– Ырас айтасың мен ошол Тагай бийдин өзүмүн менин балам экениңди аныктаган эмне белгиң бар?
Карачоро куржунун аңтарып карап, шайы чүпөрөккө өрөлгөн күмүш бычакты, жана жаңы өгөөнү алып чыгып Тагай бийге сунду.
Бий аны ары имерип бир карап, бери имерип бир карап, өңүнөн кубанычтын нуру тамчылады.
Бий эмне деп сүйлөөр экен деп карыялар анын оозун карап калды. Ал көп жылдан бери жоголгон буюмун таап алганына кубанып, күмүш бычакты суктана карап:
– Ооба балам, бул менин таштап кеткен аманат белгим болчу. Сен энеңин курсагыңда калган элең, атың Карачоро болчу жараткан эгем үмүтүмдү актады дагы бир балам алыстан аман-эсен кайтып келди,– деп өгөө менен бычакты өөп касиеттүү буюмдарды колун сунуп, карыяларга узатты.
Карыялар ыйык табылганы ары имерип бир карап, бери имерип бир карап суктана кубанып жатышты.
Бий тагдырына аябай ыраазы болуп толкундана, жоголгон нерсесин таап алагансып турду.
– Болуптур сен менин алыста калган балам экенсиң а бул балдарым ким болот?
Ошондо сууга чөгүп аман-эсен калган бала тизелеп отуруп сүйлөй баштады:
– Менин атам көр оокат кылган адам эле биздин жердин байы аны сабап, аябай ыза кылат. Кордук көргөн атам, жини келип байды өлтүрүп салат. Байдын туугандары ата- энеми, мени жип менен оор ташка байлап, өлсүн деп кирип турган терең сууга салат. Атам менен энем сууга чөгүп өлүшөт. Кудайдын барманы менен мен тирүү калдым. Берекем ата-энем жок болду, түбөлүк жоготтум. Мен Карачоронун азыгын кармап келатам. Өзүм дагы курсагым ачып, жегенге азык издеп жүрүп, Карачорого жолуктум, -деп токтоно албай ыйлап жиберди. Баланын армандуу тагдырын угуп, карыялар ойго батып, тымып калышты. Тагай бий кайрат айтып:
– Кой, балам ыйлаба, кайратыңы жоготсоң жаман болот.
Ал эми бу балам ким болот,-деп андан кийинки балага кайрылды.
Экинчи бала тизелеп отура калып, башындагы арманын айтып кирди:
– Биздин жердин эли ынтымагы жок болуп эки жааташып согушту. Менин ата-энем ошол капсалаңда өлүп жок болду. Мен кайда жашаарымды билбей селсаяк болуп тентип жүргөм. Барбаган жерим, көрбөгөн элим калбады. Жетимчиликтин айынан эмне кордукту гана көрбөдүм. Мени көргөн адамдар «баягы селсаяк» деп жанына жолотпой калды. Акыры Карачорого жолугуп ушуну менен бир келатам,– деп бышактап ыйлап жиберди.
– Кой балам анча жашыба башыңан оор окуялар өтүптүр, эмне кылабыз не болсо да тагдырдын жазганы ошол да.
– А бу балам ким болот, курсагы чедирейип турган балага кайрылды.
– Атам, энем калмак чапкынында учурап каза тапты. Аларды мен таба албай калдым. Экөөнөн тең ажырап ачка болдум, ток болдум. Катуу оорудан курсагым чедирейип чыкты. Эки-үч жылдай көрүнгөндүн эшигинде көрбөгөн кордукту көрдүм,-деп озондоп жаш төгүп турду.
Карыялар:
– Кой балам жаман жорук баштаба кайратаңды жоготпо!
– Ата-энесин жоготкон жалгыз сен эмес биз да жоготконбуз.
– Ким эле ата-энесин түбөлүк кармап жүрсүн.
Бала колу менен жашын аарчып ыйлаганын токтотту. Баланын арманын угуп беркилер да кайгырышты. Отургандар үч баланын кайгысын угуп көңүлдөрү чөгүп капага батышты. Бу жарыкчылыкта кубанычтан арман көппү деп ойлонушту.
Бий кубанычтуу:
– Алыста жүргөн балам Карачоро өз турагы ата мекени Ала Тоого аман-эсен келиптир. Ал жөн келбей өзү менен кошо бир туугандарын ээрчите келиптир. Бир балам Карачоронун азыгын көтөрүп жардам берип келиптир, бу уулумдун аты Азык болсун,– деди кубана. Ал эми экинчи балам, ата-энеси өлүп көрбөгөн кордукту көрүп турмуштун айынан тоо-талаада тентип селсаяк болуптур. Бу уулумдун аты Саяк болсун,– деди ата жылмайып. Карыялар башын ийкеңдетип кубаттап жатышты.
Тагай үчүнчү баланы көрсөтүп:
– Бу балам калмак чапкынына кабылып, ата-энесинен ажырап, оорулуу болуп курсагы чедирейип, көрбөгөн кордукту көрүптүр. Чертип койсо эле жыгылып кетчүдөй абалга келиптир. Атын « Чертике» коёлубу?
– Коёлу,-дешти аксакалдар бир өөздөн кубаттап.
Бий жарпы жазылып кубанып айтты:
– Карыялар ушул күнү мен төрт балалуу болдум, менин балдарым силердин да балдарыңар. Силердики эмес жылпы кыргыз элдики. Менин Богорстон, Койлон, Кылжыр деген уулдарым бар эле, эми аларга Карачоро, Саяк, Азык, Чертике, Черик, Коңурат келип кошулду. Жаадырап күлүп кубанганынан ыйлап жиберди. – айланайын журт жоо жакадан алып турганда кыргыздын саны арбып, бөтөн элге айбат көрсөтсө экен. Атабыз Манастын арбагы колдоп, элибиз эл журт болуп сакталса экен.
Төрдө отурган эң улуу аксакал карыя:
– Айланайын журт калкыбыздын саны арбып, түндүгүбүз бийик көтөрүлсүн! Тагай балам балдарың менен аман-эсен бол! Бул балдарыбыздын тукумдары өз жерин коргогон кыраан баатырлардан болсун! Аксакалдардын өңүнөн нур төгүлүп баардыгы бата кылышты.
– Оомийин!
– Оомийин!
– Оомийин!
– Жаратканым өзү жар болсун!
– Кыргыз элибиз аман болсун!
Тагай бий кубанганынан көп боз үй тиктирип, ак боз бээ чалдырып чоң той берген экен.
– Оомийин!
– Оомийин элибиз аман-эсен болуп, кыргыздын кыйры узарсын!
– Элибиздин саны арбысын, башка чоочун элдин алдында айбаттуу болсун!
– Касиеттүү Манас атабыздын арбагы колдосун!
Александр Сергеевич Королев , Андрей Владимирович Фёдоров , Иван Всеволодович Кошкин , Иван Кошкин , Коллектив авторов , Михаил Ларионович Михайлов
Фантастика / Приключения / Исторические приключения / Славянское фэнтези / Фэнтези / Былины, эпопея / Детективы / Боевики / Сказки народов мира