакты катуу чоюп жиберди окшойт:
– Кокуй акырын чойгун, кулагым катуу ооруп жатат. Баардыгы кыраан каткы күлүштү. Күлбөгөн киши жок. Кыз жездесинин кулагын коё бербей дагы катуу чоё баштады.
– Ий, ооруп кетти акырын чойгун дебедим беле,-деди жезде баардыгы дагы күлүп жатышты.
Кыз кулакты чойгонду акырындатып калат, ал кезде Төрөкелди кыйкырбай токтоп калат. Кайтадан катуулатат күйө бала кыйкырып кирет.
Ошентип жезде менен шум кыз элдин көзүнчө мышык-чычкан ойношту. Шаакүл күйө баланын абалын көрүп жылдызы жерге түшө баштады. Муну билген кыраакы жеңе: – Кызыке эмнеге капалуусуң, күйөө бала кол бала экен ичинде такыр арам кири жок жаш баладай экен муну өзүңө тушташтык кылып тарбиялап ал. Күйөөң кызыл камчы болсо эмне кылат элең, жаман болмок. Анын үстүнө кудагый атамын жакын жээни экен, ал сени эч убакта кор кылбайт. Сага ошол эле керек. Келиндин акылдуу кебин угуп, Шаакүл тынчып кайра жайдарылана баштады.
Кыздар, келиндер күйө баланын сырын билип ошол түнү түн ортосунда тарашты. Эртеси болду. Эртеси үйдө эки-үч эле киши калды ага менен жеңе бээ сааганга кетти эле ошол кезде шум Шакен дагы бир жорукту ойлоп таба койду. Ал Төрөкелдиге арыдагы илинип турган көнөчөктү алдырып келип, – Кел каймак жейли, курсак ачты,– деди. Эч нерседен капары жок бала кыял Төрөкелди колу менен уучтап каймакты жеп жатты. Бир кезде Шакен –тиги бычакты алып кел,-деди да – Көнөчөктү оозун кесип жибер,-деди. – Ой, кокуй ээси урушпайбы,– деди. –Жок урушпайт, күйөө бала салт боюнча ушундай кылыш керек,– деди. Экөө кесилген көнөчөктөн каймакты аябай жешип аны чыктандын түбүнө коюуп койушту.
Жеңе бээни саап келип чыгдан жакты караса эле кесилген көнөчөк. Жердин баары каймак. Эмне балакет болду, ит кирдиби,– деп ойлоду.
Жеңе Шакенден сурады:
– Ой, күйө жолдош көнөчөктөгү каймакты жепсиңер аны кеспей эле жебейсиңерби, ошол дагы болмок беле,-деди жылмая күлүп.
– Күйөө балаңар ачка болуп көнөчөктөгү каймакты жеп жатып, көнөчөктөн колу чыкпай калганда мен араң дегенде бычак менен көнөчөктү тилип чыгардым,– дейт. Келин чочуп кетип:
– Койчу күйөө жолдош ошол дагы болмок беле.
– Чоң киши калп айтмак беле, муну жеңеке эч кимге айта көрбө күйө балаңар жөнүндө лакап тарап кетет,-дейт куудулдана.
Шум Шакен баарын жасап коюуп билмексен болуп калат.
Ошентип күйөө жолдош менен күйөө кайра өз үйүнө кетишет.
Кыз менен жигит үйлөнөт. Чоң той болот. Ал тойго көп эл катышат. Үйлөнгөндөр бактылуу өмүр өткөрөт. Кыз жоош күйөөнү өзүнө жаккандай кылып тарбиялап алат. Алар узак жыл бактылуу жашаган экен.
Александр Сергеевич Королев , Андрей Владимирович Фёдоров , Иван Всеволодович Кошкин , Иван Кошкин , Коллектив авторов , Михаил Ларионович Михайлов
Фантастика / Приключения / Исторические приключения / Славянское фэнтези / Фэнтези / Былины, эпопея / Детективы / Боевики / Сказки народов мира