– Ар жылы жайында ай чыкканда кереметтүү буурул түндө ак булут арасынан ачык кызыл нур түндүктөн түшүп, ал сары чачтуу, сары өңдүү жигитке айланып, мен кудайдын буйругу менен ошону жактырып, биригип койгомун, жесир болсом эмне кылам. Балдарым көбөйүп, колу-бутум узарып, монголдордун санын арбытайын.
Анда келиндер күлүп калышкан.
– Анысы жакшы экен ак булут боору ооруп биздин элдин саны арбысын дегени го? Ошол булутка айтып кой,бизге дагы сары чачтуу бала таштап кетсин деген.
Алан Коо кайра аларды какшыктап:
– Ал эмне ургаачылардын баарына эле сары чачтуу бала таштай бермек беле, ал миңдин бирине гана калтырат. Анын балдары жана неберелери,чөбүрөлөрү келечекте касиеттүү адамдардан болот. Эл башкарган уулдардан, теңирден кийинкилерден болот.-деп оозунда сала бергендей айткан экен.
Келиндер ак булут эмес эле алтүндө эшикти аяр аттап кирип жүргөн адамды эчак эле билип алышкан.
Жаадыраган жаз күнү болчу. Алан-Коо балдарын карап алардын келечек тагдырын ойлоп турду. Беш бир тууган жумушту бат эле бүткөрүп ошондой эле алар өтө ынтымактуу бир-бирине боорукер тарткан. Кийинки үч баласынын көздөрү көк, өңү, чачы саргыч тартып турат. Акылдуу сулуу айым Алан-Коо бир нерсени ойлоп турду айыл-апада ооздору ачык жан жокпу булардын жаралган тегин айтып койсомбу деп ойлоду:
– Кимден төрөлдүңөр эле ата-тегиңер ким болот,-деп бейжай суроо берип балдардын көңүлүн кимдир бирөө иренжитип оорутпасын,-деп санаа чегип турду. Ошол үчүн алардын баарын боз үйдүн ичине чакырып, топ чыбыкты ар бирине бирден берип чыкты:
– Кана сындыргылачы,-деди.Балдар байланган топ чыбыкты бирөө дагы сындыра алган жок.
Анан акылдуу аял чыбыктарды тобунан жандырып ар бирине бирден карматып:
– Кана балдарым эми сындыргыла,-деди. Балдар чыбыктарды бат эле сындырып салышты. Анан Алан-Коо кебин айтып турду:
–Балдарым, улуу эки балам Добун мергендин уулу элеңер, калган үчөөңөр түндүктөн түшкөн улуу Теңирим сары чачтуу, көк көздүү адамды жиберген атаңар өлүп мен бойдок элем ошону менен байланышкам, анан үчөөңөрдү төрөп алгам, силер канчалык көп болсоңор, душманга алдырбайсыңар жана чыбыктардай сынбас бекем болосуңар,-деп акылдуу кебин айткан экен ошол мезгилде. Балдар дагы энесинин оюуна кошулуптур. Бул окуя ушундай болгон. Аны бул китепти жазган автор оюунан чыгарган жок. Санжыра айткан абышкалар да тарыхты изилдеген окумуштуулар да ушундай уламаны билдиришет. Жана орустун улуу жазуучусу Исай Калашников жазган « Жестокий век» деген улуу чыгармада ушул баянды айта кеткен. Бул уламаны казактын чоң жазуучусу Ильяс Эсенберлин да бышыктап жазган. Ал эми уламанын чындыгын кудай билсе бир билет, аны көрүп билген адамдардын баарысынын көзү өтүп тиги дүйнөгө узап кеткен.
Темучин же, Чынгыз хандын атасы Есугей же кыргызча айтканда Тогузбай баатыр экен.Чоң атасы Бортан баатыр үчүнчү атасы, дагы Хабул хан, андан ары Тумбинай сечен дагы Бай-Шинкар Дакшин андан ары Хайду дагы Бодончар, Бодончардан тарагандын баардыгы чачтары сары, көк көздүүлөр болушкан. Чынгыз ханда ушул белгилер сакталып калган. Андан ары Маалик же, түпкү энеси акылдуу, сулуу аял Алан-Коого барып такалат. Муну уламачылар ушундай деп айтышкан.
Чынгыз хан ошол түпкү ата бабасы тартып же байыркы кыргыздар Мааликеге окшошуп өңү, чачы,көзү жездей сары,узун бойлуу адам экен деп санжыра-уламаларда айтылат.
Темүчүндүн түпкү теги кыргызбы, бул жөнүндө улама санжыраларда ар кандай ойлор атылат. Анын түпкү уруусу кыргыз болгон алар Иртыш, Энисей, Алтай тоолорунда жашап, кийин монголдошуп кеткен кыргыз уруулары болгон дешет.
А дагы бирлери Есугей баатыр өлгөндөн кийин анын аялы Оолун беш бала төрөп, анын экөөн монголдон ал эми калган үчөөн кыргыздан тууган деп улама санжыраларда айтылат.
Улуу китепте:
Жармы төгүн жармы чын,
Жанында жаткан киши жок
Жалган менен иши жок.
Деген кыязда сонун ыр бар.
Ал эми чын окуянын кандай болгонун сабаттуу окуучум өзү сүрүп алаар.
Ал кездеги Улуу Кем( Эне Сай) дарыясынын жээгинде жашаган кыргыздардын өңү, чачы жездей сары деп санжыра, китептерде жазылган экен. Бул жалганбы же чындыкпы ким билет. Бирок улама санжыра да чындыктын үлүшү бар экенин унутпоо керек.
КЫРГЫЗДАРДЫН ТЕҢИР ТООГО КӨЧҮШҮ
Александр Сергеевич Королев , Андрей Владимирович Фёдоров , Иван Всеволодович Кошкин , Иван Кошкин , Коллектив авторов , Михаил Ларионович Михайлов
Фантастика / Приключения / Исторические приключения / Славянское фэнтези / Фэнтези / Былины, эпопея / Детективы / Боевики / Сказки народов мира