– Уулум кайда жүрдүң сени издеп барбаган жерим, сурабаган кишим калбады, санаам санга бөлүнүп капага баттым. Чоңойгондо мени кууратат экенсиң го!?
– Досторум менен ойноп алардын үйүнө түнөп калдым.
Бала кечөөгүңкү окуяны айтып энесинин көңүлүн иренжиткиси келген жок. Бирок кыраакы эне кандайдыр бир оңтойсуз иштин жайын билип турду. Ошол окуя ошол болду.
Күндөрдүн биринде түш ченде Зулайка колуна баштык кармап, базарга бараткан. Сокмо дубалдын артында кандайдыр үндөр чыкты:
– Сен кыргызсың.
– Сени атаң таштап кеткен.
– Кет тооңо кой кайтар биякта эмне жүрөсүң.
– Биз сени оюнга кошпойбуз, атаң ордодо туткунда болгон. Аны Саид хан керек болсо өлтүрүп салат. Ушуларды мага энем айтып берген.
Аял акырын дубалдан башын чыгарып караса, Карачоро бир жакта майда балдар бир тарапта болуп айтышып жаткан экен.
– Кет кыргызыңа.
– Бул жерде эмне жүрөсүң.
Майда балдар Карачорого таш ыргытты эле, ал чуркап барып, бир баланы муштаса, тиги жыгылып ыйлап калды.
– Атама айтам кет кыргызыңа, өз жериңе!
Зулайка каардана кыйкырды:
– Ай, балдар чатагыңарды токтоткула, бул эмнеңер!
– Балаң өзү тийишип жатат.
Аял ачууланып:
– Менин балама жаман сөз айтпагыла!
Балдар чогулуп алып ары чуркап кетишти.
Карачоро катуу ыза болгон окшойт өпкөсү-өпкөсүнө батпай солуктап ыйлап энесин кучактап калды. Экөө ээрчише базарга барып, эне балага ар түркүн сонун буюмдарды сатып берди. Алар көп жерди кыдырып кайра үйүнө кайтып келишти. Баланын көңүлүндө бир кара так турганын эне туйду. Ал үйүнөн мейиз жеп, анан уктап калды. Анан көптө барып ойгонуп, көңүлү дале бейтап болуп турду. Энеси да андан бетер бушайман болду. Аял ойлонду. «Бул бала ичинен тынма экен. Мени менен мамиле түзөбү же көк беттенип ойлогон оюун бербейби?»
– Карачоро эмне болду балдар менен уруштуңбу?
– Уруштум алар биригип мага каршы чыгып жатат.
– Алар менен элдеш.
– Баары бириксе да мага алдары жетпейт.
«Бул атасын тарткан өжөр неме болот го, мени бакпай атасын издеп кетеер бекен» деп санаага батты.
Зулайка:
– Балдар менен эмнеге уруштуң?
– Аларды мен сабадым, энеке айтчы менин атам кайда?
– Сенин атаң Калимжан.
– Жок ал менин бакма атам, менин атам кыргыз экен, ал эл кайда?
– Алар алыс ыраак жерде.
– Биз жете алабызбы?
– Ат минген киши бир жарым айда же андан көп учурда жетет экен. Аякта тоолор, шаркырап аккан дарыялар, суулар, көлү бар экен анда алтын балык сүзүп жүрөт имиш.
Эне жумуш менен сыртка чыгып кетип калды. Ошондон кийин бала өзүнүн ата теги жөнүндө көп нерсени энесинен сурап билип алды. Дагы бир күнү мындай окуя болду. Бала Калимжанга караштуу болуп жүрбөдү беле. Бир күнү Карачоро оюн менен алаксып жүрүп, дарбазанын эшигин ачык таштайт. Үйдөн эки кой чыгып кетип дарексиз жоголот. Үйдөн чоң чатак чыгып, каарданган Калимжан баланы «Конушуңа кет сенин атаң Тагай бий» дейт. Бала ыйлап эки күн боюу оордунан турбай жатат. Таякеси кечирим сурап жалынат бала ага да болбой коёт. Акыры Калимжан жини келип:
– Атаңа кетсең кете бер,-дейт.
Көңүлү суган Карачоро энесин кыйнап:
– Атам жөнүндө дагы айтып берчи, мен баарын билип алайын,– дейт.
Ошондо Зулайканын көңүлү чөгүңкү тартып баардык болгон окуяны кенен кылып айтып берет. Атасы таштап кеткен баягы чүпөрөктү алып чыгып:
– Уулум бобу чүпөрөктө атаң берип кеткен нерсе бар, бул күмүш бычак, анан бобул болот өгөө сен ушуларды алып атаңа сапар тарсаң болот. Бул буюмдарды атаңа көрсөтсөң ал ишенет. Энеси баласына Тагай бий айткан сапар баруучу жолду, жол азыгын баарын камдады. Калимжан таякеси «бир чети өзүм баккан бала эле, жээн эл болбойт, желке тон болбойт» деп, баардык кам чомун белендеп, аны алыс сапарга узатууга даярдады. Бала жеерде атын камчыланып, алыс сапар жолго аттанды. Эне «бул ыраак жерге кантип жетет жолдо адашып кетпесе экен» деп капа болуп турду. Анан эле бир укмуш көрүнүш болду. Андай көрүнүштү эне бала биринчи жолу көрүп жаткан эле. Анан бийик көктөн Ак калпакчан, акбоз ат минген карыя зор токулуу кара аргымакты жетелеп жерге конот. Кара аргымактын канаты бар сыяктуу эч убакта чарчоочу түрү жок өңдөнөт.
Карыя:
– Балам каякка сапар алдың?
– Атам Тагай бий эле ошону издеп сапар жолго чыктым.
– Атаң каякта ошону билесиңби?
– Билем ал алыскы Теңир Тоодо мен ошого барышым керек. Ата тегимди ким экенимди билишим керек.
– Сен ошол жакка алдагы начар атты минип качан жетесиң, бобу кара аргымакты мин мен атаңдын жана кыргыздын колдоочусумун сага жолдон көз салып жүрүп отурам. Балага төрөлгөндө бир касиеттү нерсе ыйгарыш керек эле сага эч нерсе ыйгарылбай калган ошол үчүн сага бобу кара аргымакты жаратканым ыйгарып турат. Бул кара аргымак сен төрөлгөндө сени менен кошо төрөлгөн. Же сени колдоп жүрүүчү шыбагаң ырыскың болот.
Бала атага:
– Мага жардам бергениңиз үчүн ырахмат ата,-деди.
Акбоз минген карыя көздөн кайым болуп жоголду.
Эне таң калды. Баламын ата-теги касиеттүү жерден экен. Ал каалаган жерине аман-эсен жетет окшойт. Карачоро кара аргымакты минип каргадай болуп көрүнүп калды. Кара аргымактын эки капталында канаты бар эле. Эгерде балага коркунуч келсе, бала аргымакка катуу камчы салса ал абага көтөрүлүп учуп көздөн кайым болуп жоголот.
Эне менен бала коштошуп турду:
Александр Сергеевич Королев , Андрей Владимирович Фёдоров , Иван Всеволодович Кошкин , Иван Кошкин , Коллектив авторов , Михаил Ларионович Михайлов
Фантастика / Приключения / Исторические приключения / Славянское фэнтези / Фэнтези / Былины, эпопея / Детективы / Боевики / Сказки народов мира